Экинчи сан

Журналдын экинчи саны

Азирети Осмон

Мазмуну

Азирети Осмон алдыңкы сахабалардын бири. Ал Пайгамбарыбыздын күйөө баласы жана Ислам мамлекетинин алгачкы халифаларынын үчүнчүсү болгон. Осмон б.з. 570-жылы Мекке шаарында төрөлгөн. Атасы Аффан, Курайш уруусунун Умаййа уругунан болгон. Азирети Осмон тирүү кезинде эле бейишке кирүүгө кепилдик алган он сахабанын бири. Аялы Рукиядан «Абдуллах» аттуу уулдуу болгон.

Осмон алгачкы мусулман болгондордун бешинчиси. Ал Меккенин бай соодагерлеринин катарына кирген.
Азирети Абу Бакир менен жакын дос болгонуна байланыштуу ал аркылуу мусулман болгон.

Ал мусулман болгондон кийин башка мусулмандар сыяктуу көптөгөн азап-кордуктарды башынан өткөргөн. Кандай гана кыйынчылык болбосун сабырдуулук менен жеңе билген. Азирети Осмон ар дайым келме келтирип, мусулмандардын ушундай азаптардан тезирээк арылууларын тилеп, Аллага дуба кылаар эле.

Алла таала Пайгамбарыбызга вахий жиберип, кызы Рукияны Азирети Осмон менен үйлөндүрүүсүн буйрук кылган. Бирок, Рукия көп узабай бул дүйнө менен кош айтышкан. Кийин Пайгамбарыбыз Азирети Осмонго экинчи кызы Умму Гүлсүмдү турмушка берген. Осмон  азирети Пайгамбарыбыздын эки кызы менен үйлөнгөндүктөн «Зиннуурайн» (эки нурдун ээси) деген атка ээ болгон. Кийин Умму Гулсум дагы кайтыш болгондо Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в.):

- Эй Осмон, эгер дагы бир кызым болгондо, аны да сага берер элем - деп айткан. Бул сөздөрдөн Осмондун эң мыкты сахабалардан экендигин байкоого болот.

Мусулмандар Медина шаарына көчкөндөн кийин азирети Осмон бир жөөттүн кудугун мусулмандардын кызматы үчүн өз акчасына сатып алган. Ошондон кийин мусулмандар сууну кенен пайдаланып калышкан. Ал кудукту сатып алуудан мурда Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) «Ким бул кудукту сатып алып, мусулмандардын кызматына берсе, ал бейиште көптөгөн жакшылыктарга ээ болот» деген сөзүн уккан.

Ал эр жүрөк, тайманбас сахабалардан болгон. Азирети Пайгамбарыбыздын убагында бутпарастар менен болгон бардык согуштарга катышкан. Ислам душмандары менен салгылашканда, болгон байлыгын мусулман аскерлеринин кызматына сарптаган. Андан калганын Ислам дининин жайылуусуна , Алла жолуна жумшаган.

Ал сөзгө бай болгондуктан Пайгамбарыбыздын катчыларынан болгон. Куранды башынан аягына чейин жатка билген. Куранга толугу менен берилип, буйруктарын так аткарууга аракет кылган.

Ислам дини жайыла баштаганда, ар тараптан мусулманчылыкты кабыл алган адамдар топ-топ болуп Пайгамбарыбыз жашаган Медина шаарына келе баштаган.  Адамдар көбөйө баштагандыктан жаңы курулган мечитке намаз окуу кыйындап, адамдар батпай калган. Муну байкаган  Азирети Пайгамбарыбыз:

- Мечитибизди бир метр болсо да кеңейткен адам, бейишке кирет - деп жар салган. Буга Азирети Осмон:

- О, Алланын элчиси! Бардык мал-мүлкүмдү Аллага жана сага багыштадым. Мечитти кеңейтүүнү өз мойнума алам – деп, бардык чыгымдарын өз мойнуна алып, мечитти 20 метрге кеңейткен. Анын ушул жакшылыгы тууралуу Алла Таала Тообо сүрөөсүнүн 18-аятында: «Алланын мечиттерин жалаң Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирген, намазды толук аткарган, зекетти тийиштүүлөргө берген жана жалгыз Алладан корккондор гана кура алышат. Дал ошолор туура жол табуучулар» деп буюрган.
Ал убагынын көпчүлүк бөлүгүн Пайгамбарыбыздын жанында өткөргөн. Пайгамбарыбыздын коштошуу ажылыгында дагы жанынан чыккан эмес. Мухаммад Пайгамбарыбыз көз жумгандан кийин азирети Абу Бакир халифалык кызматын аркалаган. Андан кийин азирети Умар  халифа болот. Азирети Умар шейит кеткенден кийин улуу көчтүн 24-жылы (б.з. 644-ж.) азирети Осмон мусулмандарга халифа болуп дайындалган.
Ал Ислам мамлекетин 12 жыл башкарып, халифалык милдетин аткарган. Анын доорунда мусулмандар ынтымакта, бейкутчулукта, биримдикте  жашашкан.
Азирети Осмондун Кудай Таала жана мусулмандар алдында жасаган эң жакшы иштеринин бири - азирети Абу Бакир топтогон Куран китептин аяттарын алты нуска китеп кылып жаздырып, өлкөнүн алыскы аймактарына жибериши болгон. Ошол себептен ага «Наширул-Куран - Куранды жайуучу» лакап ат берилген.

Азирети Пайгамбарыбыздын Осмон жөнүндө айткан сөздөрү

«Бардык пайгамбарлар өмүрүндө бир адамы менен сыймыктанат. Мен Осмон менен сыймыктанам»
«Ар бир пайгамбардын бейиште досу бар. Менин досум Осмон болот»
«Бардык периштелер мени менен сыймыктанышат. Ал эми мен Осмон бин Аффан менен сыймыктанам»
Абдулла бин Аббас сүйүктүү Пайгамбарыбыздын: «Оо, Жараткан Алла! Осмонду кыямат азаптарынан куткара көр, ага бейпилдик ыроолой көр. Анткени ал Исламдын жайылышына зор салымын кошту» - дегенин уккан.

Азирети Осмон аркылуу айтылган Пайгамбарыбыздын хадистеринен

«Силердин ичиңерден эң кайырлууңар - Куранды үйрөнгөндөр жана үйрөткөндөр»
«Кыямат күнү мынабул үч топтогу адамдар шапаат кылуу укугуна ээ болот: пайгамбарлар, аалымдар жана шейиттер»
«Куптан намазын жамаат менен окуган киши, түндүн жарымына чейин, ал эми багымдат намазын жамаат менен окуган киши түнү бою ибадат кылган болуп саналат»

Азирети Осмондун накыл сөздөрүнөн

«Ибадаттын даамын төрт нерседен таттым: Алланын буйруктарын аткаруудан, тыюуларына баш ийүүдөн, Алладан сооп үмүт кылып, адамдарды  жакшылыкка үндөөдөн, Алланын азабынан коркуп, адамдарды жамандыктан тосуудан»
Андыктан ар бир мусулман баласы үчүн бул улуу сахабанын өмүр баянын окуп эле койбостон анын жасаган иштеринен, айткан сөздөрүнөн үлгү алуу ашыкча болбойт.
Сөзүбүздү Мухаммад Пайгамбарыбыздын дубасы менен жыйынтыктамакчыбыз: «Оо, Жараткан! Осмондун өткөн-кеткен, ачык-жашыруун жасаган күнөөлөрүн кечире көр, оомийин!»

Башына