Он тогузунчу сан

Мазмуну
Бириккен Ислам Уюму адам укуктары боюнча комиссия түзүүдө
[18-02-2009] Бириккен Ислам Уюму адам укуктары боюнча комиссия түзүүгө кызыкдар. Бул комиссиянын концепциясы өткөн аптада БИУнун штаб үйүндө болгон жыйында иштелип чыкты.
Бириккен Ислам Уюмунун башкатчысы Экмеледдин Ихсаноглу мындан баштап БИУга караштуу адам укуктарына байланышкан маселелер боюнча эркин структура өз ишмердүүлүгүн жүргүзөөрүн билдирди. Ошондой эле башкатчынын айтымында, жаңы түзүлүп жаткан бул структуранын дагы бир максаты БИУнун жаңылануу жолунда «алгылыктуу кадамдарды» таштоого багытталмакчы.
Бул структуранын түзүлүшү жөнүндөгү чечим БИУнун модернизациялык программасынын алкагында кабыл алынды. Бул маселе 2008-жылдын март айында Дакарда (Сенегал) өткөн БИУнун кезектеги саммитинде да каралып, тастыкталган болучу. Анда Уюмдун жаңы уставы кабыл алынган.
Эскерте кетсек, бүгүнкү күнү генералдык секретариаттын курамында төмөнкү структуралар бар: социо-экономикалык, илим-билим жана техника боюнча, Азия жана Африка аймактары боюнча, эл аралык маселелер боюнча, маалымат каражаттары, адам укуктары боюнча, дин иштери боюнча, мамлекеттик эмес мусулман уюмдарынын маселелери боюнча жана башка структуралар өз ишмердүүлүгүн улантып келет.
Испанияда жихадка үгүттөгөндүгү жана мусулмандардын кадырына доо кетиргендиги үчүн орусиялык кыз менен анын испан досу кармалды
Испаниянын түштүгүндө полиция Интернет аркылуу жихадка чакырган материалдарды жайылтууга белсенүү ыктымалы менен орусиялык 23 жаштагы Мария Чубина кармалды. Орусиянын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, бул айып боюнча шектүү болуп кармалган экинчи адам кыздын испан досу болуп чыкты.
Мария Чубина жана анын досу Кристиан Песо полициянын айтымында, Ислам динин карманышат.
Мариянын атасы Владимир Чубин «CajaGranada» аттуу теннис клубунда он жылдан бери иштеп келет. Владимирдин айтымы боюнча, кызы Мария Христиан дининин православдык агымын карманат. Ал эч кандай мусулман эмес.
Мария Чубина менен Кристиан Песо тарабынан Интернетке кое берилгендиги шектелген видеороликтер Испаниянын Гранад шаарында теракт уюштурууга чакырган мүнөздө болгон. Кызыгы, анда Испанияда жашаган мусулмандарга карата акаарат сөздөр да айтылган.
Бул иш боюнча жүргүзүлгөн иликтөөдө Чубина менен досу тарабынан Интернетке ондун тегерегинде экстремисттик мүнөздөгү видеоролик кое берилгендиги аныкталган.
Шумдугуң-кургур!...
Өзүнүн исламофобиялык көз караштары менен таанымал поп Даниил Сысоевдин пикиринде, Россиялык Православдык Чиркөөсү Кыргызстанды жана ага коңшу өлкөлөрдү православдаштыруусу (христиандаштыруусу) керек. Москва шаарында өткөн тегерек үстөлдө поп (отец) Даниил өз сөзүндө: «Кыргызстанды бүткүл Орто Азиянын борбору катары колдонуу үчүн Бишкек мамлекеттик жана орус-кыргыз славяндык университеттеринде теологиялык факультеттерди сөзсүз түрдө ачуу керек. Дал ушул жерден (миссионердик мааниде) бүткүл Орто Азияга, Афганистанга, Тибетке жана Кытайга ачылууга өтө оңтойлуу болот» деп билдирди.