Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Пайгамбарлар таржымалы

Самуд коомуна пайгамбар болуп жөнөтүлгөн
Салих (алейхиссалам) Азирети Адам Атанын
он тогузунчу муундагы небереси болуп эсептелет.

Самуд кому

Самуд коомуна берилген энчилүү ат Нух пайгамбардын уулу Самдын тукумунан чыккан Самудка таандык. Самуд жана анын жакындары Сирия менен Арап Жарым аралынын ортолугундагы Хижр чөлкөмүн байырлаган. Андан соң журт которуп, Ад коому жашаган аймакка отурукташып калышат. Самуддан тарагандар көбөйүп, бир уруу болот. Акырындык менен өзүнчө коомго айланат. Айрым тарыхчылар бул коомду “Ад-ы саний” (экинчи Ад коому) деп коюшат.

Ошентип, Жараткан Алла Таала Ад коомуна берген мүмкүнчүлүктөрдү, нематтарды Самуд коомуна да ыроолоду. Тилекке каршы, булар убакыт өткөн сайын кайдыгерликке батып, Ад коомунун кейиштүү кесепетинен сабак ала алышпады. Улуу Кудуретти унутуп менменсинүү күч алгандыктан:

– Алар (Ад коому) пайдубалын бекем түптөбөстөн үйлөрүн кумдун үстүнө куруп алышкан. Ошон үчүн алар жерге кирип кетишти. А биз болсо таштын, асканын үстүнө үй куруп алдык, кандай гана добул келбесин эч бир зыянга учурабайбыз дешти.

Самуд коомунун адамдары да алп денелүү, олбурлуу эле. Өздөрүнө таандык өнүккөн маданияты да бар боло турган. Тоо-таштарды оюп, үй-сарай куруу алардын өнүккөн чеберчилиги деп саналчу. Чоң-чоң аска тоолорду оюп же жонуп андан ар кандай үлгүдөгү нерслерди жасашчу. Таш аттуунун баары усталардын чебер колдорунан түркүн калыпка салынар эле.

Бул коомду Жанда аттуу адам башкарып турган. Самуд коому кеңешип, эч бир коомчулукта кездешпеген өзгөчө идолду жасоону Жандадан өтүнүштү. Элбашы бул пикирди ойлонбой туруп жандили менен кубаттап жиберди. Ушуну эле күтүп турган усталар тоого чыгып чон асканы жонуп киришти. Усталардын чебер колунан чоң аска көкүрөгү буканыкындай, буту жылкыныкындай, көзү бар, алтын, күмүш жалатылган калдайган алп бут (идол) болуп чыга келди. Анын бардык жерин асыл таш, жакут жана каухар менен кооздоп, шөкөттөгөн соң ага табына башташты.

Ушул окуядан кийин Самуд коомчулугу атайын буткана ачып коюшту. Вадд, Жадд, Хад, Шамс, Манаф, Манат жана Лат ысымдуу буттарды аземдеп жасашып, табынууну салтка айландырып алышты. Ошентип, Самуд коому адамзат тарыхында алгачкы буткананы тарых сахнасына алып чыкты.

Салих (алейхиссалам) өз коому менен чогуу жашап, соода-сатык менен алектенип, кол өнөрчүлүгү менен турмушун өткөрчү. Анын чынчылдыгына, адилеттүүлүгүнө, жакшылыктарына жана мыкты жөндөмүнө жаамы калк суктанып, аны барктап, урмат-сый көрсөтүшчү. Келечекте андан көп нерсени үмүт кылып, жадагалса аны өздөрүнө башчы кылып алууну да самашчу. Бирок Алла Таала Азирети Салихке пайгамбарлыкты берди.

Чакырыкты баштоо

Салих (алейхиссалам) кырк жашка чыкканда Жабраил периште ага пайгамбарлык вазийпаны алып келди. Ал бутпарасташып кеткен коомдун тавхид ишенимин кабылдабай коюшунан күмөнсүнүп, арсар абалда турду. Жабраил периште аны улуу максатка шыктандырып, кайрат берип артка кайтты.

Үгүт-насаат кылуу менен милдеттендирилген Салих (алейхиссалам) оболу эл башчысы Жандага барып, аны Алланын динине чакырды. Бул чакырыкты Жанда абдан берилүү менен угуп, ынанган түрдө өктөм сүйлөп:

–Мен муну элиме айтып көрөйүн. Кокус кабыл кылышпаса, анда чогуу чараан айтып көрөлү – деди.

Ал коомчулукту сарайына топтоп, Салихтин пайгамбарлык менен милдеттендирилгенин жана ал алып келген тавхид ишенимин түшүндүрдү. Акыйкаттан кыйла алыстан кеткен коом пайгамбар болгон адамдын өзүнөн угууну талап кылышты. Салих пайгамбар бул кабарды алаары менен коомдун алдына өзү чыгып тавхид акыйдасын түшүндүрө баштады. Бул жагдай Куран-и Каримде мындайча баяндалат:

«Самуд элине өз тууганы Салихти (пайгамбар) кылып жибердик. (Ал:) “Оо, Эл-журт! Аллага гана сыйынгыла. Силердин Андан башка эч бир Кудайыңар жок. Ал силерди топурактан жаратып, анда өмүр сүргүздү. Эми Андан кечирим сурагыла. Ага тообо кылгыла. Чындыгында, Эгем (бизге) жакын. Ал тилектерди кабыл кылуучу” – деди» (Худ сүрөсү, 61-аят).

“Самуд эли да элчилерди жалганга чыгарышкан. Ошондо алардын тууганы Салих мындай деди: (Алла Тааланын каарынан) коркпойсуңарбы? Чындыгында, мен силерге жиберилген ишенимдүү элчимин. Эми Алладан коркуп, мени ээрчгиле. Ал үчүн мен силерден акы сурабаймын. Менин акым – ааламдардын Эгесине таандык!» (Шуара сүрөсү, 141, 145).

«Алар: “Эй, Салих! Сен мындан мурда үмүткө татыктуу адам элең. Эми ата-бабаларыбыз сыйынган нерсеге сыйынууга тыю салгың барбы? Ырасында, сенин чакырыгыңа күмөн менен карайбыз жана такыр ишенбейбиз!” – дешти.» (Худ, 62).

«(Салих:)“Элим, айткылачы, эгер мен Эгем тараптан ачык далилдүү болсом, Ал Өзү тараптан мага ырайым кылган болсо, анан мен Ага карыш чыксам, анда мени Алладан ким коргоп кала алат? Андай болгондо силер мага адашуудан башка эч нерсе алып келе албайсыңар!” – деди» (Худ, 63).

“Салих айтты: - Жакшылык турса да, эмне мынча эле жамындыкка качып жатасыңар? Эч болбосо Алладан кечирим тиленсеңер болбойбу?! Силерге, балким, ырайым кылынар...” (Намл сүрөсү, 46-аят).

Кашкайган акыйкатты аңдагысы келбеген коом Салих пайгамбарга жин даарып кеткен жалганчы деп кине коюшту: «Эч шек-күмөнсүз, сен сыйкыр даарыган, акылдан азган кишилерденсиң! дешти.” (Шуара сүрөсү, 153-аят).

Андан кийин өз араларында: “Өзүбүздүн эле арабыздагы карапайым бир адамга моюн сунабызбы?! Андай болгон чакта жеткен наадандардан болбойбузбу?! Арабыздан болгону ошого эскертме-вахий берилиптирби?! Жок! Ал чектен ашкан жалганчы..! ” деп күбүрөп, шыпшынып калышты. (Камар сүрөсү, 24-25-аяттар.)

Самуд коомунун наадандык кинесине каардуу айбаты менен Алла Таала минтип жооп берди: “Эртең алар (акыретте) ким чектен ашкан жалганчы экенин билишет!” (Камар сүрөсү, 26-аят). “...жакында алар бушайман гана болушат!..” (Муминун сүрөсү, 40-аят).

Алардын ушунчалык кошкөңүл мамилесине жана келекелеп кытмыр күлгөнүнө карабастан пайгамбар Салих вазийпасын уланта берди:

«Эй, коомум! Мына ушул бак-дарактар, кашкайган булактардын жана эгиндер менен шагы ийилген курма дарактарынын ичинде түбөлүк кала беребиз деп ойлоп жатасыңарбы?» (Шуара сүрөсү, 146-148-аяттар).

«Ад коомунан кийин силерди халифа кылып койгонун жана жер жүзүнө жайгаштырганын эстегиле! Силер анда тегиз жерлерге сарайларды куруп, тоолорду оюп үйлөрдү жасап жатасыңар. Алланын мына ошол нематтарын эстегиле. Жер жүзүндө бузукулук жасап, башаламандык кылбагыла.» (Араф сүрөсү, 74-аят).

«Алладан корккула жана мага моюн сунгула! Анан да жер жүзүндө башаламандык кылып, бейпилдик жана ынтымакты ыдыраткан ээнбаштардын айткандарына кирип кетпегиле!» (Шуара сүрөсү, 150-151-аяттар).

Акырында алар: «–Сен да биз сыяктуу адамсың! Ошондой эле чынчылдардан болсоң, бизге мужиза (адаттан тышкары окуя) көрсөт!..» дешти. (Шуарасүрөсү, 154-аят).

Уландысы кийинки санда

Башына