Он тогузунчу сан

Мазмуну
Азирети Мухаммад Пайгамбарга (саллаллаху алейхи ва саллам) ыйман келтирүү парз жана ыймандын башкы шартынын бири болуп эсептелинет. Мына ошондуктан ар бир момун-мусулман Мухаммад Пайгамбардын (саллаллаху алейхи ва саллам) Алла Таала тарабынан жиберилген пайгамбар экендигине күбөлүк берүүсү, анын алып келгендерин, айткан сөздөрү менен аткарган амалдарын кабыл кылуусу жана аны өз жашоосунун бардык тармагында үлгү тутуусу керек.
Азирети Пайгамбарга (саллаллаху алейхи ва саллам) тил менен гана ыйман келтирбестен, аны сүйүү керек. Анткени, Мухаммад Пайгамбарды (саллаллаху алейхи ва саллам) сүйүү – ар бир мусулман үчүн эң зарыл болгон таат-ибадат болуп саналат. Себеби, сүйүктүү Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) өзү куттуу хадистеринин биринде: «Силерден кимиңер мени ата-энесинен, перзентинен (үй-бүлөсүнөн, мал-мүлкүнөн) жана бардык адамдардан артык сүймөйүнчө толук ыйман келтирген болбойт» (Бухарий, Ыйман, 8; Муслим, Ыйман, 16 (69-70)) – деп айткан. Андыктан мындай сүйүүгө ээ болбогон адам толук ыймандуу момун (мумин) боло албайт.
Кезеги келгенде баса белгилей кете турган нерсе, Аллага болгон сүйүүдөн кийинки сүйүүгө ылайыктуу адам Азирети Мухаммад Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) болуп эсептелет. Себеби, Улуу Алла Таала Куранда мындай дейт:
«(Эй, сүйүктүү элчим!) Айткын: Эгерде Алланы сүйсөңөр, (анда) мени (Анын элчиси Мухаммадды) ээрчигиле! Ошондо Алла (да) силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Алла (күнөөлөрдү) Кечирүүчү, Мээримдүү» (Али Имран сүрөсү, 3/31).
Мына ошондуктан Алланын сүйүүсүнө жетүүнүн жападан жалгыз жолу – Пайгамбарды (саллаллаху алейхи ва саллам) сүйүү, ал алып келген динди кабыл кылуу.
Улуттук жана руханий баалуулуктар жоголуп, рухий жашоо солгундап, адеп-ахлаксыздык күчөгөн азыркы учурда Мухаммад Пайгамбарды (саллаллаху алейхи ва саллам) ээрчүү жана анын айткандарын жандандыруу көптөгөн көйгөйлүү да, диний да маселелерди чечип, коомду туура жолго багыттайт. Бул жөнүндө Азирети Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам) коштошуу кутбасында: «Силерге эки аманатты тапшырдым. Аларды бекем сактасаңар эч качан адашпайсыңар. Ал: Алланын китеби (Курани Карим) менен Пайгамбарынын сүннөтү», – деп айткан.
Деги эле мусулмандар кандай гана ийгиликтер менен жетишкендиктерди багындырбасын, анын баары Пайгамбарды ээрчүүнүн, анын жолун жолдоонун негизинде болгон деп айтсак жаңылышпайбыз. Ошондой эле Пайгамбарды унутуу, аны ээрчибей коюунун, б.а. анын айткандарына амал кылбоонун айынан машакаттарга дуушар болушкан. Мына ошол мүшкүл-машакаттардан арылуунун жолу – Пайгамбарды таануу, аны ээрчүү жана үлгү тутуу.
Пайгамбарды үлгү тутуу жөнүндө Курани Каримде:
«(Эй, момундар!) Чындыгында, силер үчүн – Алладан жана акырет күнүнөн үмүткөр болгон, (ошондой эле) Алланы көп даңазалап (эске алган) адамдар үчүн Алланын элчисинде көркөм (теңдешсиз) өрнөктөр бар» (Ахзаб сүрөсү, 33/21), – деп айтылат.
Ал (саллаллаху алейхи ва саллам) жөн эле сөздө гана өрнөк эмес, анын ар бир буйругу орундалуусу, анын жасаган амалдары жашоодо аткарылуусу зарыл болгон жол башчы.
Алла Таала момун-мусулмандарга: «Пайгамбар силерге эмнени алып келген (тартуу кылган) болсо, аны алгыла! Ал эми эмнеден тыйган (кайтарган) болсо, андан оолак болгула!» (Хашр сүрөсү, 59/7) – деп буйруйт.
Ансыз деле Пайгамбардын (саллаллаху алейхи ва саллам) айткан сөздөрү (хадистери) менен аткарган амалдары (сүннөтү) анын өзү ойлоп тапкан нерсеси эмес. Ал Алла тарабынан келген вахий (Нажм сүрөсү, 53/3-4).
Пайгамбарлардын үммөттөргө жиберилүүсүнүн негизги максаттарынын бири - бул өз үммөтүнө өрнөк, үлгү болуу болуп эсептелет. Андыктан Мухаммад Пайгамбарды (саллаллаху алейхи ва саллам) өрнөк жана идеал тутуу – Алланын буйругу. Анткени, Куранда бир топ аятта Пайгамбарга моюн сунуу Аллага моюн сунуу дегендикке жатат деп айтылат. Маселен, Ниса сүрөсүндө минтип айтылат: «Кимде-ким пайгамбарга баш ийсе (моюн сунса), албетте, ал Аллага баш ийгени (моюн сунганы)» (Ниса сүрөсү, 4/80).
Бул аятта Пайгамбарга моюн сунган адам Аллага моюн сунган болот деп айтылса, башка бир аятта Алланын сүйүүсү менен кечиримине жетүү үчүн Пайгамбарга моюн сунуу керек экендиги баса белгиленип:
«(Эй, сүйүктүү элчим!) Айткын: Эгерде Алланы сүйсөңөр, (анда) мени (Анын элчиси Мухаммадды) ээрчигиле! Ошондо Алла (да) силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Алла (күнөөлөрдү) Кечирүүчү, Мээримдүү» (Али Имран сүрөсү, 3/31) делет.
Бул аятта айтылгандай, Алланын ыраазычылыгы менен сүйүүсү Мухаммад Пайгамбардын (саллаллаху алейхи ва саллам) сүннөтүнө моюн сунуу менен болот. Бул ар бир мусулмандын көксөгөнү. Чындыгында, ар бир мусулмандын көздөгөн эң негизги максаты Алланын ыраазычылыгына ээ болуу. Бул болсо Пайгамбарга моюн сунууда, б.а. аны ээрчүүдө жатат. Улуу Алла Таала кандай гана маселе болбосун, бардык нерседе Пайгамбарга моюн сунууну, анын берген өкүмүнө ыраазы болуп, толугу менен берилүүнү ыймандын шарттарынан экендигин айткан: «Сенин Эгеңе ант болсун, алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүмдар (калыс) кылышмайынча жана (андан соң) алар сен берген өкүмгө (дилдеринде эч кандай оорчулук таппай) каршы болушпай, толугу менен моюн сунушмайынча момун боло алышпайт» (Ниса сүрөсү, 4/65).
Бул аятта үч маселеге басым жасалып жатат:
- Бардык маселеде Пайгамбарды (саллаллаху алейхи ва саллам) калыс кылуу.
- Анын (саллаллаху алейхи ва саллам) берген өкүмүнө каршы болбоо.
- Ага (саллаллаху алейхи ва саллам) толугу менен моюн сунуу.
Ошондой эле Куранда момун-мусулмандардын Пайгамбарга толугу менен моюн сунуудан башка тандоо жолу (укугу) жок экендиги тууралуу айтылган: «Алла жана Анын элчиси кандайдыр бир иш тууралуу өкүм чыгарса (буйрук кылса), (бир да) момун эркек менен момун аял үчүн (Алланын өкүмүн, буйругун таштап коюп) өз иштеринен бир ишти тандоого уруксат жок (уруксат эмес). (Ошондуктан) ким Аллага жана Анын элчисине каршы чыкса (күнөөкөр болсо), анда ал (адам) анык адашууда» (Ахзаб сүрөсү, 33/36).
Азирети Мухаммад Пайгамбардын (саллаллаху алейхи ва саллам) буйругуна моюн сунбоо, четке кагуу – Алланын буйругуна моюн сунбоого тете. А мындай иш айрым аяттарда өтө чоң бактысыздык деп айтылат. Маселен, Нур сүрөсүнүн 63-аятында минтип айтылган:
«(Пайгамбардын) буйругуна каршы иш кыла турган адамдар өздөрүнө бир кайгы (балээ) же болбосо жан чыдагыс (катуу) азаптын жетип калышынан сактанышсын!» Ниса сүрөсүндө болсо: «Ким Акыйкат Жолду (хидаят жолун) анык билгенден кийин да пайгамбарга каршы иш кылса жана момундардын жолунан башка жолго түшүп кетсе, Биз аны кеткен жагына коё беребиз жана аны тозокко салабыз. Ал (тозок) кандай гана жаман жай!» (Ниса сүрөсү, 4/115).
Пайгамбарды ээрчүү жана андан өрнөк алуу тууралуу Азирети Мухаммад Пайгамбардын (саллаллаху алейхи ва саллам) куттуу хадистеринен мисал келтире кетсек:
«Кимде-ким мага моюн сунган болсо, анда ал Алла Таалага моюн сунган болот. Ал эми ким мага моюн сунбаса (менин айткандарымды четке какса), анда ал Алла Таалага моюн сунбаган болот» (Муслим, Имаарат, 8 (32-33), Насаий, Биат, 27).
«Үммөтүмдүн баары бейишке кирет. Бир гана менден жүз үйрүгөндөрдөн башка (алар бейишке кирбейт)... Ким мага моюн сунбаган болсо, ал менден жүз үйрүгөн болот» (Бухарий, Итисам, 2).
Бул дүйнөдө Пайгамбарды өзүнө үлгү тутпастан ага моюн сунбай жашаган адам акыретте да бушайман болот. Арийне, акыретте өз абалдарына бушайман болгондордун абалын Улуу Жараткан минтип баяндайт:
«Ал күнү заалым бармактарын тиштеп (өкүнүп) минтет: Аттиң! Мен (да) Пайгамбарды ээрчигенимде!? Оо, мен куруп калайын! Мен баланчаны дос кылбаганымда (аны ээрчибегенимде жакшы болмок)!...» (Фуркан сүрөсү, 25/27-28).
Демек, мусулман адам бардык жагдайда жана бардык нерседе Азирети Пайгамбарды (саллаллаху алейхи ва саллам) өзүнө үлгү (идеал) тутуп, анын сүннөтүнө моюн сунуусу керек. Анын сүннөтүнө моюн сунуу – сүннөттү аткаруу, ага амал кылуу болуп саналат.
Жогоруда да айтылып өткөндөй, адеп-ахлак жаатында да Азирети Мухаммад Пайгамбарды (саллаллаху алейхи ва саллам) үлгү тутуп, өрнөк алуу керек. Б.а. Анын (саллаллаху алейхи ва саллам) адеп-ахлагы менен асыл сапаттарга ээ болуу жана ар кандай адеп-ахлаксыздыктан оолак болуу. Анткени, Мухаммад Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва саллам): «Мен изги адеп-ахлакты толуктоо үчүн (Пайгамбар болуп) жиберилдим», – деп айткан (Муватта, Хусну ал-хулук, 8). Пайгамбардын ахлагы менен ахлактануу Пайгамбарды ээрчүүнүн негизги өзөгүн түзөт.
Учурубузда Пайгамбарды ээрчүүнүн бул өңүтү унутта калып калгандай. Себеби, өзүн момун мусулманбыз деген канчалаган Пайгамбардын үммөттөрү шариатка жат, Пайгамбардын адеп-ахлагына туура келбеген иштерди жасоодо. Мындай көрүнүштөр мусулман адамдын жүрөгүн өйүтпөй, зээнин кейитпей койбойт экен. Андыктан, мусулман адам качан гана Мухаммад Пайгамбарды (саллаллаху алейхи ва саллам) өзүнө үлгү тутуп, анын айткандары менен аткаргандарын орундатса гана Мухаммад Пайгамбарды (саллаллаху алейхи ва саллам) толук түрдө ээрчиген болот.