Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Көз жаш төгүп суранамын Алладан!

Уккан сайын Палестина кабарын,
Кайгы түшкөн мусулмандар абалын.
Тизе бүгүп, суранамын Алладан,
Баскынчыны бүт кыйратып саларын.

Басып кирип мусулмандар түнөгүн,
Аткыласа ооруйт менин жүрөгүм.
Ал байкуштар тосуп чыгат алдынан,
Көтөрүшүп таяк менен күрөгүн.

Заалым душман муңдуу үндү угабы,
Автоматтан ажал отун чубады.
Согуш эмес, ал жөн эле аңчылык,
Таштан башка алардын жок куралы.

Уялбастан аялдарды желкелеп,
Жаш балдардын кулак-мурдун кескилеп.
Жырткыч сымал кандырасың моокумуң,
Өлүктөрдү танка менен тепселеп.

Жамгыр кылып көктөн окту себелеп,
Аялдардын абийирин ой тепселеп.
Ойлобогун эрдик жасап жатам деп,
Акмак кана алсыздарга тең келет.

Ажыратпай акты жана караны,
Андай акмак жакшылыкты табабы,
Баатырмын деп мактанат ко уялбай,
Атып алып эки жашар баланы.

Билип койгун бул жашоодо өмүр бар,
Бүгүн-эртең сага дагы өлүм бар.
Ит аткансып мээлеп туруп атасың,
Сенсендеги чалда кандай өчүң бар.

Ыйык болгон энелердин байыртан,
Чачын жулуп, буту-колун кайрыган.
Эшек кана энесине асылат,
Айтчы сенин андан кайсы айырмаң?

Эрдемсийсиң төшүң керип мындайда,
Кыйын болуп жаш чырпыкты кыйганга.
Адамдарды кырган менен куралың,
Огу өтпөйт таштай бекем ыйманга.

Сен Кудайдын буйругуна көнөсүң,
Ажал жетсе айласы жок өлөсүң.
Жаның чыкпай тикен сымал жүндөгү,
Жан азабын дал ошондо көрөсүң.

«Азапта» деп бирин-бири шаштырып,
Периштелер кара көргө тапшырып.
Өкүнбөгүн кыскан кезде кабырың,
Кабыргаңды кабыргаңа капшырып.

Адам сымал маймыл болуп элесиң,
Сот алдына кишенделип келесиң.
Күнөөсүздү аттың десе эмнеге
Айтчы ошондой кантип жооп бересиң.

Катуу азап, өз алыңды билбейсиң,
Мындан кыйын оор азап жок дейсиң.
Бул дүйнөдө кылганыңдын акысын
Ошол күнү жалындаган от жейсиң.

Уккан сайын Палестина кабарын,
Кырсык түшкөн мусулмандар абалын.
Көз жаш төгүп суранамын Алладан,
Заалымдарды бүт кыйратып салаарын.

Башына