Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Жандүйнө жаңырыгы

«Өзүн тааныган адам Жараткан Кудуретти да тааныйт!»

Мен киммин? Кайдан келип, каякка баратам? Менин багытым кай тарапта? Мен эмне кыла алам? Мен мына минтип жаза алам, ойлоном, сүйлөйм, китеп окуйм, иштейм, чарчайм, уктайм, турам, басам, чуркайм, секирем... Бул жашоодон ушинтип жүрүп эле өтүп кетишим керекпи? Мен дене турпатыма назар салам, менин башым, тулку боюм, колум, бутум бар. Башымдагы чачым каяктан эле өсүп чыгып жатат? Же башымдын ичи толтура чачпы? Жок, андай болсо топтой болгон мобуреки башымдагы чач эбак эле түгөнмөк... Ал эми көзүмдүн үстүндөгү кашчы? Сакал-мурутумчу? Көзүм, кулагым, мурдум, оозум, тилим, бетим башыма каяктан келип жабышып калды? Көкүрөгүм, колум, манжаларым, манжаларымдагы тырмактарым, андагы издер, бутум, бутумдун манжалары кандай гана чеберчилик менен жасалган! Булар көзүмө көрүнгөн сырткы түзүлүшүм. Ал эми көөдөнүмдүн ичиндеги жүрөгүм, өпкө-боорум, ашказаным, ичеги карыным, кан тамырларым, булчуңдарым ар бири өз кызматын талыкпай аткарып жүргөндүгүн карачы! Мына ушулардын баарын үңүлө карап олтуруп сиз менен пикир алмашкым келди.

Эмне дейсиз? Булар эволюция теориясын жактагандар айткандай, кандайдыр бир бөлүкчөлөр биригип келип өзүнөн-өзү эле жаралып калдыбы? Антейин десем, мынабул отурган үйүмдүн өзүнөн-өзү эле курулуп калгандыгын, андагы буюм-тайымдарымдын, шкаф, үстөлдөрүмдүн, килем-кийиздеримдин өзүнөн-өзү эле салынып, ар бири өз ордуна туруп калгандыгын кабылдоого мажбурмун. Албетте, бул үйдү жакын туугандарым жана усталар куруп бүткөрүшкөн. Анын сыңарындай, менин дене турпатымды жараткан, ага мобуреки жанымды салган, жанымды салуу аркылуу мага көрүү, угуу, сезүү, туйуу, ой-жүгүртүү, сүйлөө, чуркоо, чарчоо сыяктуу толуп жаткан жөндөмдүүлүктөрдү ыроологон, мени менден дагы жакшы тааныган бир Күч бар! Ал кандай гана чексиз КУДУРЕТ!

Мен каякты көздөй баратам? Менин бул жашоодогу максатым эмне? Же бул жашоодогу эң негизги максатым жанымды багып, үйлөнүп-жайланып, үй-бүлөмдүн, балдарымдын камын көрүүдөн гана турабы? Компьютерди ойлоп тапкан адам компьютерди ийне-жибине чейин билгендей эле, мени жараткан, мени өзүмдөн дагы жакшы билген, мен үчүн эмне пайдалуу, эмне зыян экенин менден да артык аңдаган Кудурет бул багытта эмне дейт? Ал Кудуреттин сөзүн мен каяктан алам? Учурдагы «Кудайдын сөзү» делген Тоораттанбы же Инжилденби? Албетте, жок! Эмне үчүн? Себеби мен алардын бурмалангандыгын өз көзүм менен окуп көрдүм. Маселен, инжилдерде (жаңы осуятта) Иса пайгамбарга теңирлик таңууланса да, бир топ жерде ал «адам баласы» деп да айтылат. (Матфей, 26/2; Лука, 3/23-38) Бул адамдын акылына эч сыйбайт. Себеп дегенде, адам бир учурда Кудай Тааланын да, адамдын да баласы болушу мүмкүн эмес. Койдун козусу кой, жылкынын кулуну жылкы болот. Кулун эч качан кой болбойт. Бул мүмкүн эмес! Бул бир гана мисал. Мындан тышкары бул китептердин кээ бир жеринде адамды ирээнжиткен укмуштуудай бузукулуктар да жазылган. Мисалы, Тоораттагы (Эски осуятта) Лут пайгамбардын өз кан-жанынан бүткөн чырактай кыздары менен арак ичип алып, бир төшөктө жатышы, Жакып (Иаков) пайгамбардын Кудай менен күрөшүп, Кудайды жыгып алышы сыяктуу маалыматтардын «Кудайдын сөзү» деген китепте орун алышы кандай гана наадандык! «Кудайдын сөзү» делген мындай китептерде бир эле катанын болушу анын ыйыктыгына, анын Кудай Тааланын сөзү болгондугуна кескин түрдө доо кетирээри талашсыз чындык!

Андай болсо Жараткан Кудуреттин чыныгы бурмаланбаган китебин кайдан табам? Аны кантип билем Жараткандын сөзү экендигин? Жараткандын сөзү болушу үчүн анда кенедей дагы төп келишпестик болбошу кажет. Андагы маалыматтар анын Жараткан Кудуреттин сөзү болгондугун далилдей алышы керек. Андагы маалыматтар бул дүйнөнүн акыйкаты менен айкалышып турушу керек. Адам баласынын жандүйнөсүнө толук кандуу түрдө жаназык болууга татыктуу болушу кажет. Бул китепти өз ойу менен жазууга адам баласынын күчү жетпеши керек. Ал адам баласын физиологиялык жактан да, руханий жактан да эң жогорку деңгээлде ийне-жибине чейин билген Жаратканга гана таандык болушу зарыл. Андагы маалыматтар Буддизмдин «Трипитака же Типитакасы», Индуизмдин «Ведалары», жапондордун улуттук дини Синтоизмдин «Кожики жана Нихонгиси», шамандардын ишенимдери, гректердин мифтери жана философиялык окуулары сыяктуу адам баласына таандык болбошу кажет. Мына ушундай эң жогорку талаптарга жооп берген ыйык китеп барбы? Албетте, бар! Ал – Ыйык Куран. Курандын Ыйыктыгын, адам баласынын күч-кудуретинен сырткаркы Китеп болгондугун андагы аяттардын маанисинин адамдын колунан келбес тереңдиги, сырдуулугу, андагы кээ бир акыйкаттардын бүгүнкү күндө илим тарабынан тастыкталышы аркылуу дагы билсек болот. Маселен, ар-Рахман сүрөсүнүн 19-20-аяттарында «(Жараткан Кудурет) эки деңизди кошуп агызды. Экөөнүн ортосунда тосмо (туздуу деңиз менен тузсуз деңизди аралаштырып жибербей турган көшөгө) бар. Бири-бирине кошулбайт» деп айтылат. Өткөн 20-кылымда эле белгилүү саякатчы Кусто тарабынан бул акыйкат ачыкка чыгып, жалпыга маалым болду.

Куранда адамдын жаралышы жөнүндө көптөгөн аяттар бар. Алардын биринде:

«Биз инсанды ылай-чоподон жараттык. Андан соң аны тамчы түрүндө бекем орунга жайгаштырдык. Андан кийин тамчыдан уюган кан жараттык, уюган кандан бир үзүм этти (жасап), бир үзүм эттен сөөк жасадык да, сөөктү эт менен каптадык. Андан соң Биз аны башка бир жаратылышта өстүрдүк. Жаратуучулардын эң мыкты Жаратуучусу кандай гана Улук!» (Муминун, 12-14) делет. Муну да өткөн кылымда медицина илимдеринин доктор, профессорлору өнүккөн технологиянын жардамы менен таап чыгышты.

Манжа сызыктарын изилдеген дактилоскопия илими манжа учтарындагы издер өмүр бою өзгөрүлбөй тургандыгын, ар адамдын манжа учтарындагы издер ар башка болоорун аныктаган. Бул ачылыш 19-кылымдын аягы ченинде маалым болду. Ошондон баштап тартип сактоо кызматкерлерине кылмыштын бетин ачуу үчүн бир топ жеңилдиктер жаралды.

Жараткан Кудурет бул багытта:

«Адам баласы Биз анын сөөктөрүн чогулта албайт деп ойлойбу?! Ооба(чындыгында), Биз анын манжаларынын учунан бери өз калыбына келтирүүгө кудуреттүүбүз» (Кыямат, 3-4) деп айтуу менен манжанын ушул өзгөчөлүгүнө далай кылым мурун эле ишарат жасаган.

Ошондой эле жердин тоголок болгондугу, темирдин бир эле электронунун пайда болушу үчүн Күн энергиясынан төрт эсе көп энергия керек экендиги, тоолордун жер үстүндөгү бийиктиги анын жер астындагы пайдубалына салыштырмалуу алдаканча жапыз болгондугу жөнүндө жана башка ушул сыяктуу Куранда маалымдалган акыйкаттарга адамзат өткөн кылымда эле жетти. Бул бир!

Экинчиден, Курандагы жаамы жандуу-жансызды Жалгыз Өзү Жараткан Кудуреттин ысмы – бул «Аллах!». Муну менен мен эмнени айткым келет? Мындан үч-төрт жыл илгери эле өлкөбүздүн ар кайсы жерлеринде, анын ичинде Чүйдө адал жаныбар кой баласынын бооруна ушул Кудуреттин ысмы жазылуу болуп туулушу, аарылардын «Аллах!» деген жазуулары, булуттун да «Аллах!» деп так жана даана жазылгандыгы, алтургай 2006-жылы Баку шаарындагы арстандын, Кавказдагы буканын кадимкидей «Аллах!» дешип Жалгыз Жараткан Кудуретти жар салып даңазалашы кандай гана кашкайган далилдер! Куранда буларды тастыктаган көптөгөн аяттар бар. Маселен, алардын биринде: «Аллахты асман-жердегинин баары даңазалайт. Чыныгы Кожоюндукка да, чексиз алкышка да Жалгыз Өзү гана ылайыктуу! Ал бүт нерсеге Кудуреттүү!» (Тагаабун сүрөсү, 1-аят) делет. Эгерде Ислам дининен сырткаркы диндерден жок дегенде бирөө туура, акыйкат дин болсо, эмне үчүн алардын кудайлары өз ысымдарын мына ушундай табигый нерселерге жаза албайт? Же сүйлөтө албайт? Маселен, эмне үчүн Иегова өз ысмын, алардын ойу боюнча, өзү жараткан нерселер аркылуу далил катары көрсөтө албайт? «Мына, мен бүтүндөй жандуу-жансызды жараткан Иеговамын» деп... Демек, Куран Алла Тааланын сөзү болгондугу үчүн, Ал Өз ысмын Куранга түшүргөн. Мына ушулардын бардыгын көрүп туруп, билип туруп ким терс бурулуп кете алат, Жараткан Алланын Куран Китебинен, Анын адал жолунан?! Албетте, наадан гана! Түбөлүк бактысына өз колу менен өзү балта чапкан кайдыгер карама сокур гана!

Эми жогорудагы «Менин бул дүйнөгө келишимдин эң негизги себеби эмнеде?» деген суроомдун жообун мына ушундай адамды аң-таң калтырган керемет китептин барактарынан издеп көрөлүчү.

Зарият сүрөсүнүн 56-аятында Жараткан Кудурет: «Мен жиндерди жана адамдарды жалгыз Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым» дейт. «Ибадат» деген эмне бул? Бул тууралуу «Ислам дининин кыскача негиздери» деген китепте төмөнкүчө маалымат берилет: ««Ибадат» сөзүн араб тилинен кыргыз тилинде «моюн сунуу, баш ийүү, кулчулук, табынуу, сыйынуу» сыяктуу маанилерди туюнтат. Ислам дининде «ибадат» түшүнүгүнүн жекелик жана жалпы маанилери бар. Пенденин Алла Таалага карата бапестеген сүйүүсүн, берилгендигин далилдеген сезим-туюм, ой-түшүнүк жана амал-иштеринин бардыгы, б.а. мойнундагы милдеттерди аткарып, адал-арамга кылдат мамиле жасоо менен Алланын адал жолунан жүрүшү жалпы мааниде «ибадат» болуп саналат. Бул өңүттөн «Алла ыраазы боло турган» жалпы элдин жакшылыгы, эл-журттун пайдасы үчүн аткарылчу иштердин ар бири өзүнчө ибадат. Демек, мусулман баласы үчүн ниетине жараша ар бир ишин ибадатка айлантуу мүмкүндүгү бар. Албетте, бул жерде шариятта тыйуу салынган күнөө иштерди ибадат ниети менен жасоого уруксат берилбейт. Ырас, бул Алла Тааланын буйруктарына карама-каршы кадам таштоо дегендикке жатат. Ал эми жекелик мааниси төмөнкүчө; ибадат – Алла Таала жана анын акыркы Пайгамбары жалгыз Аллага гана кулчулук кылуу үчүн мусулман баласына буюрган белгилүү таризи бар иш-амалдар. Намаз, орозо, зекет, ажылык, кайыр-садага, Алланы эстеп даңазалоо сыяктуу. Демек, ибадаттар жана аларды аткаруунун таризи тууралуу Алла Таала тарабынан билдирилген. Муну мусулмандарга Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз үйрөткөн. (Бухарий, Азан, 18; Насаий, Манасик, 220). «Ибадат» түшүнүгүнүн жалпы жана жекелик маанилери негизи бири-бирин толуктап турат» делет. Андыктан мен Жараткан Алланын алдына жарык маанай менен барышым үчүн, мен Аны жандилим менен сүйүп, Анын мага түбөлүк бактым үчүн белгилеп берген мыйзамы менен жуурулуша жашашым гана керек. Демек, мен коомдук жашоомдо Анын «адал-арам» деген мыйзамына олуттуу мамиле жасап, адал жолдон ырыскы таап, аны адал жолго жумшашым керек. Үй-бүлөмдү адал жол менен багышым керек. Колумдан келсе, элдин кызматы үчүн көптөгөн жакшылык иштердин камын көрүшүм керек. Кедей-кембагалдарга жардам беришим керек. Ал эми жеке жашоомдо болсо, Анын буйругуна ылайык Жалгыз Өзүнө гана чын ыкластан кулчулук озуйпаларымды аткарышым кажет. Мен буларды аткаруу менен чарчабайм, тескерисинче, алардан сөзгө чак келбес ырахат, дем-күч алам. Жандүйнөм бейпилдиктин чыныгы даамын татат! Жараткандын буйругун аткаруу аркылуу жандүйнөм чыныгы бейпилдиктин сересин багындарат! Себеби мага эмне пайдалуу, эмне зыян экенин менден миң эсе артык билген Алла Тааланын ар бир жарлык-буйругу мен үчүн чексиз бакыт!

Башына