Он тогузунчу сан

Мазмуну
Куранда жана сүннөттө мусулман адамды адал эмгек кылууга, иштөөгө үндөгөн аят-хадистер арбын.
Жума сүрөсүнүн 10-аятында Алла Таала мындай буюрат:
«(Жума) Намаз аяктаган соң жер бетине тарагыла! Алланын ырайымын (адал ырыскысын) табуу үчүн иштегиле! Анан да Алланы көп эстегиле, ийгиликке (түбөлүк бакытка) жетесиңер».
Мына ушул жана башка аят-хадистерди эске алган аалымдар адал эмгек менен киреше табууну өзүнчө ибадат деп эсептешет. Ошону менен бирге мусулман адам жеке өзүнүн да, өз карамагындагы адамдардын да муктаждыктарын адал жол менен камсыздашы парз өкүмүндөгү иш болуп эсептелет. Ал эми иштөө мүмкүнчүлүгү боло туруп элден кайыр суроого шарият жол бербейт. Кайырчылык алты саны аман-соо иштөө мүмкүндүгү бар адам үчүн ар-намыска доо кетирген, адамдык кадырды аяк асты кылган, адамды жалкоолукка түрткөн жат иш.
Ошону менен катар Пайгамбарыбыз төмөнкү үч топко кирген адамдардын кайыр сурашын адал деп эсептеген:
1. Бир адамга же коомчулукка өкүл болуп карызга белчеден батып карызын төлөй албаган адам.
2. Кандайдыр бир кырсык себептүү мал-мүлкүнөн түп орду менен ажыраган адам.
3. Кембагал жакыр адам. Булардан сырткары бир күндүк тамак-ашы бар, алты саны аман-соо адамдын кайырчылык кылышы адал эмес (Муслим, Зекет, 109; Абу Давуд, Зекет, 36).
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) кайырчылыкты кесипке айлантуу терс жосунга жатаарын баса белгилеген: «(Эмгек кылуу мүмкүнчүлүгү болсо да) Кайырчылыктан такыр кайтпаган адамдар бар. Кыямат күнү мына ошондой адагерчилиги төмөн адам Алланын алдына жүзү этинен ажыраган абалда барат» (Муслим, Зекет, 103). «Кимде-ким мал-мүлк чогултуу үчүн кайырчылык менен алектенсе, ал элден от-жалын сураган болуп эсептелет» (Муслим, Зекет, 105). «Кайырчылык кылууга караганда бир кучак отун терип, аны (базарга) сатканыңар алдаканча артык...» (Муслим, Зекет, 107).
Кайырчылык кылуу арийне, терс көрүнүш. Кайырчылыкты кесипке айландырып алганга акча берүү дурус эмес. Кайыр-садаганы чыныгы муктаж адамга берүү керек. Ислам дини мусулмандарга зекет берүүнү парз кылып, кайыр-садага берүүнү сооптуу иш катары сунуш кылат. Кедей тууган-туушкандарга каралашууну милдет катары көрөт. Ырас, Ислам дининин буйруктары толук орундалганда, кайырчылык болмок эмес.