Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Ой-санаа

Жашоо эмне? Ачайын деп капкагын,
Жалгыз шуну аңдаганым – тапканым.
Ал кирпиктин ар кагышын эсептеп,
Күтүү гана... түбөлүктүн капканын.

Ал күтүү не? Куурай болуп адырда,
Таш болуубу, же чөп болуп акырда.
Же ойлонуп буурчак менен күн санап,
Акыретке көрүүбү дейм камылга.

Мезгил учат улам мага коштошуп,
Жашасам дейм жакшы менен достошуп
. Туура жүрүп таанысам не, Эгемди,
Тууган-туушкан кала электе жоктошуп.

Бир күн өттү, тагдыр тартып жебесин,
Билип туруп бул күн кайтып келбесин.
Эч капарсыз кайдыгерче кош айтып,
Үмүттөнүп күтөм күндүн эртесин.

Эртең мага атабы таң, белгисиз,
Кечээги жаз күз кийинди назданып.
Коркуп кетем, таатсыз жүргөн абалда,
Кабырымды каламбы деп жазданып.

Өмүр улам сызып барат жебедей,
Жайгаргансып баарын жашайм кенебей.
Түшүнөм ээ, ажал жетип жанымды,
Азирейил сууруп алса «келе»! дей.

Мен өмүрүм бир саам эрте сүрө албайм,
Басыгымды же маалкатып жүрө албайм.
Кадам сайын кабыр мага, мен ага,
Кездешүүлөр качан, аны биле албайм.

Курсак сылап кооз турмушту жактырып,
Адамдарды шапар тепкен каткырып.
Алмаштырбайм бети шакмар бейбашка,
Оюн курган чыбыктардан ат кылып.

Отур иним, ырыскыңды же, ич дейм,
А мен карын тойсун үчүн жеп ичпейм.
Же эңкейип жерден бир ууч топурак,
Алып көккө сапырганга жетишпейм.

Жакшылыкка толсо экен деп казынам,
Жараткандан дайым тилеп табынам.
Өлсөм экен ак үстүндө Кудай деп,
Жетимдердин сылап жатып башынан.

Башына