Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Бир суроо?

Ак Башат казынасынан

Ислам дини тазалыктын, аруулуктун дини. Ислам жалаң адал нерселерге гана таянат. Ислам адалды, акыйкатты гана жактайт. Андыктан ар бир мусулман кийген кийиминен тарта жеген тамагына чейин «халал-адал» деген эрежеден чыкпашы керек. Алла Таала адалдыгы шек туурудурган бүт нерседен оолак болууну Ыйык Куранда өзү буйруган (Хужурат сүрөсү, 12-аят).

Бир суроо рубрикасы аркылуу бул ирет көптөгөн окурмандарыбыздын өтүнүчү боюнча «ХАЛАЛ» маселесин иликтеп көрүүнү туура көрдүк. Азыр өлкөнүн кайсы жерине барбаңыз «халал» деген аталыш популярдуу болуп баратат. Ылайым адалдыктын ооматы арта берсин деген тилектебиз. Бул маселенин «бирок!» деген жерине көпчүлүк халалчылардын анчейин маани бербей келишкенин атайын иликтөө өзү көрсөттү. Сурамжылоо жүргүзүп көрдүк. Айрымдары «Алхамду лиллаах» малды өзүбүз мууздап алып келебиз» дешсе, айрым эт саткан дүкөндөрдүн сатуучулары жана гамбургер, шаурмаларды бышырган ашпозчулар этти Ош базарынан же Аламүдүн базарынан кожоюндары алып келип беришерин айтышты. Эң эле кооптуу, жийиркеничтүү жери башкача аталыштагы, адалдыгы шек туудурган эт азыктарынан жасалган колбасалардын сыртына арапча «халал» деген жазуусу бар жана мусулмандарды өзүнө тарткан сүрөттөрү бар чел кабыкчаны кийгизип жасашканын муфтияттагы эң эле ишенимдүү устаздардын биринен уктук. Көрсө, колбаса чыгарган кичи цехтер «халал» деген жазуусу бар чел кабыкчаны атайын заказ менен Кытайдан алдырышат экен да, өзүбүздөн чыкканы менен өтпөй турган колбасалардын сыртындагы кабыкчасын сыйрып салып, «ким байкап олтуруптур» деген чолок ой менен «халал»ды кийгизип сатыкка чыгарышат экен. Айрым сатып алуучулардын айтуусунда «халал» деген жазуусу бар кабыкчанын ичинен дагы башка аталыштагы кабыкчалар чыгып жатыптыр. Ошондон улам, мен мусулманмын деген бардык мекендештерибизге айтаарыбыз, айрыкча эт азыктарын сатып алганда өтө кылдат сурамжылап же колдон келсе жандыктарды өзүңүздөр союп камдап алганыңыздар дурус болор. Биздин бул тыянагыбызды Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин биринчи орун басары халал боюнча түзүлгөн комиссиянын өкүлү Сүйүн ажы Кулуев дагы тастыктап олтурат.

«Мындан бир топ ай мурда муфтияттан ошол «халал» азыктарды, кафелерди иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бул комиссияны түзүү негизи муфтият тарабынан көтөрүлгөн демилге эмес. Ошондой дүкөн жана кафелердин кожоюндары тарабынан келген каттардын негизинде түзүлгөн. Халалдык талаптарга жооп берсе, муфтият тарабынан сертификат берели деген максатта комиссия мүчөлөрү жанагы кат жиберген эт саткан дүкөндөрдү, ошондой эле мусулман ашканасы деген жерлерди текшергенбиз. Тилекке каршы, чындыгында көпчүлүгүндө тазалык деген нерсе талапка жооп бере албады. Мисалга алганда мынабул «Ак эмир» базарындагы эт дүкөнү талапка жооп бербейт. Алар койлорду, малдарды өздөрү сойуп, мууздап алып келишпейт экен. Жөн эле базардан барып алып келишет экен. А базарга эт алып келген касапчылардын айрымдары малды шарият жолу менен эмес, башына катуу сокку уруу же ток аркылуу малдын эсин оодаргандан кийин союшат экен. Мындай жорук менен союлган мал эти адал эмес, арам болуп эсептелет. Экинчиси, мынабу Аламүдүн базарынын мандайында жайгашкан «Мусулман ашканасына» келсек, ал жерде дагы такыр Исламдык, шарияттык талапка жооп бербеген жосунга туш болдук. Тамагынын сапаты, эти, ашканасынын тазалыгы, ал жерде иштеп аткан кыздар балдардын жүрүш-турушу, деги эле тартип маселеси биздин көнүлүбүзгө толгон жок. Өздөрүнө ачык түрдө айтып кайта бердик.

Мындан башка дагы бир топ жерди изилдегенден кийин Азрети муфтийге маалымат бергенбиз. Ошондон кийин башка жактарга да барып изилдегенге шарт болгон жок. Анткени мына бу чоң-чоң базарлардагы жана башка эт алып келген жерлерге баралы деп жатсак, жогору жактан: «–Силер кафе, ресторандарга чейин текшерип жатыпсынар» деген атайын телефон чалуулар болду. Анан муфтий «–Бул айтканынар акыйкатсыз, негизсиз нерсе. Биз ал ресторан, кафелерди текшербейбиз жөн гана ошол сертификат берлиген ашкана, эт саткан дүкөндөрдү текшерип жатабыз» деп, ошол боюнча бул иш токтоп калган. Эми дагы болобу же болбойбу, аны муфтийдин урксаты менен жүргүзөбүз.

Ал эми жанагы колбаса чыгарып жаткан компаниялардын иши боюнча менин жеке кабарым жок. Алар ырас ошондой азыктарды жасап жаткандан кийин оболу Кудай Тааланын алдында, анан өлкөбүздөгү жалпы мусулман коомчулугунун алдында жүздөрү жарык болушу үчүн чыгарып жаткан азык-түлүктөрүнүн адалдыгын тастыктаткан уруксат кагазын муфтияттан алып алышса жакшы болмок. Эгер ошондой болсо бизге атайын булар кат аркылуу кайрылышса болот. Биз барып ошол компаниялар же ишкерлер малды кандай тартипте мууздашаарын, колбасаны же сосисканы башка нерселерге (мис: чочконун этинен жасалган колбасаны жасаган казанга) аралаштырбай өзүнчө технология менен жасайбы ошонусун, анан санитардык тазалыгын карап туруп жыйынтык чыгарып беребиз. Алар менен тыгыз байланышып ай сайын, керек болсо жума сайын текшерип турмакпыз. Ошондо алардын элге да жүзү жарык болот, сатыктагы азыктары да өтүмдүү болот. Анткени биз алардын Исламдык эрежелерге шайкеш келген ишкерлигин массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жарыялап, рекламалоого жардам бермекпиз. Анткени азыр элдердин көпчүлүгү ыйманга келип, намаз окушуп арам менен адалды айырмалай турган деңгээлге жетип калышты. Чынын айтканда сыртындагы жазуусуна карап эле сатып алып жатышат. Аныгында адал жол менен мууздалган, мууздалбаганын билишпейт. Ушуга чейин ошол колбаса чыгарган компаниялар муфтиятка кайрылбагандан кийин аларды 100 пайыз адал деп айтканга негиз жок, т.а. эртелик кылат. Ал эми бизге эч кандай кайрылбастан өздөрүнчө халал деп сатып жаткан эттерди, чыгарып жаткан колбасаларды сатып алып жей бериңиздер деп айта албайбыз. Алар жасаган нерсеси тууралуу биринчи Аллахтын астында, экинчи элдин астында чоң жоопкерчилиги бар экенин эстен чыгарбашы керек».

Бул маселе чындыгында көп талаш-тартыштарды жарата турган аяр маселе экендигине күбө болдук. Кудай буйруса, кийинки сандарда бул маселеге дагы токтолуп калаарбыз деп үмүт кылып, баарыңыздардын дасторконуңуздарга жалаң гана адал азыктарды насип кылышын Алла Тааладан тилейбиз...

Суроо салган Акылбек Халбеков

Башына