Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Талашсыз чындык

Адампенденин жашоосу негизинен төрт баскычка бөлүнөт. Биринчи баскыч адам баласынын рухунун жаратылуусунан баштап, денеге салынышына чейин уланат. Экинчи баскыч ымыркайдын төрөлүшүнөн тарта өлүмгө чейинки «бул дүйнөдөгү жашоо» болуп эсептелет. Үчүнчү баскыч «кабырдагы (көрдөгү, мүрзөдөгү) жашоо» деп аталып көз жумгандан тарта кайрадан тирилгенге чейинки мезгилди камтыйт. Ал эми эң акыркысы – бул кайрадан тирилгенден кийин түбөлүккө карай созулган «акыреттик жашоо». Демек ушу азыркы жашообуз менен акыреттеги жашоонун ортосунда өлүмдөн кийин «кабыр» деп аталган дагы бир маанилүү жашоо бар. Айрым булактарда «кабырдагы жашоо» акыреттеги жашоонун алгачкы аялдамасы катары мүнөздөлөт.

Жалпыга маалым болгондой, адамзаада башка жандуу-жансыздардан дене-турпат жагынан да, рухий өңүттөн да айырмаланган өзгөчө зат. Муминун сүрөсүнүн 12-14-аяттарында маалымдалгандай, адамдын дене-турпаты үч баскычта өөрчүйт.

Анда төмөнкүчө маалымдалат:

«Биз инсанды тандалма чоподон жараттык. Андан соң аны тамчы түрүндө бекем орунга жайгаштырдык. Андан соң тамчыдан уйуган кан жараттык, уйуган кандан бир үзүм этти (жасап), бир үзүм эттен сөөк жасадык да, сөөктү эт менен каптадык. Андан соң Биз аны башка бир жаратылышта өстүрдүк. Жаратуучулардын эң мыкты Жаратуучусу кандай гана Улук!»

Аяттарда айтылгандай, алгачкы адамдын дене турпаты биринчи баскычта топурактан алынган, тактап айтканда, ийленген ылайдан жаратылган. Биз топурактан жаратылган алгачкы Адам Атанын урпагы катары анын канын алып жүрөбүз. Анын «гендик» өзгөчөлүктөрү бизде да бар.

Экинчи баскыч эненин курсагында өтөт. Бул жайдагы өөрчүү эң алгач жабышкак суу деген маанини туюнткан уруктун эне жатынына түшүшү менен башталат да, белгилүү бир убакыттан кийин уйуган канга (алака), андан соң бир үзүм этке (мудга) айланат. Бир үзүм эт бир нече айдан кийин сөөккө айланып, дагы бир нече убакыттан кийин сөөктүн үстүнө эт өсүп чыгат. Ошондо гана ымыркайдын жалпы келбети дайын болот. Урук эне курсагында тогуз ай жатып, өөрчүүнүн бардык баскычынан өткөндөн кийин жарык дүйнөгө келет.

Эми адам баласынын руханий өңүттөн өөрчүүсүнө келели. Адам баласынын руханий өңүттөн өнүгүп-өөрчүүсү бул дүйнөдөгү жашоо, кабырдагы жашоо жана акыреттеги жашоо болуп үч баскычтан турат. Рухий өңүттөн өнүгө албаган ыйманы тайыздар тууралуу Алла Таала мындай дейт:

«Азапка калгыр ал адам ашкере кесир! (Алла) аны эмнеден жаратты? Бир тамчы суудан жаратты да, аны жактырды. Андан соң анын жолун жеңилдетти. Андан соң аны өлтүрүп мүрзөгө койду. Эми, качан кааласа аны тирилтет. Жок! Ал буйрулган буйрукту аткарган эмес!» (Абаса сүрөсү, 17-23-аяттар).

Жараткан Алла Таала бул аяттарда пендезаттын көңүлүн эмнеден жаратылганына бурууну максат кылууда. Эч нерсеге арзыбаган тамчы суудан жаратканын эскерткенден кийин, муну эч убакта эстен чыгарбоону баса белгилөөдө. Аятта маалымдалгандай, Алла Таала бизге кайсы жолдо, кантип жүрүү керек экендигин да көрсөткөн. Ошону менен катар билгиленген мөөнөткө чейин гана жашай алаарыбызды, ажал келген соң жер астына көргө кирээрибизди маалымдайт. Тилекке каршы, нечелеген адамдар Жараткандын буйруктарына моюн сунбай, пайдалуу насааттарына кулак төшөбөй жүрүп сынак дүйнөсүнөн өтүп кетээри абдан өкүнүчтүү.

Мөөнөтү жагынан алып карай турган болсок, бул дүйнөдөгү жашоо менен өлгөндөн кийин кайра тирилгенге чейинки мүрзөдөгү жашоонун белгилүү убакты-сааты бар. Ал эми акыреттеги жашоо болсо түбөлүктүү. Башкача айтканда, тирүүлүктүн өзү кабырдагы жашоо менен акыреттеги жашоо үчүн даярдык болуп эсептелет. Алла Таала көптөгөн аяттар аркылуу аталган бул үч түрдүү жашоого көңүл бурууга чакырып келет жана ошондой эле бул дүйнөдө Өзүнүн буйруктарын так аткарган пенделери акыретте бактылуу жашаарын да баса белгилеген.

«Алардын бирине өлүм келген кезде, ал: «Оо, Эгем! Мени артка кайтара көр! Мүмкүн, артта калтыргандарым менен жакшылык иштерди аткарам!» деп айтат. «Жок! Бул мурунтан кайталанып келген гана сөз. Алардын алдында кайрадан тириле турган күнгө чейин улана турган кабыр жашоосу бар. Качан сурнай үнү жаңырган күнү, алардын ортосунда тууганчылыктар унутулат жана бири-биринен жардам сурай алышпайт. Кимдин таразасы оор басса, алар ийгиликке жетүүчүлөр. Кимдин таразасы жеңил отурса, алар өздөрүнө өздөрү зыян кылгандар. Алар тозокто түбөлүккө калышат» (Муминун сүрөсү, 99-103-аяттар).

Жараткан Алла бул аяттарда бир нече маселеге көңүлүбүздү бурууда. Бул тирүүлүктө пайдалуу, сооптуу ибадаттарды жасабаган инсан өлгөндөн кийин кайра артка кайтууну сөзсүз самайт, Жараткандан суранат. Бирок айтылган маалыматка ылайык, анын каалоосу, суранычы аркарылбаган арзуу бойдон кала берет. Көзү өткөн адамдын бул дүйнөгө эмне себептен кайра кайткысы келгенин аят, хадистерден иликтеген аалымдар кабыр азабынын чындык экендигин бир ооздон тастыкташат.

Мындан сырткары кабырдагы азаптын акыйкат экендигине далил катары Ыйык Куранда эки жолу өлүм тууралуу, эки жолу кайра тирилүү тууралуу мисалдар келтирилген. Бул аяттарда Алла Таала мындай дейт:

«Силер Аллага кантип ишенбейсиңер. Мурун силер өлүк элеңер, Ал силерди тирилтти, анан силерди өлтүрөт, андан соң кайрадан тургузат, анан силер Ага кайтарыласыңар»(Бакара сүрөсү, 28-аят).

«Оо, Жараткан Эгебиз! Бизди эки жолу көз жумгузуп, эки жолу тирилттиң. Мына, күнөөлөрүбүздү да моюнга алдык. Мындан чыгуунун жолу барбы?» деп зар какшашат» (Мумин сүрөсү, 11-аят).

Бул аяттарда «эки жолу жүзөгө ашкан өлүмдөн, эки жолку тирилүүдөн» кеп козголууда. Аалымдардын көз карашында, биринчи өлүм – бул кадимки өлүм. Экинчиси болсо, маркум жерге берилип, «Мункар, Накир» аттуу периштелердин сурагы бүткөндөн кийинки өлүм. Ал эми, «эки жолу тирилүү» деген акыйкаттын биринчиси ымыркайдын жарык дүйнөгө келишинне ишаарат кылса, экинчиси акыретте сур экинчи ирет чалынгандагы жалпы тирилүүгө ишаарат кылат.

Ыйык Куранда күнөөкөр пенденин башына эки түрдүүчө азап келээри эскертилген. Куран менен хидистерди кылдат иликтеген аалымдар муну кабырдагы азаптын чындык экендигине далил катары көрсөтүшкөн.

«Чоң азапка чейин Биз аларга жакынкы азапты таттырабыз. Мүмкүн алар (ыйманга) кайтаар» (Сажда сүрөсү, 21-аят).

«Алла Таала аны тигилердин (каапырлардын) капканынан, жамандыктарынан куткарды. Фараондун коомуна азап түштү. Алар анда эртели-кеч күйө турган отко (куйкаланышат). Кыямат болгон күнү: «Фараон коомун катуу жазалагыла!» деп буйрулат» (Мумин сүрөсү, 45-46-аяттар).

Куранды чечмелеген тафсир аалымдары биринчи аяттагы «жакынкы азап» деген аныктамага «кабырдагы азап» деп түшүндүрмө беришкен. Кийинки аяттагы «Фараондун коомунун отко куйкаланышы» деген маанини акыреттеги тозок азабы катары чечмелешкен.

Өлүмдөн кийинки кабырдагы акыйкат азап тууралуу Азирети Пайгамбарыбыз өз хадистеринде айрым маалыматтарды берип кеткен. Ошол маалыматтардын ичинен жалпыга белгилүү болгон мынабул эки хадиске орун берели: «Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) жолдо баратып эки адамдын мүрзөсүнүн жанына токтойт да, айрым олуттуу нерселерге маани бербегендиги себептүү алардын азап чегип жаткандыгын айтат. Тактап айтканда, биринчи адамдын ушакчылык кылгандыгын, экинчи адамдын болсо заара ушаткандан кийин жакшылап тазаланбагандыгын баса белгилейт да, ушулар кургаганга чейин азабы жеңил болоор деген үмүт менен экөөнүн мүрзөсүнүн башына эки тал чыбыкты сайып кетет» (Бухари, Жанаиз, 88).

«Өлгөн адам мүрзөгө коюлаары менен жүзү кара, көзү көк периштелер келип аны сурактап киришет. Эгер өлгөн адам момун мусулман болсо: «Мухаммад Алла Тааланын кулу жана Пайгамбары. Алла Тааладан башка кудайдын жок экендигине жана Мухаммад Анын Элчиси экендигине ишенем» дейт. Сурак бүткөндөн кийин өлгөн адам артка кайтууну, өзүнүн кубанычын, бактылуулугун үй-бүлөсү менен тең бөлүшүүнү суранат. Бирок периштелер ага: «Үй-бүлөсүнүн сүйүүсү менен ойгонгон келин менен күйө бала сыяктуу укта» дешет. Ошондо ал сурнай экинчи ирет чалынганга чейин бир калыпта калтырылат. Эгер өлгөн адам эки жүздүү (мунафык – өзү мусулман болбосо да, мусулман сыяктуу көрүнгөн адам) болсо, Пайгамбар тууралуу элден укканын жана адамдарды туурап, алар айтканды кайталап койгонун божурайт. Ошондо топурак Алла Тааланын буйругуна ылайык ал адамдын сөөгү майдаланып, кабыргасы бири-бирине кийишип калганга чейин кысат. Бул адам кыяматка чейин ушул абалда болот» (Тирмизи, Жанаиз, 70).

Бирок кабырдагы азаптын кандай болоору тууралуу аалымдардын ортосунда эки көз караш бар. Биринчи топтогулар Мункар жана Накир аттуу периштелердин суроосуна жооп бергенчелик убакыт аралыгында маркумга жаны кайтарылып, андагы азап адамдын дене-турпатына да тарттырылат деген пиркирди жакташат. Экинчи топтогу аалымдар болсо, кабыр азабы адамдын рухуна гана тарттырылат, деп болжолдошот.

Эми акыреттеги жашоого келе турган болсок, жогоруда Муминун сүрөсүндө маалымдалгандай, сурнай экинчи жолу чалынганга чейин кабырда жашай турган адам баласы акыреттик жашоого карай бир кадам жакындайт. «Качан сурнай үнү жаңырган күнү, алардын ортосундагы тууганчылык унутулат» деген айтымды Куранды чечмелеген тафсир аалымдары: «кыямат күнү чындыгында тууган-тууганды тааный албай тургандай даражада катуу зилзала, алаамат болот» дешет. Ушул маселе тууралуу кеп салган башка аятка назар салсак, сурнай экинчи ирет чалынганда «эмизип жаткан бөбөгүн энеге унуттургудай, оор толгоону аялзаты сезбей калгыдай каран күн башка түшүп, киши баласы өз ата-энесинен, жубайынан жана балдарынан качкыдай деңгээлде алаамат болоору» (Хаж сүрөсү, 2-аят; Абаса сүрөсү, 34-37-аяттарда) маалымдалган.

Сурнай экинчи жолу чалынгандан кийин сынак дүйнөсүндө жасаган жакшы-жаман амалдардын сурагын берүү үчүн адамзат кайрадан тирилтилет, Алла Таала баарыбызды адилеттүүлүк менен соттойт. Куран тастыктагандай, бул суракта кимдин ыйманы таза, жакшылыгы, изги амалдары, ыкластуу ибадаттары көп болсо, ал түбөлүккө бейишке кирет, кимдин ыйманы тайыз болуп же кызылдай каапыр болсо, ал тозокко айдалат. Тозокко айдалгандардын ичинен күнөөлүү ыймандуулар айыбына жараша жазалангандан кийин бейишке киргизилет, ал эми акыретке ишенбестен сынак дүйнөсүндө ашкере дардаңдаган көрпенделер Алланын каарына калгандыктан түбөлүккө тозокто калышат.

Акыркы күн деген маанини туюнткан «акырет» сөзү Ыйык Куранда 110 жерде айтылат. Бул сөз айрым жерлерде жалгыз, айрым жерлерде башка сөздөрдүн зат атоочтук сөз айкашы же сын атоочтук сөз айкашы катары берилген. Анда «явмуд-диин-дин күнү» (Фатиха, 1/2-аят), «ас-саа-а» (Анам, 6/31-аят), «явмул хасра» (Марям, 19/39-аят), «явмул ба-с» (Рум, 30/52-аят), «явмул фасл» (Саффат, 37/21), «ал-миад» (Сад, 38/85), «явмул хисааб» (Сад, 38/16, 26, 53; Гафир 40/27), «явмул талак» (Гафир, 40/15), «явмул жам» (Шууро, 42/7), «явмул ваид» (Каф, 50/20), «явмул хулуд» (Каф, 50/34), «явмут-тагабун» (64/9), «явмул кыяма» (Кыямат, 71/1) деген сөздөр менен түшүндүрүлгөн.

Бизге буйрулган ыймандын шарттарына ылайык адам баласы бул жашоонун убактылуу экендигине, акыреттин барлыгына жана түбөлүктүү экендигине ишенип, жашоосун ошого жараша багыттаганы оң. Негизинен Алла Тааланын «бизди сыноо үчүн өмүр менен өлүмдү жаратканы» (Мүлк сүрөсү, 2-аят) акыреттин зарылдыгын талап кылууда. Ой калчай турган болсок деле, жакшылыктын арты жакшылык менен, жамандыктын арты жамандык менен жыйынтыкталаарын акыл токтоосуз кабылдайт. Жараткан бизден канчалык жакшы амалдарды, сооптуу иштерди жасоону талап кылганы менен Кудайы буйруктун негизинде жашоону баары эле каалай бербейт тура. Ошол себептен жакшы адамдардын жанында арам иштер менен алектенген адамдардын бар экендиги, жадагалса бузукулук, заалымдык, талап-тоноочулук, адилетсиздик өңдүү көптөгөн жаман иштер тээ байыртадан бери басымдуулук кыла келгени кашкайган чындык. Жакшылык болсун, жамандык болсун, анын акыбетин толук бойдон бул дүйнөдө табуу мүмкүн эмес. Бул маселе боюнча диний далилдер да, инсандын акылы да акыреттеги адилеттүү таразаны жана ар кимдин жакшы-жаман ишине жараша үзүрүн бере турган акыреттин акыйкаттыгын кынтыксыз кабылдайт жана тастыктайт. Алла Таала мындай дейт:

«Же жаман иштерди жасагандар, өздөрүн ыйман келтирип, жакшы амалдарды орундаткан адамдар сыяктуу эле биз да жашоодо, өлүмдө алар менен бирдейбиз деп ойлошобу? Алардын минтип өз алдынча салыштырганы жаңылыш!» (Жасия сүрөсү, 21-аят).

Алла Таала жараткан ааламдагы бүт нерсенин түпкүлүгүндө белгилүү максат, кынтыксыз тартип, адилеттүүлүк жана акылга шайкеш келген так өлчөм бар. Ошол себептен Өзүнүн койгон эрежесине, максатына ылайык жашап өткөн момун мусулмандарды бейиш менен сыйлап, буйруктарга кулак салбай же четке кагып, күнөөгө белчеден батып, напсини ашкере семиртип жашап өткөндөрдү тозокто куйкалашы Алла Тааланын адилеттүүлүгүн даңазалайт. Ыйман шарттарына ишенгендерге сыйлык берилбей, ал эми, ишенбеген каапырлардын бул дүйнөдө жазаланбаганына караганда, кыяматта эң Жогорку Соттун болоору бышык.

Ыйык Куран кызыктуу оюндар, напсиге жагаар убактылуу жыргалдар адампендени сыноо үчүн бул дүйнөгө жайгаштырылганын, чыныгы түбөлүк жашоо акыретте экенин эске салат:

«Адамдарга – аялдар, балдар, алтын-күмүштөн жыйналган казыналар, күлүк аттар, мал-мүлк жана эгинзарлар кооз көрсөтүлүп, аларга болгон сүйүү менен шөкөттөлдү. Бул (аталгандар) – ушул дүйнөдө пайдалуу нерселер. Бирок Алланын алдында – кайтып бара турган кооз жай бар» (Аали Имран сүрөсү, 14-аят).

«Бул дүйнөдөгү жашоо оюн-күлкү гана, а акыреттеги – анык жашоо, эгер алар муну билген болсо» (Анкабут сүрөсү, 64-аят).

«Бул дүйнө жашоосу убактылуу пайдалануу гана, ал эми акырет, ал – түбөлүктүү жай» (Гаафир сүрөсү, 39-аят).

«Билип койгула: Чындыгында (бул) дүйнө – оюн, азгырык, кооздук жана өз ара атаандашуу, ошондой эле мал-мүлктү , бала-чаканы көбөйтүү (гана). (Бул дүйнө –) өсүмдүктөрү каапырларды таң калтырган жамгыр сыяктуу. Кези келгенде анын кургап, сапсары болгонун көрөсүң; андан кийин кайра топуракка айланат. Акыретте катуу азап жана Алланын кечирими, ыраазылыгы бар. (Бул) дүйнө жашоосу – жалган ырахат» (Хадид сүрөсү, 20-аят).

Аяттарда билдирилген нематтардын жай турмуш үчүн адал жана урпак калтыруу үчүн керектүү экендиги тууралуу эч кандай талаш жок. Анын үстүнө Жараткан биз үчүн жараткан нематтарды, ырыскыларды адал жолдо, керектүү өлчөмдө пайдаланууга чакырып келет. Ошондой болсо да адамбаласынын караңгылыгы жана шайтандын азгырыгы бул нематтарды арам жолго колдонууга түртүшү да толук ыктымал. Ислам дини жашоого жана тирүүлүктөгү нематтарга кол шилтеп салууну туура көрбөгөнү сыңары, жашоону жалаң гана бул дүйнө менен чектеп, ошого жараша чектен тышкары жыргап-куунаганды да адал деп эсептебейт. Андыктан ыймандуу мусулман Куран көрсөткөн жол менен басып, эки дүйнөнүн нематтарын кеңири берүүнү Алла Тааладан дуба кылып сурашы керек. Ислам дининин башка диндерден жана философиялардан айырмалап турган өзгөчөлүгү ушул жерде жатат. Буга ылайык Ислам дини байлыкка, дүнүйөгө биротоло сүңгүтүп акыретти унуттурбайт жана ошондой эле акыретти гана деп бул жашоого далысын салбайт. Бүт өмүрүн идабат менен өткөргүсү келген сахабага Азирети Пайгамбарыбыз туура багыт көрсөтүп, өзү Алланын Элчиси катары ибадатты да орундатып, ыроолонгон нематтарды адал жолдо пайдаланып жатканын эскерткен.

Жыйынтыктап айта турган болсок, Ислам дини адамдын аң-сезимин бул жалган менен гана чектебей, акыреттеги түбөлүктүү жашоодо бейиштен орун алуу үчүн аракет кылууга чакырат. Аллага ишенип, Анын буйруктарын таза ниет менен орундатууга жан үрөгөн адам эки дүйнөнүн бактылуулугун татат. Бирок бул жалганда жыргап калууну, байлык жыйнап, мансапка жетүүнү максат кылып, арам менен адалды ылгабай, акыретке ишенбей алкынган пенденин айбандан айырмасы жок болот. Акыреттеги азаптан чындап корккон мусулман адам ырасында жаман иштерге барбайт.

Башына