Он тогузунчу сан

Мазмуну
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз жүрүм-туруму, баскан-турганы, турган турпаты, сүйлөгөн ар бир сөзү менен жалпы адамзат коомчулугу үчүн жападан жалгыз теңдешсиз үлгүлүү инсан. Ар бир иште жүрүм-туруму, кичи пейилдүүлүгү, ыйбалуулугу, алтургай сүкүт чалышы дагы таалим-тарбиялык мүнөздө болгон азирети Пайгамбарыбыз бизге эң мыкты үлгү. Таалим-тарбияда жаамы мусулмандарга жандуу мисал болуп бере алган Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) биз үчүн өзүнчө чалкып жаткан мухит, океан.
Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз өмүрүнүн ар бир өңүрүндө түшүндүргүсү келген жагдайды эң жогорку, эң жугумдуу, эң жатык таризде сөз менен да, жүрүм-туруму менен да түшүндүрө алган. Бүтүндөй инсаният үчүн теңдешсиз үлгүлүү инсан болгон Пайгамбарыбыздын өрнөктүү өчпөс өмүр кенчине назар салганыбызда, анын таалим-тарбиялык мүнөздө колдонгон усул-ыкмалары менен да жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүн ала алабыз.
Ырас, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) бул дүйнөдө адам баласынын «адам» атка татыктуу өмүр кечириши үчүн эң жогорку деңгээлдеги өзгөчө таалим-тарбиялык система түптөп, адам баласынын жандүйнөсүн, өмүр-жашоосун ажарын ачып, көркүнө чыгарууну көздөгөн. Ошондуктан Алла Таала бизге Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) өмүр кенчи менен жуурулуша жашообузду буюрган. Анын өмүрү биз мусулмандар үчүн көөнөрбөс кенч!
Андыктан биз бул макалабыз менен ошол чалкып жаткан мухиттен жарым тамчы болсо да, сиздер менен тең бөлүшүүнү эп көрдүк. Анын таалим-тарбиялык усул-ыкмаларынын, т.а., ошол «мухиттин жарым тамчысына» карек оодарсак, төмөнкү жагдайларга кез келебиз:
1. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сөзү менен өзү, өзү менен сөзү айкалыша жашаган. Ал кутман сахабаларына эмнени насаат кылса, дал ошол сөздөр анын өмүр булагынан агып өткөн. Ал (саллаллаху алейхи васаллам) өзү жасабаган иштерди сахабаларына сунуш кылган эмес. Бул педагогика илиминде өтө зор мааниге ээ. Пайгамбарыбыз буга өзгөчө олуттуу мамиле жасаган. Маселен, азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) колунда болгон чакта кедей-кембагалдарга дайыма кайыр-садага берип жүргөндүктөн, сахабаларын да кайыр-садага берүүгө чакырган.
2. Пайгамбарыбыз Ислам дининин буйрук-жарлыктарын акырындык менен, өз орду, өз ыгы менен жеткирген. Ал жолбашчы катары Ислам динин элге жеткирүүдө эң жогорку деңгээлдеги усул-ыкмаларды колдонгон. Ар бир маселени өз учуру келгенде өз ыгы менен чечмелеп, ийне-жибине чейин жетик түшүндүрө алган. Мисалы, арак маселесинде аракка көнүп калган адамдарды дароо эле таштоого буйрубай, алгач анын зыяндуу болгондугун маалымдаган. Андан кийин «мас абалда намазга жакындабагыла!» деген аятка амал кылууга чакырган. Ошентип адамдар аракты таштоого даяр болуп калган кезде ага толук кандуу түрдө тыйуу салган.
3. Салыштыруу жана эл арасында колдонулган мисалдарды колдонуу ыкмасы. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) таалим-тарбиялык усул катары эл арасында көп колдонулган өрнөк-мисалдарды көп колдонгон. Мунун табигый себеби – бул элге айта турган кебин толук кандуу түрдө жеткирүү болгон.
4. Элге жылуу жумшак мамиле жасоо ыкмасы. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) ар качан жылуу мамилеси менен үлгү болуп, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Күндөрдүн биринде жашы бир топко барып калган эне Пайгамбарыбызга келип: «Эй, Алланын Элчиси! Бейишке кирүүм үчүн мага Алла Тааладан дуба кыл» дейт. Пайгамбарыбыз ууртунан жылмайып: «Бейишке улгайган адамдар кире албайт» деп жооп берет. Жооптун төркүнүн түшүнө албаган эне эч нерсе дей албай апкаарып, жашып кетет. Анда азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кептин төркүнүн төмөнкүчө түшүндүрөт: «-Улгайган адамдар бейишке картаң абалдарында эмес, кырчын жаш курактагы абалында кирет. Алла Таала Куранда: «Биз аларды (бейишке кирген аялдарды) дептерлери оң тараптан берилгендер үчүн жаңыдан жараттык. Аларды жубайларын жандили менен сүйгөн жана кыз абалында калтырдык» (Вакиа сүрөсү, 35-38-аяттар) деген».
5. Акыл-насаат айтуу ыкмасы. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзү сөз билги акыл-насаатчы болгон. Анын бул өзгөчөлүгү да педагогика илиминде өзгөчө маанилүү орунду ээлейт. Азирети Пайгамбарыбыз сөздү жеткиликтүү, кыска жана нуска сүйлөөр эле. Ошондуктан сахабалар анын айткан сөздөрүн оңой жаттап, эсине оңой түйүп алышкан.
6. Пайгамбарыбыз аялдарга да таалим бере турган. Аялдарга тиешелүү айрым бир өзгөчө абалдары жөнүндө жубайы азирети Аишага маалымат берген. Азирети Аиша болсо, укканын мусулман аялдарга жеткизген.
7. Акыркы Пайгамбар Ислам динин элге жеткирүүдө жазуу ыкмасын да колдонгон. Мисалы, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Жараткан Алладан келген вахий-кабарларды кутман сахабаларына жаздырып турган. Буга дагы бир мисал: Күндөрдүн биринде мединалык мусулмандардан бир адам Пайгамбарыбызга келип, дилмаектерде көп эле хадис угуп, андан ырахат алып, бирок аны эсине түйө албай жүргөндүгүн айтат. Анда Пайгамбарыбыз жазууга ишарат жасап: «Оң колуңдан жардам сура!» деген экен.