Он тогузунчу сан

Мазмуну
(Башы өткөн санда) Кошо ыйлады кыз менен сыздап ичтен
Өз арманы толтура көөдөн тешкен.
Бүт тамыры бүлүнүп зыр-зыр этет,
Кызды бекем кучактап эркелеткен.
Эне байкуш кубанды бакыт тилеп,
Алкыш айтып жана да арбын тилек.
Айласы жок кыз байкуш кантмек эле,
Аргасыздан жоолукка башын ийет.
Той болуп конок келди улуу-кичүү
Токтолбой көп көбөйдү арак ичүү.
Эл келип эртели-кеч кайра-кайра,
Энеде эс алуу жок белди чечүү.
Башынан жакшы көргөн ызы-чууну
Эненин чаалыкканын сезбей уулу.
«Катын алдым» деп айтып керчөө керип,
Арактын артынан сая кууду.
-Арак тап – деп аялына чатак баштап,
Тийчү болду колу да аздан-аздап.
Сөгүп-сагып энени көзгө илбей,
Толтуруп кой азыр дейт башка жаздап.
-Жок – деди эне зарлап бүт ичилди,
Аракты токтоткунуң жый эсиңди.
Оо, Кудай, буга кандай дес берсем,
Арактан башка тамак ичесиңби.
Бул сөздү уккан уулу кыжырланды,
Кызуураак, өзү дагы кызуу кандуу.
Келишкен татынакай келинчекке,
Баштады арак тап, деп кыйкырганды.
Кыйкырып аялына ал жулунду
Энеке калкалады бу кургурду.
Ортого түшө калып ажыратса,
Болбостон келинчегин сабап урду.
Асыл го эне жүрөк бирок курду,
Келиндин канжалаган назик мурду.
Чачынан орой кармап сүйрөп алган,
Болушкан энени да кошуп урду.
Жайылды аппак чачы салааланып,
Жулунуп түшүп жатты топ-топ чачы.
Куткарбас оор муштумдан томолонуп,
Куураган эне байкуш Кудайлады...
Энеге тарс-тарс этет уулу тепкен,
Кызыл кан жүзүн боеп аккан беттен.
Каруусунан тайый түштү курган кары,
Шайы жок тура калып качып кеткен.
Жырткычтай мыкаачынын жүзү курсун,
Мындайга чыдап келин кантип турсун.
Оролду ал бутуна бек кучактап,
-Энеке качкын – деди мени урсун.
Энеси эсин жыйды бекем чыдап,
Уюган денелери бүт чымырап.
Тигинде тепки жеген жапжаш келин,
Байкелеп, авакелеп ал чыңырат.
Келиндин шайы бошойт эти ооруп,
Уктаса түшкө кирбейт мындай жоорук.
Эне да өз уулунан тепки жеген
Өлсөм дейт бул көрөкчө күнүм соолуп.
Актабай арнап берген ак сүтүмдү
Арбыттың көөдөндөгү шум күйүттү.
Тур, кызым, милицияны чакыргын – деп,
Эне уулун чалкалата жыга түрттү.
Сенделип эне оор улутунду,
Сүйрөлүп келин байкуш араң турду.
Сен мени каматкыча карт шайтан – деп,
Жулунуп уулу энеге бычак сунду.
Жаш келин качты безип жардам сурап,
Жан алгыч ал жанында кантип турат.
Жалтантаар бир аргасын таба албай,
Жалгыз ай түшө албады көктөн кулап.
Кыйкырып уулу энеге жакындады,
Эне да уулун көздөй кучак жайды.
Ак сүтүн ээмп чоңойгон уулу энеге,
Жаңы эле жеткен кезде бычак сайды.
Капкара булут басты көктөгү айды,
Түнөрүп караңгы түн ылайлады.
Жаралган өз канынан өз кулуну,
Кош дебей жүрөгүнө бычак сайды.
Жыгылды эне жайып аппак чачты,
Суйкайып серпкен өңдүү сүзүп кашты.
Аттиң ай, маңдай жазууң ушул белем,
Бир жан жок энекелеп жөлөөр башты.
Ооруган денелери унутулуп,
Мемиреп көшүп барат сулуусунуп.
Элестеп бала кези тээ эчакы,
Бактысы ажал менен жуурулушуп.
Кош эми Бермет эне азап тарткан,
Бул дүйнөдөн өтүп кеттиң арабыздан.
Элдеги эссиз уулга тарбия үчүн,
Элесиң кетпес болсун санаабыздан.
«Эне» - улук, чексиз бакыт нурлуу таалай,
Эч качан шек келтирүү болбойт даабай.
Ак сүтүн актоо деген биздин парыз,
Ар убак ак эмчегин билип баалай.