Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Бабалардын дилинен

Кыргыз элинин жашоосунда азирети Мухаммед Пайгамбарыбыздын өзгөчө орду бар. Анын жашоосуна байланышкан жөрөлгөлөр, макал – ылакаптар элдин арасында кеңири жашап келет. Кыргыз элинин маданиятынын эң негизги бир бутагы болгон Манас эпосунда да Азирети Пайгамбарыбыз түрдүү себептерге байланыштуу эскерилет. Ошондой акындарыбыз жана төкмө акындарыбыз өздөрүнүн ырларында Азирети Пайгамбарыбызга кеңири орун беришкен. Мисалга ала турган болсок, Тоголок Молдо, Молдо Нияз, Калыгул, Молдо Кылыч, Жеңижок сыяктуу акындар өздөрүнүн ырлары менен Азирети Пайгамбарыбызды даңазалап элге кеңири таанытканга аракет кылышкан. Алар Пайгамбарыбыздын жашоосундагы ар кандай окуяларды ыр түрүндө элге жеткиришкен. Мындай ырларга төмөндөгүдөй мисалдарды келтире алабыз:

Жеңижоктун Эсенаман менен болгон айтышында, Жеңижок Эсенаманга

Пайгамбарыбызды мындайча таанытат:

Атаң каапыр, өзүң Нур,
Туулупсуң Мухаммед,
Бу дүйнөгө үммөт деп,
Бурулупсуң Мухаммед,
Алтын көкүл Бурак ат,
Минип Барган Мухаммед,
Алты кабат асманга,
Чыгып барган Мухаммед,
Сыдыратул Мунтаха,
Жолун көргөн Мухаммед,
Үммөтүнөн башкасын,
Самабаган Мухаммед…

*

Нурмолдонун «Наадан аял менен Пайгамбар» аттуу ырында:

… Дагы бир күн Мухаммед,
Көчөдөн өтүп баратыр,
Куйбады кемпир жугунду,
Пайгамбар болду кабатыр -деген саптар кездешет.

*

Акын Токтогазы Молдонун «Пайгамбарлар баяны» деген чыгармасында:

… Пайгамбар ак Мустафа авал Мурсал,
Мурсалиин Хабибуллах түштү ыйлап,
Үммөтүм - үммөтүм деп көзүн ачты,
Периштелер тамаша кыла келди,

*

Ал эми Тоголок Молдонун Шаа Маширап олуя боюнча жазган эмгегинде Маширап олуя Гүлгаакыны Ислам динине чакырып ага Мухаммед Пайгамбарыбыз жөнүндө айтып турган жери:

Ла илаха иллаллах,
Билбейсинби Гүлгаакы,
Мухаммеддин динине,
Кирбейсинби Гүлгаакы,
Жараткандын элчиси,
Пайгамбар бар Гүлгаакы,
Пайгамбардын жанында,
Чааряры бар Гүлгаакы,
Хаузу Кавсар суусунан,
Жутпайсынбы Гүлгаакы,
Ак Пайгамбар колунан,
Тутпайсынбы Гүлгаакы,
Мухаммеддин динине,
Кирбейсинби Гүлгаакы…

*

Тоголок Молдо сыяктуу башка акын жазуучулар да өз эмгектеринде Азирети Пайгамбарыбыз тууралуу элге көптөгөн маалыматтарды жеткире алышкан.

Бүтүндөй инсаниятка жол башчы катары жиберилген Алла Тааланын акыркы элчиси Мухаммед Пайгамбарыбызды мусулман элдери өздөрүнүн маданиятына жана каада-салтына ылайык даңазалап келишет. Анткени ал адам баласы үчүн кыяматка чейин өчпөс Нур сыяктуу.

Башына