Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Китеп тааным

Жаштарыбыздын ыйман жолуна түшүп жатканы жакшы көрүнүш.
Жараткан Алла Тааланы таанып билүүгө умтулуудан өткөн жакшы нерсе барбы?

Урматтуу окурмандар!

Китеп тааным рубрикабыздын кезектеги чыгарылышында жалпыңыздарга белгилүү болгон «Адеп Башаты» коомдук фонду тарабынан чыгарылган «Мухаммед Пайгамбардын өмүр баяны» аттуу китепти тааныштырууну туура көрдүк. Бул китепти кыргыздын дагы бир илимдүү, калемгер кулуну Осмон уулу Алмамбет жазып жумурай журтка тартуулап олтурат. Анда Алмамбет мырза менен болгон маекке назар салалы:

– Алманбет мырза, «Адеп Башаты» фондунун иш-аракеттери тууралуу кыскача айта кетсеңиз?

– Фондубуз 2003-жылы түзүлгөн. Андан бери аздыр-көптүр колдон келишинче, эл-жерибизге ыймандуулукту таанытуу жаатында бир топ иштер аткарылды десек болот. Мисалы, фондубузга тишелүү медреселерде диний билим берүү, калкыбызга, айрыкча жаштарга туура багытта ыйман тарбыясын жүргүзүү, Ислам-ыйман таанытым китептерин даярдоо жана басмадан чыгаруу, спорттук-маданий иш-чараларды өткөрүү, жетим балдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө кайрымдуулук жардам берүү ж.б. жааттарда бир топ иштер жасалды. Кудайга шүгүр, кылган иштерибизге элибиздин колдоосу чон болууда. Мындай дегенимдин себеби, биз фонд катары эч качан сырттан, арабдар сыяктуу башка элдерден каражат же жардам албайбыз. Өз киндигибизди өзүбүз кесип дегендей, мекен сүйөр, ыйман жолуна салым кошсом деген азматтардан кыргыз элибиздин уучу куру эмес экен. Ошондой жүздөгөн мекендештерибиздин колдоосу менен фондубуз каржыланып, иштер ырааттуу уланып жатат. Азыркыга чейин дээрлик бардык областтарда филиалдарыбыз ачылган. Муфтияттын жетекчилигинде алар менен тыгыз байланышта кызматташып келебиз.

– Диний багыттагы бир топ эле китептер чыгарылып жатат. Мына ошолордун ичинен Пайгамбарыбыздын өмүр баянын толук чагылдырылган «Мухаммед Пайгамбардын өмүр баяны» аттуу китепти чыгардыңыздар. Бул китептин өзгөчөлүгү эмнеде?

– Өзгөчөлүгүн айта албайм. Себеби, окурмандарыбыз өздөрү таразалап алса гана жетиштүү. Болгону, бул китепте Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын өмүр жолун колдон келишинче толугураак чагылдырганга, Пайгамбарыбызды таанытууга аракет жасалды. Анан китептеги маалыматтар өтө так жана туура булактардан алынган десек болот.

– Учурда көпчүлүк жаштардын динге болгон мамилеси мурункуга караганда кескин өзгөрүп жаткандыгына күбө болуудабыз. Башкача айтканда, мечиттерде беш убак намаз үзүлбөй окулуп, жума намаздарга жаштардын агылуусу күч алууда. Бирок ошолордун баары эле динден туура кабар алуудабы, дин тууралуу толук түшүнүгү барбы? Диний багыттагы басылмалар ошолордун талабына жооп бере алабы? Деги эле диний багыттагы басылмаларга болгон көз карашыңызды уксак.

– Жаштарыбыздын ыйман жолуна түшүп жатканы жакшы көрүнүш. Жараткан Алла Тааланы таанып билүүгө умтулуудан өткөн жакшы нерсе барбы? Алла Тааланы билбөө – эч нерсени билбөө деген сөз. Жаштарыбыз жакшылыкка умтулуп жатышат. Беш убак намазын окуган ыймандуу жаштарыбыз эгерде Исламды туура багытта кармана билсе, жана Исламдан толук кабардар болсо, элибизге көп жакшылык алып келеринде шек жок. Сиз өзүңүз да “бирок” деп жатпайсызбы, туура баамдаганыңыздай кээ бир көйгөйлөр да жок эмес. Ошол жаштарыбыздын көпчүлүгү азырынча жетиштүү денгээлде динибизден толук кабардар деп айтуу кыйын. Диний багыттагы китептер да Кудайга шүгүр, күндөн-күнгө көбөйүп жатат. Адамдар китептерге канчалык муктаж болсо, китептер да эң туура жашаган адамдарга муктаж болот. Азыркы китептер талапка толук жооп бере албаса керек. Анын үстүнө, кээ бир китептер жана басылмалар эч көзөмөлдөөсүз чыгып жатканы өкүндүрбөй койбойт. Мисалы, ошондой адабияттардын арасында чала-чарпы деңгээлдегилери, элибизде мурдатан тутулуп келген ханафий мазхабынын көз карашына төп келбегендери жана жаштарыбыздын башын адаштырган кап-кайдагы идеяларды таркатууга аракет жасаган басылмалар да болушу мүмкүн. Негизи муфтият буга жакшы көзөмөл жүргүзүүгө тийиш.

Диний адабияттар, диний багыттагы гезит-журналдарыбыз эми эле айтканымдай, күн санап көбөйүүдө. Маалымат айдыңында туура багыттагы диний гезит-журналдарга мусулман калкыбыз өтө муктаж экендиги анык. Азырынча чыгып жаткан диний басылмалар негизи, бардыгы эле жаңы башталыш болгондуктан, ар кандай денгээлде чыгып жатат. Көч жүрө-жүрө түзөлөт демекчи, көп нерселер али алдыда. Айтып коюшум керек, сиздердин “Ак Башат” журналыңыздар көркөм жасалгасы жана ички мазмуну менен башкаларга өрнөк болуп бере алгыдай деңгээлде көч башында бараткансыйт. Алла Таала ишиниздерге ар дайым ийгилик берсин.

Башына