Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Алланын сөзү

Ислам аалымдарынын пикиринде Ыйык Куран эки этапта түшүрүлгөн. Куран-и Карим алгач Жабраилге (алейхис салам) маалымдалып, экинчи этапта Жабраилден Азирети Мухаммад Пайгамбарыбызга билдирилген.

Курандын Азирети Пайгамбарыбызга кандай таризде түшүрүлгөнү тууралуу Азирети Аиша мынабуларга токтолот: Алгачкы вахий Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга түш аркылуу келе баштаган. Тактап айтканда, көргөн түшү эч кандай өзгөрүүсүз турмушка ашып турган. Көп өтпөй Пайгамбарыбыз жалгыздыкты самап, Хира үңкүрүнө обочолонот. Ал Хирадан чыкпай ибадат кылат. Азык алуу үчүн гана анда-санда үйгө келип, кайра бат эле кайтып кетчү болот. Ошол күндөрдүн биринде Жабраил Периште келип ага (саллаллаху алейхи васаллам) :

–Оку! – дейт.

–Мен окуганды билбеймин! - дейт кетенчиктей.

Периште ушул эле буйрукту үч жолу кайталап, үч жолу тең:

–Мен окуганды билбеймин!- деген жоопту алат.

Жабраил Периште Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) көкүрөгүн үчүнчү жолу кысып кайра койо берет. Ошондо Алланын алгачкы вахийи билдирилет:

«Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен (оку!). Ал инсанды уюган кандан жаратты. Окугун! Сенин Эгең (адамзатка) калемди (жазууну-катты) үйрөткөн өтө Берешен. Ал инсанга билбеген нерселерин үйрөттү» (Алак сүрөсү, 1-5-аяттар).

Мына ушул саамалык буйрук менен Алланын Элчиси аркылуу жамы пендезатка Жараткандын эң улуу белеги саналган Куран-и Карим түшө баштайт.

Азирети Пайгамбар (саллаллаху алейхи васаллам) асман каалгаларынан жер-жүзүнө мээрим жана дабаа болуп түшө баштаган Курандан эң алгач ушул аяттарды алат. Жабраил кеткенден кийин вахийдин айбаттуу коркунучунан жүрөгү үшүп, ылдам баса үйүнө кайтат.

Эшиктен капыл-тапыл кирери менен Азирети Хатижадан өтүнөт:

– Мени оро, орой салчы!

Бир топ эс алып, жаны жай тартып калган соң башынан өткөн окуяны кабагы менен тең айланган өмүрлүк жары Хатижа энеге баяндап берет.

Акырында:

- Хатижа! Эми мага ким ишенет? дейт муңайыңкы түрдө.

Өмүрлүк жолдошунун оор санаасынын аныгын аңдаган кыраакы жубайы анын көңүлүн көтөрө мындай дейт:

– Кудай алдында ант этем! Жараткан Кудерет сени эч убакта уят кылбайт. Анткени Сен тууган-уругуңду коргойсуң, колунда жокторго кол кабыш кыласың, кембагалдарга жардам берип, эч кимдин колунан келбей турган жакшылыктарды кылып келесиң жана меймандос инсансың. Ак жолунда калкка жардамыңды аябайсың…

– Оо, Алланын Элчиси! Сени эң оболу мен кабылдайм жана тастыктайм. Алланын жолуна эң биринчи мени чакыр! – дейт. Ошентип тарыхта Ислам динин алгачкылардан бо

Жолдошуна арка-жөлөк болгон Азирети Хатижа Ардактуу Элчини тууганы Варака бин Навфалга алып барат. Варака бин Навфал аламан калк жабыла буттарга сыйынып, күнөөгө малынып жүргөн кезде буттарга сыйынбастан, өзүн жаман адаттардан таза алып жүргөн адам эле. Христиан динин тутунчу. Ибрит тилин билгендиктен Инжилден окуганды, кат жазганды билген. Жашы бир топко барып калгандыктан көздөрү көрбөй калган эле.

Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) Варакага башынан өткөн окуяларды тизмектеп берет. Анын айткандарынан акыр замандын эң улуу акыйкатын аңдаган Вараканын жүзүн кубаныч чайат. Оор улутунуп бир топко ойго чөмүлүп, анан капыстан эсине келгендей сөз баштайт:

– Бул сен көргөн периште Мусага жиберилген Намуси-Акбар (Жабраил) болот. Эх аттиң, сен ошол чакырык таштаган таалайлуу күндөрдө жаш болсом канна, атаганат! Өз коомуң сени өз журтуңдан чыгарар кезде тирүү болгонумда кана! – дейт.

Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) таң калганын жашыра албай:

–Эмне алар мени ушул журтумдан чыгарышабы?

Ал аргасыздан ийинин куушура:

– Ооба! Анткени сенден мурда да дин апкелген пайгамбарлардын көпчүлүгү өз журтунан куулган. Эгер сенин үгүт-насыят айткан күндөргө чейин көзүм тирүү турса, сага албан жардамым тийбейт беле – дейт чындап кейигени жүзүнөн байкалып.

Ушул баарлашуудан көп өтпөстөн Варака да көз жумат (Бухарий, Бад-ул Вахий 1, Анбия 21, Тафсир 96; Муслим, Иман, 252).

Алгачкы вахий Азирети Пайгамбарыбызга кырк жашында келе баштаган. Ага чейин анын турмушунда айрым бир ажайып окуялар көрүлгөн. Ыйык Курандын Рамазан айында Кадыр түнү түшүрүлө баштаганын береги эки аят тастыктап турат:

«Рамазан айы-бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул Туура Жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп (көрсөтүлүп) Куран түшүрүлдү» (Бакара сүрөсү, 185-аят).

«Албетте, Биз аны (Куранды) Кадыр түнү түшүргөнбүз» (Кадыр сүрөсү, 1-аят).

"Оку!" буйругунун маңызы

Жараткан Алла Таала Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга эң алгач "Оку!" деп буйрук берген эле. Аалымдар алгачкы аяттагы аталган буйрукка төмөнкүчө түшүндүрмө беришет:

"Оку! Бардыгын оку! Жараткандын Китебин оку! Алланын аяттарын оку! Ай-ааламдын билгилигин оку! Дайыма оку! Караңгылыктан кайтып, ак жолго арыш алуу үчүн оку! Ыйманыңды кемелине келтирүү үчүн оку! Жараткан Алланын ысмы менен оку! Киши уулун топурактан жараткан, ага окуу, таанып-билүү, аңдап-түшүнүү, түшүнүгү боюнча жашоо мүмкүнчүлүктөрүн берген Улуу Кудай Тааланын ысмынан баштап оку! Адамзаадага окуу аркылуу эң чоң жакшылыкты, ак жолду көргөзгөн Алланын аты менен оку! Үйрөнүү үчүн оку! Жаратканга жакындоо үчүн оку! Жандуу-жансызга назар сала Жараткандын улуулугун оку! Жер-сууга, ой-кырга, аска-зоого көз чаптыра Жараткандын кудуретин оку! Жан-жаныбарга, сан түркүн кучкач-канаттууга, ар жерде бири кызыл, бири көк, бири саргыл, бири сыя ирең тартып жаратылышты көркүнө чыгарган гүл-өсүмдүктөр дүйнөсүнө ой чаргыта Жараткан Алланын аруулугун оку! Кудурет калеминен жаралган ар бир сөздү, ар бир тамганы оку! Адам баласына билбегенин үйрөткөн Кудай Тааланын ысмы менен оку!"


1Вахий: Алла Тааланын пайгамбарлары аркылуу адам баласына жиберген кабары

Башына