Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Дүйнөлүк адабияттан

Алишер Навойи 1441-жылы Ооганстандын Херат шаарында жарык дүйнөгө келген. Алгачкы билимди Хераттан алып, кийин Мешхедден уланткан. Билимин жогорулатуу максатында Самаркандга сапар алып, ал жерде да окуган. Убакыттын өтүшү менен дээриндеги уюткулуу шыгы ойгонуп дүйнөгө таанымал акын жана суфий болгон. Алишер Навойи Малик Хусайн Байкаранын учурунда вазирлик жана даткалык вазийпаларды аркалаган. Акындын ырларынан Накшибанди тарикатынын шейхи саналган Абдуррахман Жаамиге кол берип, аны шейх туткандыгын аңдоого болот. Ошондой эле Алишер Навойи бир канча чыгармаларды жазуу менен Чагатай тилинин жана адабиятынын сакталып калышына, өркүндөп-өсүшүнө зор салымын кошкон. Ошону менен катар медресе, китепкана, көпүрө, мечит, бейтапкана, кербен сарай, мончо жана кудук сыяктуу элдин керегине жараган имараттарды куруу менен бирге илим чөйрөсүнө умтулгандарга колдоо көрсөткөн. Кыязиддин Хандмирдин (өл:941/1531) «Макаримул ахлак» аттуу чыгармасы Алишер Навойинин өмүр таржымалын чагылдырган китептердин негизгиси болуп эсептелет. Алишер Навойи 1501-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын «Насайимул-махабба», «Лисанут-тайр» жана «Махбубул-кулуб» аттуу чыгармалары тасаввуфтук өңүттөн маанилүү казына десек жаңылышпайбыз.

1. Насайимул-махабба

Алишер Навойи Абдуррахман Жааминин сопулардын өмүр баяны жана алардын айткан ибараттуу сөздөрүн камтыган «Нафахатул-унс» аттуу чыгармасынын айрым жерлерин кыскартып, айрым темаларга кошумча маалыматтарды кошуп «Насайимул-махабба мин шамайимул-футувва» деген ысым менен Чагатай тилине которгон. Бир топ жаңы маалыматтар кошумчалангандыктан бул эмгекти өз алдынча китеп катары таанууга болот. Ал эми «Насайибу мансур» аттуу эмгегин 901/1495-жылы жазып баштаган.

Абдуррахман Жаами «Нафхатул-унс»та 601 сопунун өмүр баянын жазган болсо, Алишер Навойи «Насайимул-махабба»да 770 сопунун таржымалын иликтеп жазган. Бирок Алишен Навойи түрк шейхтери, т.а. Яссавий тарикатынын өкүлдөрү тууралуу маалыматтарды кайсы булактан алгандыгын көрсөткөн эмес. Болжолдо булар ошол мезгилдердеги эл арасында айтылып жүргөн ооз эки баяндардан жыйнакталса керек. Алп акындын бул эмгеги Яссавий тарикатын изилдөөчүлөр жана кийинки муундар үчүн табылгыс байлык экенин эске түйүп алуу зарыл. Ар түрдүү кол жазма менен көбөйтүлгөн «Насайимул-махабба» Кемал Эраслан тарабынан латын тамагасына оодарылып кайрадан иштелип чыккан (Стамбул-1979; ТДК басмасы, Анкара-1996).

2. Лисанут-тайр

ул эмгек Фахруддин Аттардын «Мантыкут-тайр» аттуу фарс тилиндеги китебинин усулуна ылайыкташтырылып жазылган. Башкача айтканда, аты аталган китептен которуп, айрым жерлер чыгарылып, дагы көптөгөн кошумча маалыматтар камтылып жазылган. Залкар сопу «Лисанут-тайр»ды өмүрүнүн акыркы жылдарында (1498-99) жазып Хусайн Байкаранын колуна тапшырган.

Бул эмгекте негизинен тасаввуф илимине таандык «вуслат», «тажаллии» жана «вахдат-у вужуд» сыяктуу темалар иликтөөгө алынган. Анын кыскача мазмуну төмөнкүчө:

«Күндөрдүн биринде канаттуу атпай бир жерге жыйналат. Баарын тегиз башкарып турган башчы жок болгондуктан ортодо ызы-чуу, чыр-чатак башталат. Ар кимиси өзүн жетекчиликке ылайык көрөт. Дал ошол маалда «худ-худ» аттуу кучкач-канаттуу келет да, баарына канаттуулардын «Симург» аттуу падышасы бар экенин жар салат. Ошентип баары падышаны көрүү үчүн жолго чыгат. Узак жолдун азабынан корккон айрым канаттуулар сапардын башында шылтоо айтып артка кайтышат. Алгачкылардан болуп хан сарайларда, жылуу жайларда жашаган тоту куш баарынан уруксат сурап артка кайтат. Анын артынан сулуулугу менен мактанган тоос куш (павлин), андан соң гүлгө ашык болгон булбул артка кетенчиктейт. Худ-худ ошого карабай үгүт-насаат айтып, падышанын алдына барууга чакырат. Айтылган насааттарга кулак төшөгөн канаттуулар падышанын алдына барганга чейин худ-худдун өзүн жолбашчылык кылуусун баары бир ооздон өтүнүшөт. Худ-худ алардын сунушун кабыл эткиси келбейт. Тилекке каршы, чучукулак тартылып, жолбашчылык кылуу (шейх) худ-худка жүктөлөт. Чыныгы машакаттуу жол ошондон тарта башталат. Худ-худ жол ката аларга Улуу Жараткан тууралуу маалыматтарды, жашоонун, өмүрдүн түпкү маани-маңызын, акыйкаттын тереңинде жаткан акыйкаттарды айтып берет. Машакаттуу сапар учурунда тайгак ашуу, тар кечүүлөрдөн жана жалама зоокалардан өтө албай көптөгөн канаттуулар дайынсыз жок болот. Акырында 30 гана канаттуу калат. Кайраттан жанбай жетип келген канаттууларды каалганы тосуп турган желдет падышанын сарайына киргизбей койот. Канаттуулар үмүтү үзүлүп маанайы чөгөт. Алардын маанайын көтөрүү үчүн худ-худ жанталаша жакшы сөздөрдү айтат, «вуслат» багына ээрчитип кирет. Бактагы ар бир гүл күзгүгө айланат. Канаттуулар күзгүдөн өзүн көрөт. Ошондо алар Симургдун чагылышып көрүнгөнүн байкашат»

Түрдүү кол жазма менен бир топ нускада жазылып чыккан Лисанут-тайр1 Шарофиддин Эшанхужаев тарабынан арап тамгасы менен Ташкентте жарык көргөн2 . Ошондой эле латын тамгасы менен жазылган түрү Мустафа Жанполат тарабынан Түркияда басылып чыккан3 . Ал эле эмес Чыгыш Түркстандын Үрүмчү шаарында да уйгур тилинде «Булак» аттуу журналда да жарыяланган4 . Алишер Навойинин калган төрт чыгармасы жана «Лисанут-тайр» китеби Чыгыш Түркстанга караштуу Яркент аймагынын жетекчиси Мирза Мухаммед Хусейндин өтүнүчү менен молдо Сыддык Яркендий тарабынан 1813-жылы кара сөз түрүндө жазылып чыккан. Молдо Сыддык бул жыйнакка «Нашри Нама-и Наваи», «Нашри Мирза Мухаммед Хусейн Бек» жана «Булбул-и гулшан-и Наваи» деген ысымдарды ыйгарган5 .

3. Махбубул-кулуб

Үч бөлүмдөн турган «Махбулул кулуб» 1500-1501 жылдары Чагатай тилинде жазылган. Биринчи бөлүм коомчулуктагы түрдүү кесиптерди аркалаган адамдардын абалы тууралуу кеп салат. Экинчи бөлүм тооба, зухд, таваккул, топуктуулук, сабырдуулук, сылыктык, зикир, камкордук, биримдик сыяктуу диний-ахлактык темалар козголот. Үчүнчү бөлүмдө болсо «Жараткан Алла Таалага болгон эң жогорку сүйүү» темасы иликтенген.

«Махбубул-кулуб» түрдүү кесиптеги инсандардын рухий абалын чагылдырып, аларга ахлактык акыл-насааттарды айтат жана тасаввуфтук ахлакка үндөгөн икаяларды камтыйт. Бул китеп башкалардан айырмаланып өтө көркөм тил менен жазылган. «Махбубул-кулуб» Алишер Навойинин өмрүндөгү эң акыркы чыгармасы болуп эсептелет.

Түрдүү кол жазма менен басылган бул чыгарма А. Н. Кононов тарабынан түп нуска тилинде (арап) кайрадан жазылган6 . Ошондой эле аты аталган чыгарма тасаввуфтук жана адеп-ахлактык өңүттөн өтө зор мааниге ээ болгондуктан, Зухал Каргы Өлмез дагы бул чыгарманы доктордук диссертация катары иликтеп, жазып чыккан7 .


1Маселен: Стамбул, Топкапы сарайынын китепканасы. Реван №808 (вр. 19 б-54 6; Сулейманийе китепканасы. Фатих № 4056 (вр. 17 б-51а; Ташкент нускалары үчүн караңыз: А. А. Семенов. Собрание восточных рукописей, Академии наук Узбекской ССР, Ташкент-1952; , 227-230,.

2Ш. Эшанхужаев, Лисанут-тайр, Фан басмасы, Ташкент-1965.

3Алишер Навойи, Лисанут-тайр, (даярдаган Мустафа Жанполат), ТДК басмасы, Анкара-1995.

4Булак журналынын 1982-жылкы 9-11-13- сандары менен 1994-жылдын 1-санында жарыяланган. караңыз:

5Гайретжан Осман, Уйгур классик эдебият тарихи, 239-б. 2-сноска.

6А. Н. Кононов, Возлюбенный цердец; Алишер Навойи, Махбубул-кулуб, Москва-1948.

7Зухал Каргы Өлмез, Махбубул-кулуб, (иликтөө-текст-сөздүк), Хажеттепе университети, Гуманитардын билимдер институту, Анкара-1993 (жарыкка чыга элек доктордук иш).

Башына