Он тогузунчу сан

Мазмуну
Кандай гана демилге, кандай гана улуу максат болбосун, ал ар тараптан бышып-жетилген, тажрыйбасы мол, биримдикти жактаган, изги ахлакка сугарылган, кайратман, сабырдуу, туруктуу жана кыраакы инсанды талап кылат.
Кайсы гана доордо болбосун турмуштун өйдө-ылдыйында ишенимдүү инсанга муктаждык боло келген жана боло берет. Башкарууда болсун, билим берүүдө, таалим-тарбияда болсун, казыначылыкта болсун.... Улуу максаттын орундалуусунда, аяр аманатты жеткирүүдө... Ишти жүргүзүүдө, сөзгө бек турууда, сырды сактоодо ишеничтүү инсан талаптын биринчи беренесинен орун алып келген.
Азирети Пайгамбарыбыз Абу Убайда бин Жаррах тууралуу:
«Ар бир үммөттүн ишеничтүү адамы болгон. Бул үммөттүн эң ишеничтүү инсаны – Абу Убайда» деген.
Абу Убайда чынчыл, такыбаа жана ибадаткөй, ошондой эле эл-журтун сүйгөн кайратман пенде болгон. Ал Шамда (Дамаскта) аким болуп турган кезде жалпы мусулмандардын жетекчиси Азирети Умар элдин абалынан кабар алуу үчүн келет. Аким Абу Убайданын үйүнө барат. Үйдөн бир кийиз менен бир чаначтан башка жарытарлык буюм көзгө урунбайт. Эмне азык-түлүк жеп жатышканын сураган ажого камыштан согулган себетти алып келет. Анын ичинен эки, үч сындырым нан чыгат. Бул жагдайды көргөн халифа:
– Бирбоорум Абу Убайда, дүнүйө бардык адамдарды өзгөрткөнү менен сени өзгөртө албаптыр... – деп сүйүнгөнүнөн көзүнөн жаш кылгырат.
Абу Убайда бин Жаррах көзү тирүү кезинде бейишке кирээри анык маалымдалган он адамдын бири болгон. Ал Азирети Абу Бакирдин себеби менен 31 жашында мусулман болгон. Мусулман болгон күндөн тарта бүт өмүрүн Исламга арнаган. Мал-мүлкү, жадагалса жаны менен дин Исламды жаю үчүн жан үрөгөн. Аны көргөн адамдар өтө сылык, адамгерчиликтүү, бир көргөндө ишенимдүүлүгүн сездире билген сүйкүмдүү инсан болгон деп эскеришет. Арык болгону менен бою узун эле. Адилеттүүлүктү, акыйкатты жактап киргенде кирген буурадай каардуу боло түшчү экен.
Ар дайым Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын жанында болгон. Ал дин үчүн бардык казаттарга катышкан каармандардын алдында жүргөн эр жүрөк болгон.
Абу Убайда Хандак жана Хайбар казаттарында болуп көрбөгөндөй эрдигин көрсөтө алган. Азирети Абу Бакир халифа болуп дайындалаары менен ага аскербашчылык милдетти жүктөгөн. Шам жана Палестина аймактарынын колго алынышында зор салымын кошо алган. Алп Византия империясы менен таймашып Сирияны куткарган.
Учурунда Шамда «веба» (чума) оорусу жайылган эле. Абу Убайда да ушул ооруга чалдыгып калат. Күн өткөн сайын абалы оорлоп барат. Ошол күндөрдүн биринде жамаатка кайрылып, төмөнкү насаатын айтып:
«Намазыңарды окугула, орозоңорду кармагыла! Кайыр-садагаңарды бергиле! Ажылык озуйпаңарды орундаткыла! Аалымдарга жана улууларыңарга болгон урмат-сыйыңардан жазбагыла! Утурумдук дүнүйөгө алданбагыла! Бири-бириңерди Алла үчүн жакшы көрүп, жылуу мамиледе болгула! Элге жакшылык кылгыла! Эң акылдуу адам – бул Алла Тааланын буйрук-жарлыктарын аткарган адам. Баарыңарды Алла Таалага гана аманат кылам. Анын чексиз ыраакымына бөлөнүшүңөргө тилектешмин. Анда эмесе, кана, Муаз, жамаатка имам бол!» деген бойдон түбөлүк сапарга аттанган экен.
Ал ошентип өз ордуна Муаз бин Жабалды (Алла ага ыраазы болсун) дайындаган эле. Муаз имам болуп намазды окуткан соң жамаатка кайрылып:
«Аллага ант болсун! Силер бүгүн дүнүйөгө ийненин көзүндөй да алданбаган, элди жакшылыкка гана чакырган Жараткандын сүйүктүү пендесинен ажырап олтурасыңар! Ал бири-бириңер менен жылуу мамиледе болушуңарды өтүндү. Анда акыңар болсо, кечкиле!» дейт көзүнөн жашын кылгыртып.
Абу Убайда (Алла ага ыраазы болсун) хижрий жылсанак боюнча 18-жылы 58 жаш курагында одүйнө салды. Мүрзөсү Иорданиянын Шариа дарыясынын батыш тарабындагы «Амтан» айылында жайгашкан. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Жараткан Алла бизди да Абу Убайда (Алла ага ыраазы болсун) сыяктуу элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ишенимдүү, Жараткан Кудуреттин ыраазылыгы үчүн элдин кызматына бар күчүн жумшаган кайратман жана аракетчил адамдардын катарынан орун алуубузду насип буюрсун...