Он тогузунчу сан

Мазмуну
«Алла Таала инсанды жер жүзүнүн ар кайсы тарабынан чогулткан бир ууч топурактан жараткан. Мына ушул себептен адамбаласынын бир тобу кара, бир тобу ак, бир тобу кызыл жана бир тобу болсо ушул бардык түстөрдүн аралашмасындагы түстө. Бир топ адамдар жакшы мүнөздүү, бир тобу катуу, бир тобу болсо сылык мүнөздүү болуп (башкача айтканда ар кандай мүнөздө, ар кандай жөндөмдө) дүйнөгө келишкен» (Абу Давут, Суннат, 16).
«Кыяматта өмүрдү кайда өткөргөнү, илими менен эмне иштерди аркарганы, мал-мүлтү кайдан таап, кайда сарптаганы, ден-соолукту кантип жок кылганы тууралуу суракка тартылмайын эч бир пенде ордунан жылдырылбайт» (Куттуу хадис, Тирмизи, Кыямат, 1).
Медициналык илимде күн сайын өсүп бара жаткан илимий ачылыштарды, жаңылыктарды карасак, Куранда жана хадисте берилген маалыматтарды ырастап, далилдеп келет. Анын мисалы катары буларды айта алабыз. Жердеги топуракты эле алсак, анда ар түрдүү көптөгөн минералдар менен катар калий, кальций, магний, фосфор, темир жана ушу сыяктуу заттардын бар экендигин билебиз.
Эми, ошо топурактагы кездешкен заттардын көпчүлүгү адамдын денесин, ден-соолугун түзөөрү бүгүнкү медициналык ачылыштарда белгилүү болуп жатпайбы. Курандын аяттары менен салыштырып, илимдин Куран менен шайкеш экендигин, керек болсо Куранда берилген маалыматтар медицина илиминен да жогору турарын моюнга алууга туура келет.
Учурдагы медицинанын акыркы ачылыштары да мындан он төрт кылым мурда уммий (кат тааныбаган) инсанга Жогору Жактан маалымдалган. Демек, бул маалыматтар карабашыл адамдын сөзү эмес, бизди бир тамчы суудан жараткан, бизди бизден да жакшы таанып-билген Улуу Алла Тааланын сөздөрү.
Башта топурактын курамындагы заттардын көпчүлүгү адамдын денесинде да бар дедик. Муну медицина өзү тастыктап олтурат. Мына ошол заттардын бирөөсүнүн эле кандайдыр бир себептерден улам организмде көбөйүп, же азайып кетиши адамды ар кандай оору-сыркоолорго алып келет.
Маселен, канда темир жетишсиздиги аз кандуулукка алып келет. Аз кандуулук курамында темири аз азыктарды көп жегенден, кан көп кеткенден келип чыгат. Бул оору менен эмчектеги наристеден тарта бардык курактагы инсандар оорушат. Ушу тапта калктын 10-30% темирдин жетишсиздигинен улам аз кандуулук менен жабыр тартышса, алардын 80-95 % аялдар түзөт.
Кан кетүүнүн өнөкөткө айланышы, ичеги-карын оорулары, төрөттө кандын ашкере көп кетиши, ичип-желген тамак аштын курамында темирдин аз болушу, ашказанда жаранын пайда болушу, бала эмизүү, ичегиде мите курттун пайда болушу аз кандуулуктун негизги себептери болуп эсептелет. Айрыкча учурда боюнда бар аялзатынын организми темирди көп талап кылат. Эгер энеде кан аз болсо, андан төрөлгөн баланын канын көтөрүү өтө кыйын. Ошондуктан кан боло турган табийгый алма, анар, алча сыяткуу мөмө-жемиштерди жана витаминдерди боюнда бар кезде энеге көп жедирүү зарыл.
Аз кандуулук оорусу менен ооругандар өңдөрү кер-сары тартып, агыш куп-куу болуп турат. Демигип, жүрөгү лакылдап, кандын басымы төмөндөп, башы ооруп, башы айланып, тура калганда көздөрү караңгылашып кетет. Тамакка табити өзгөрүп, борду, акиташты, топуракты, көмүрдү, тиш порошогун жегиси келет. Ошол себептен бул белгилер байкала баштагандан тарта ар бир адам тезинен дарыгерге кайрылып, дарыланышы керек.
Эгер буга көңүл бурбай жүрүп, оору улам тереңдей берсе, ден-соолукка чоң зыяны тийет. Тактап айтканда, бара-бара унутчаактыгы көбөйүп, жүрөк, бөйрөк оорулары пайда болот.
Дарылоону эмнеден баштоо керек?
Албетте, биринчи кезекте туура эреже жана витаминдүү азыктар менен тамактануу зарыл. Маселен, тамак ичкенден эки саат өтмөйүн чай, сүт, кофе, какао сыяктуу суюк нерселерди ипчөө керек. Бул аталган суюктуктар темирдин денеге таралышына тоскоол болот.
Эт, тил, малдын жаак эти, боор, көк тал, кымыз өңдүү тамак-аш азыктарынын курамында темир көп болот.
Адам кандай гана оору менен оорубасын, негизи оорунун белгилери байкала баштагандан тарта жашаган жердеги бейтапканага барып текшерүүдөн өтүп, дароо дарылануу курсун башташы керек. Акырында мекендештериме айтаарым, дары-дармекке кетчү азыноолак акчанын көзүн карап жүрө бербей тезинен дарыгерге кайрылыңыздар. Майы азайып калган унаанын көпкө жүрө албаганы сыңары, аз кандуулук да адамды бат эле көтөрүп чабат. Баарыңыздарды Алла Таалам аманат кылып берген өмүр, ден-соолук үчүн кам көрүүгө чакырам. Кеч болуп калса, миллиарддаган сомдор да баа жеткис өмүрдү сактай албай калат.