Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам)

Аллах айткан ыйык Куран сөздөрүн,
Жашоосунда сонун кылып өткөнүн.
Аны укпаган адам аз го дүйнөдө,
Ал жөнүндө баян кылып өтөйүн.

Дин Исламды бүт дүйнөгө таратам деп
Көрбөдү не кордуктарды, азапты.
Динге кирсе эң биринчи душманы,
Кек санабай бир туугандай күтүп алды.

Дүйнөдөгү болуп жаткан эчен кырсык,
Түрлөрүнө эсеп жеткис эң бир кызык.
Акыр заман аз калганда болот деген,
Айткандары бүгүн келди, ойлон чындык.

Келгин, курдаш акыл менен терең ойлон,
Пайгамбарым айткандарын азыр колдон.
Азгырылып ак кагазга алданбастан,
Адал жолго кадам ташта кеч болбостон.

Буга чейин пайгамбарлар жашап өткөн,
Өз элдерин туура жолго үйрөткөн.
Пайгамбарым ушулардан айырмасы
Бүт дүйнөнү Ислам динге үгүттөгөн.

Чебер сөздөн куралган хадистери,
Ыйман-ынсап, туура жолдун эшиктери
. Мусулманга өзү үлгү болуп турган
Жүрүм-турум анын айткан кеңештери.

Келиңиздер, ыйман-ынсап бек сактайлы,
Баарысына сабыр кылып биз чыдайлы.
Бул сыяктуу майрамдардын эченин,
Эже-агадан үлгү алып уланталы.

Башына