Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Хадис илиминен

Хадистин котормосу

Абу Хафз Умар бин Хаттаб (Алла ага ыраазы болсун) Азирети

Пайгамбарыбыздын (ссаллаллаху алейхи васаллам) мындай деп айтканын уктум, деди:

“Кылынган иштер ниеттерге жараша бааланат. Ар ким кылган ишинин үзүрүн ниетине жараша көрөт. Кимде-ким Аллага жана Анын Элчисине баруу, аларга кошулуу ниетинде көчсө, ага Аллага жана Анын Элчисине кошулуу үчүн көчкөндүн сообу берилет. Кимде-ким байлык үчүн же бир аялга үйлөнүү үчүн жолго чыкса (көчсө) хижрат сообу ошого жараша жазылат..” (Бухари, Бадул-вахй 1, Иман, 41, Никах, 5, Манакибул-ансар 45, Итк 6, Айман 23, Хийал 1; Муслим, Имарат 155; Ошондой эле карасаңыз болот: Абу Давуд, Талак 11; Тирмизи, Фадаилул-жихад 16; Насаи, Тахарат 60, Талак 24, Айман 19; Ибни Мажа, Зухд 26)

Хадистин себеби:

Айтууларга караганда башкалар ажылыктын сообун алуу үчүн сапар тартышса, бир адам Умму Кайс аттуу аял менен баш кошуу үчүн жолго чыккан дешет1 . Ат-Табарани «ал-Му-жамул-Кабир» эмгегиндеги ишеничтүү бир булакка таянып бул риваятты бизге баяндаган: «Биздин арабызда Умму Кайс аттуу бир аялга көңүлү бар адам бар эле. Ал аял тигил кишини хижрат кылганга чейин өмүрлүк жубай болусуна макулдугун берген эмес. Хижрат кылгандан соң экө баш кошушту. Ошондон кийин биз аны кээде «Умму Кайс үчүн көчкөн адам» деп койчубуз.

Хадистин маанилүүлүгү:

Бул хадис Ислам дининин негизи жана диний өкүмдөрүн өзүнө камтыган хадистердин бири катары кабыл алынган. Имам Ахмад менен Имам Шафи: “Илимдин үчтөн бири ушул хадисте орун алган. Себеби, пенденин ырыскысы дил, тил жана мүчөлөрү менен тыгыз байланышта» деп түшүндүрмө беришсе, Имам Байхаки:

“Инсандын иш-аракеттери жүрөк, тил өңдүү башка мүчөлөрдүн багыттоосу менен ишке ашат. Андыктан ниет жүрөктүн амалы” деген.2

Ошол себептен уламалар өз китептеринин кириш сөзүн ушул хадис менен баштоону туура көрүшкөн. Маселен, Имам Бухари «Сахих» деген даңазалуу эмгегинин кириш сөзүн бул хадис менен баштаган. Ан-Навави “Риядус-салихин”, “ал-Азкар” жана “Ал-Арбауна хадисан ан-Навави” аттуу эмгектеринде бул хадис менен баштоону туура көргөн.

Аалымдардын өз китептерин бул хадис менен баштоодогу максаты илим жолунда жана кайрымдуулук иштерде Алла Тааланын ыраазылыгына ылайык ниет кылууда жатат. Имам Бухаринин айтуусуна караганда, Азирети Пайгамбарыбыз жана кийинки халифалардан Азирети Умар ушул хадис менен кутбаны башташкан.

Имам Шафи бул хадис тууралуу мындай деген: “Ниет тууралуу айтылган хадисте фыкыхка (укукка) тиешелүү жетмиш маселе каралган. Жаман ниети менен башкаларга зыян келтирүүнү каалаган кишиге Алла Таала кыямат күнүнө чейин эч бир далил койгон эмес” 3 .

Кандай гана сөз сүйлөнбөсүн, кандай гана иш жасалбасын албетте бир ниетке такалат. Андыктан динибизде жакшы ниетте болуунун өзү өзүнчө ибадат. Бул хадис көбүнесе мүчөлөр менен кылынган иштерди камтыйт. Маселен, жолдогу ташты алып ыргытуу сооп. Уурулук кылгысы келип, бирок Алла Тааланын ыраазылыгы үчүн көңүлүндөгү жаман ниетинен баш тартса, бул дагы ибадат. Эскерте кетчү нерсе, тил менен ниет кылынганы менен чын жүрөктөн кылынбаса, анда ал чыныгы ниет болуп эсептелбейт. Башка бир хадисте айтылгандай, Жараткан Алла биздин бой келбетибизге же өң-түсүбүзгө эмес, жүрөгүбүзгө карайт, ниеттерибизди баалайт.

Абдуллах ибни Умардын аалым жана такыбаа уулу Мадинанын кембагалынын бири болгон Саалим, халифа Умар ибни Абдулазизге жазган катында мындай дейт: “Эсиңде болсун, Алланын кулуна жардамы, кулдун ниетине жараша. Кимдин ниети толук болсо, Алланын жардамы да толук болот. Аз болсо аз болот.”

Ар кимдин кылган ишинин үзүрү бул чындыкка таянат. Кылынган иш аткарылышы жагынан кемтиксиз болушу мүмкүн, бирок ал ишти түз ниет менен кылуу керек. Алланын ыраазылыгы үчүн кылынбаган иштин эч кандай баркы да, сообу да жок болот. Биздин аткарган иштерибизди ыкласмандык гана жогорку баркка жеткире алат. Мисалы элкөрсүн үчүн кылынган ибадаттар ширк кошкон менен барабар болгондуктан, бул эң чоң күнөө болуп эсептелет. Бирок башкалардын ал ибадатты орундатышына үлгү болуу ниетинде Алланын ыраазылыгы үчүн ибадат кылса, бул нары сооптуу, нары пайдалуу ибадат. Мактоо алуу үчүн кылынган ибадаттын эч кандай кадыр-баркы жок экендигин Азирети Пайгамбарыбыз айтып кеткен. Бул хадиске таяна турган болсок, кыяматта алгач бир шейит үчүн өкүм чыгарылат. Андан эмне иш кылгандыгы суралат. Актангысы келген көрпенде: “– Сен үчүн согуштум, Сен үчүн шейит болдум!” дейт. Өлгөн адамга:“ – Жалган айтасың! Эл баатыр деп аташсын деген ниетте согушка аттангансың!” деп акыйкат өкүм угузулат да, тозокко ыргыттырат. Андан соң Куранды көп окуган, илимдүү адамды, андан кийин бай адамды да ошондой эле суроолордун жана көйрөңдүгүнүн негизинде тозокко ыргытат (Муслим, Имара 152).

Түпкүлүгүндө ибадат деп эсептелбеген айрым бир иштер, түз ниет менен кылынган чакта ибадаттык деңгээлде сооптуу болот. Мисалы, тамак ичкен адам түз ниет менен «Бул тамакты ичкенден кийин күч-кубат топтоп ибадат кылам» деп ичсе, тамактануу учурунда анын амал дептерине сооп жазылат.

Ыйык Куранда Алла Таала мындай деген:

«Ким акыреттин жемишине умтулса, ага Биз анын жемишин көбөйтөбүз. А ким бул дүйнөнүн жемишин кааласа, Биз ага каалаганын беребиз, бирок, акырет жашоодо анын үлүш жок.» (Шуура сүрөсү, 20-аят).

Хадистен ала турган ибараттар:

1-Исламдын буйруктарына каршы келбеген кандай гана жакшы иштер болбосун сооп табуу үчүн түз ниет менен кылуу керек.

2-Ниетти чын жүрөктөн кылган маанилүү. Тил менен айтуунун кажети жок.

3-Түз ниетке негизделбеген иште сооп жок.

4-Адамбаласы мансап же байлык үчүн динди, диний эрежелерди колдонбошу керек.

5-Мусулман баласынын ыкыластуулугу, ниетинин тазалыгы туруктуу болушу керек.

Ардактуу окурман, жогорууда айтылган аят-хадистерге Жаратан Алла турмушубузда амал кылууну насип кылсын! Жерибизге тынчтык, элибизге ыйман берсин!


1Назым Мухаммед Султан, Кырк хадис, Гурба басмасы: 32-33. Түркия.

2Абдуллах б. Хижазий аш-Шаркавий, Фатхул мубди, Мисир-1955, 1/3.

3Файзул кадир: 1/32.

Башына