Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

  • Акыретке ишенүүнүн коомдук таасирлер
  • Өлүмдөн кийинки жашоо жана акырет тууралуу Куран менен хадисте эмнелер айтылган?
  • Азирети Мухммад Пайгамбарга(саллаллаху алейхи ва саллам) моюн сунуу жана Аны ээрчүү
  • Акылгөй жооптор
  • Кыргыз адабиятында Азирети Мухаммед(саллаллаху алейхи ва саллам)
  • Өлүм жөнүндө ой толгоо
  • Азирети Мухаммед(саллаллаху алейхи ва саллам)-улуу жолбашчы
  • Асмаул-Хусна
  • Азирети Салих (алейхиссалам)
  • Куранда астрономия
  • Акыркы дем жана акырет үчүн кам көрүү
  • Акырет жашоосун четке кагуунун психологиялык себептери
  • Абу Убайда бин Жаррах
  • Мен киммин?
  • Ой-санаа
  • Амалдар ниетке жараша бааланат
  • Курандын түшүрүлүшү жана алгачкы вахий1
  • Алишер Навойи жана анын тасаввуфтук эмгектери
  • Иштөө мүмкүнчүлүгү болп туруп кайырчылык кылуу
  • Арабызда"ХАЛАЛ"терисин жамынгандар жүрөбү?
  • Ислам дини жана азыркы медицинадагы ачылыштар
  • Көз жаш төгүп суранамын Алладан
  • Бермет эне баяны
  • Китепти окурмандар таразаласын
  • Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам)
  • Кабарлар

    Ассаламу алейкум ардактуу окурмандар!

    Баарыбыз чыдамсыздык менен күткөн жаз мезгилинин алгачкы айынын алгачкы күндөрүндө сиздер менен кайрадан жүз көрүшүп турганыбызга абдан кубанычтабыз.

    Ак Башат маалымат булагы бул санда «АКЫРЕТ» темасын кеңири талкууга алды. Өзүңүздөргө маалым болгондой бул сандан акыретке ишенгендер «эмне баар табат, ишенбегендер эмне жоготот» деген сыяктуу жүрөктү өйүп жүргөн суроолорго жооп аласыздар.

    Бул сандагы экинчи бир маанилүү маселе катары алдыбыздагы «куттуу жумалык» аземине карата Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын бейнесин чагылдырган макалаларга, адабий чыгармалардан келтирилген үзүндүлөргө орун бердик. Анткени биз бул макалар аркылуу Азирети Пайгамбарыбызды кантип ээрчүү керектигин, канткенде ага татыктуу үммөт болуп, канткенде анык мусулман боло алаарыбызды үйрөнөбүз, Кудай буйруса.

    Ушу аталган күн тартибиндеги эки маанилүү маселелерден башка дагы купулуңуздарга толо турган көптөгөн макалаларды жана Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри Султан Акимович Раев менен болгон кызыктуу төр маекти окуй аласыздар.

    Макалалардагы козголгон темалар сизди ынандырып, жүрөгүңүздөн түнөк табаар деген үмүт менен келээрки сандан жолугушканча Алла Таалам баарыңыздарга бекем ден-соолук, бакубат турмуш жана саламатчылык ыроолосун демекчибиз!

    Башына