Он тогузунчу сан

Мазмуну
«Ар-Раззаак» ысмы «жаамы жандуу-жансыздын ырыскыларын камсыз кылуучу» деген маанини түшүндүрөт. Эзелтеден бери ар бир жандыктын зарыл ырыскы-азыгын жаратып, ага ашыгы менен ыроологон зат – бул Алла Таала.
Бул багытта Куранда төмөнкүчө буюрулат:
«Аныгында Алла – ырыскы Берүүчү жана Ал – күч-кубаттын Ээси» (Зарият сүрөсү, 58). Бул ысым Куранда «ар-Раззаак» деген аталыш менен бир жерде, т.а. жогорку аятта, ал эми ушул эле сыпат менен маанилеш «Хойрур-Раазикиин» (Ырыскы берүүчүлөрдүн эң мыктысы) деген таризде алты жерде өтөт.
Бизге жанды да, денени да Алла Таала берген. Денебиз топурактан жаралгандыктан азык-ырыскыбыз да топурактан алынат. Нан табуу үчүн дан эгүү керек. От жагуу үчүн ширенке керек. Отуруп албай дайыма кыймылдашыбыз, аракет кылуубуз керек. Алла Таала «ар-Раззаак» сыпаты менен топурактан дан эгин чыгарып, сан түркүн жашылча-жемиштерди ыроолойт. Адамзат миңдеген жылдар бою топуракты алтынга айлантуу үчүн «симия» илими менен алек болушту, бирок ийгиликке жете алышпады. Ырасында Алла Таала пайдалуу нерселерди бизге пайдасы тийе турганчалык өлчөмдө гана жараткан. Дене топурактан жаралгандыктан анын азыгы да топурактан келет жана жан чыккан соң ал топуракка кайтат. Ал эми жан Улуу Алладан келгендиктен анын азыгы да Алладан келет. Пайгамбарлар жана алар алып келген китептер, б.а. Жараткандын мыйзам-эрежелери адам баласынын жан азыгы болуп эсептелет. Дене жасалма эмес, табигый азыктарды талап кылгандай эле, жан дагы жасалма түшүнүктөрдү эмес, Жараткан Алла Таала тарабынан билдирилген кабарларды, мыйзам-эрежелерди талап кылат. Нанды көкүрөгүбүзгө койуп алсак, курсагыбыз тойбойт. Ошонун сыңарындай эле, Куранды башыбызга койсок, рухубуз да тойбойт. Ага жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн орун берип, аны менен жуурулуша жашаганыбызда гана рухубуз ирденет, жанданат.