Он тогузунчу сан

Мазмуну
Өлүм кээ бир адамдардын көз карашында, жашоонун акыры болсо, кээ биринин көз карашында, башталышы. Өлүмсүздүк, түбөлүктүүлүк Жараткан Аллага гана таандык. Ал эми бул дүйнөдө көз жумуу, утурумдук жашоо болсо жандуу-жансыздарга, анын ичинде адамдарга тиешелүү. Негизинен көп адамдар өлүм жөнүндө эстегиси да, сүйлөгүсү да келбейт. Алтургай кээ бир адамдар өлүм жарды-жакырларга, сакал-чачына ак түшкөн картаң адамдарга же оор илдетке чалдыккан адамдарга гана келээрин ойлошот. Негедир ден-соолугу чың, алты саны аман-соо, бардар адамдар көпчүлүк учурда өлүм жөнүндө ойлонушпайт. Өздөрүн өлүмдөн өтө эле алыс көрүшөт. Бирок бир күнү убакты-сааты келсе, жаш-кары дебей кете берээрин билсе да, ага кайдыгер мамиле жасап келишет.
Ырасында бул дүйнөдө өлүмдөн кача турган жер да, көрдөн кайра бул дүйнөгө кайта турган мүмкүнчүлүк да, кыяматтын айбардуулугунан баш калкалай турган түнөк да жок.
Адам баласы жашоонун өйдө-ылдыйында жашоо кубанычы менен өлүм коркунучунун ортосунда чайпалганы чайпалган. Ырас, жашоонун, өлүмдүн акыйкат маанилерин аңдабай туруп адамдын бул дүйнөгө келгендеги сыр-максатын толук түшүнүү мүмкүн эмес. Ар адамдын башына келе турган өлүм менен акыл-эси соо ар бир адам жакындан таанышуусу керек.
Мүлк сүрөсүнүн экинчи аятында:
«(Алла Таала) өмүр менен өлүмдү силердин кимиңер (көп) жакшы иш-амалдарды жасаарыңарды сыноо үчүн жараткан» деп буюрулат.
Ал эми Анбия сүрөсүнүн 35-аятында:
«Ар бир жандуу өлүмдүн даамын татат. Биз силерди жакшылык менен да, жамандык менен да сынайбыз. Силер Бизге гана кайтарыласыңар» делет.
Бул дүйнө - Жараткан Алланын сынак өткөрчү жайы, ал эми өлүм – бул акыретке ачылган каалга.
Жүрөк напсинин азгырыктарынан баш тартуу менен тирилет, жанданат. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):
«Бардык (терс) арзуу-каалоолорду түп тамыры менен омкоргон өлүм жөнүндө көп ойлогула!» (Тирмизий, Кыямат, 26) дейт.
Өлүм жөнүндө ой толгоо – бул көз жумганга чейин өлүмдү эстөө. Өлүмдү эстөө аркылуу напсинин азгырыктарынан алыстап, Жараткандын алдына жарык жүз менен барууга олуттуу түрдө даярдык көрүү. Бул ыйманга таянган аң-сезим.
Адам баласынын түгөнбөс терс арзуу-каалоолору, убактылуу үмүттөрү, адал жолдо жүрбөгөнүн билсе да, өзүн-өзү ар түрдүү шылтоолор менен жооткотуп-сооротуулары - булар көр топурагы менен көздөн кайым болбос оор азаптын мисалдары гана!
Мүрзөлөр өмүрлөрүн өтөсүнө чыгарган чоң ата, чоң энелерибиз, айрымдарыбыздын ата-энелери, бала-бакырасы, жакын туугандарыбыз, досторубуз жаткан жер. Бул дүйнөдө кансарайда жашасак да, малсарайда жашасак да акыр-аягы көргө кирээрибиз бышык. Өлүмдөн качып кутула турган убакыт да, баш калкалай турган жер да жок.
Куран аяттарынын биринде:
«Силер кутулуу үчүн качып жүргөн өлүм силерди (бир күнү болбосо, бир күнү ажалыңар келээр замат) сөзсүз түрдө кармайт. Андан соң силер жашыруунду да, ачыкты да Билүүчү (Алла Таалага) кайра кайтарыласыңар. Ошондо Ал силерге ар бир кылган ишиңерди кабарлайт» (Жума сүрөсү, 8-аят) деп буюрулат.
Үнсүз-кыймылсыз турган ар бир эстелик турган турпаты менен адам баласына үн салып, акыл-насаатын айткан акыреттин кабарчысы сыяктуу. Өлүмдүн оорлугун сөз менен түшүндүрүү эч мүмкүн эмес! Мүрзөлөрдүн шаар ичинде, жол боюнда жана айрым мечиттердин короосунда орун алышы ар бир адам үчүн өлүмдүн жандуу мисалы болуп, жашоолорун ошого жараша тартипке келтиришине эң сонун өбөлгө түзөт.
Бул дүйнө утурумдук сынак жайы болсо, акырет түбөлүк жашоо. Көпчүлүк учурда адам баласы бул дүйнөнүн миң бир түрлүү кубулуп туруучу азгырыгынан чыгалбай келет. Ар качан ушундай азгырыктардын коштоосунда каалгып жүргөн бул дүйнө жалган болбой эмине дейсиз?! Куранда мындай делет:
«Бул дүйнөдөгү жашоо ойун-күлкү гана, а акырет - чыныгы жашоо! Аттигиниң-ай, алар ушуну жакшы түшүнүшкөндө кана!...» (Анкабут сүрөсү, 64-аят)
Утурумдук бул дүйнөдө акка кара көө жапкан азгырыктын капканына түшүп калуу коркунучу жан кокого келгенге чейин жандуулугун сактайт. Акырет жашоосуна карата кайдыгер мамиле жасоо менен өмүр кечирүү – бул напсинин араанын ачкан дүйнөлүк «ойунчуктар» менен алпурушуу, түбөлүк бактысына өз колу менен балта чабуу, дегенди түшүндүрөт.
Өлүм - адамдын жеке кыяматы. Андыктан кыяматыбызга чейин ойгонолу, ойлонолу, түбөлүк касырет тартпайлы десек... Себеби ар бир адам белгисиз бир учурда, белгисиз бир жерде Азраил1 периште менен жолугаары бышык. Ошондуктан адам баласы убактысын текке кетирбей «Аллага жүгүргүлө!...» (Зарият сүрөсүн 50-аят) деген буйрукка баш ийип, Жараткан Алла Тааланын чексиз ыраакымына баш калкалаганы дурус.
Кандай гана өкүнүчтүү!... бир канча күнгө конок болуп келген бул дүйнөдө адам баласынын өзүн-өзү алдаганы... Күн сайын маркумдарды түбөлүк сапарга узатса да, өлүмдү өзүнөн алыс сезегени... Ал эми чындыгында адам рухуна дене кийими кийгизилип, бир эшиктен дүйнөгө киргизилген соң түбөлүктүн жолоочусуна айланат. Ал ошол жолдун даярдыгы көрүлө турган жерге киргенине карабастан көпчүлүк учурда акыйкаттан кайдыгер жашайт. Бир күнү рух денеден чыгарылат да, акыреттин каалгасына кадам таштап, «көр» деген дагы бир даңгыр жолго түшөт.
Бул дүйнөнүн көзгө басар өзгөчөлүгү – бул оопасыздык. Бергенин кайра тез алат. Бир күнү көккө чыгарса, эртеси жердин кургуйуна житирет. Ал көлөкө сыяктуу. Аны кармагың келсе, дайыма качат, жете албайсың. Сен качсаң да, артыңдан калбайт. Анын артынан сая кууп, ал жердеги түркүн түстүү «оюнчуктарды» бүгүн-эртең алам деп жүргөн кезде Азраилге кез келгениңди сезбей каласың.
Сахабалардан бири Пайгамбарыбыздан (саллаллаху алейхи васаллам):
– Эй, Алланын Элчиси! Эң акылдуу мусулман ким? – деп сурайт.
Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам):
- Өлүм жөнүндө көп ойлоп, өлүмдөн кийинки жашоосу үчүн эң көп кам көргөн адам. Мына ошолор чыныгы акылдуулар... (Ибн Маажа, Зухд, 31) деп жооп берет.
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз дагы бир хадисинде:
«Өлүм жөнүндө жана көз жумгандан кийин дененин, сөөктөрдүн чиригени жөнүндө да (көп) ойлогула! Акырет жашоосун эңсеген адам утурумдук дүйнөнүн сулуулугунан (түркүн түстүү азгырыктарынан) баш тартат» (Тирмизий, Кыямат, 24) деген.
Фудайл бин Ийаз:
«Адам баласына насаат катары өлүмдүн өзү жетиштүү!» дейт.
Абдуллах бин Умар (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт:
«Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мени колумдан кармап:
«Бул дүйнөдө чоочундай, алтургай, жолоочу адамдай жүр! Өзүңдү көз жумгандардын, мүрзөдөгүлөрдүн катарынан деп бил!» деди».
Жашоонун акыркы көшөгөсү болгон өлүм ар кимдин өз акыбетин көрсөтө турган өзүнчө күзгүнүн сыңары. Ким напсинин үстөмдүгүндө, бул дүйнөнү гана максат кылып жашаса, көр ал адам үчүн караңгы үңкүргө айланат. Ал эми ким напсинин тоскоолдуктарын ашып, өлүм жөнүндө ой толгоонун натыйжасында жандүйнөсүн көкүрөгүндө катылуу асыл касиеттери менен ажарын ачып адал жолдо сапарын уласа, өлүм жанга жагымдуу келип, Жараткан Алланын алдына жарык маанай менен барууга мүмкүнчүлүк алат. Көпчүлүк учурда адамдарга айбардуулугу менен белгилүү болгон өлүм мындай адам үчүн өзүнчө чексиз бакыт. Ал эми Жараткандын алдына жарык жүз менен баруу үчүн напсинин түркүн түстүү азгырыктарын артка таштап, ыйык Куран жана сүннөт менен жуурулуша жашоо аркылуу руханий жактан баралыбызга келишибиз керек.
Өлүм – түбөлүк акырет жашоосунун башталышы. Андыктан түбөлүк сапарга чыкканга чейин анын камын көрүү кажет. Жүрөктү «марифатуллах» (Жаратканды жандил менен таанып, Анын буйрук-жарлыктары менен жуурулуша жашоо) аркылуу көркүнө чыгарып, түбөлүккө даярдык көрүү зарыл. Ошондо гана напсинин үстөмдүгүн кулатып, анын ордуна Жаратканга бапестелген эң жогорку аруу сүйүүнү орноткон болобуз.
1Азраил – адамдын жанын алуучу периште.