Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Учур көйгөйү

Алла Таала адам баласын эң жогорку деңгээлде жараткан. Курандын тили менен айтканда, ал «эң мыкты келбетте» жаратылган. Адам баласы башка жандуу-жансыздардан ар тараптан айырмаланып турат. Ал алардан психологиялык жактан да, физиологиялык жактан да өзгөчөлөнүп, эң жогорку деңгээлде жаратылган зат. Ошону менен бирге бул дүйнөдөгү жаамы жандуу-жансыздардын ар түрдүү көйгөйлөргө дуушар болгону сыңары, адам баласы да дал ошондой эле ар түрдүү көйгөйлөргө дуушар болот. Анын колу-бутунун сынышы, көзүнүн көрбөй калышы, кулагынын укпай калышы сыяктуу физиологиялык ооруларга чалдыгуу ыктымалы болгондой эле, кээ бир учурларда ар түрлүү себептерден улам бар нерсени, акыйкатты четке кагуу, жок нерсени бардай кабыл алуу сыяктуу психологиялык илдеттерге чалдыгышы да толук мүмкүн.

Мына ошол психологиялык илдеттердин эң коркунучтуусу – бул ыйык Куранда кылымдардан бери баса белгиленип келе жаткан бул дүйнөдөн кийин жашоонун бүтпөстүгүн, акырет жашоосунун баштала тургандыгын четке кагуу. Бул жагдай динибиз Исламда «куфр» катары кабылданат. Адамзат тарыхынын башынан тарта Жараткандын жалгыздыгын жар салып келген пайгамбарларга дал ушул «акырет жашоосу» жаатында каршы чыгып аны четке каккандар «каапыр» деп аталып, түбөлүк бактысынан ажырашкан. Бул жерде балким: «Акырет жашоосун четке каккан адам эмне үчүн ыймандуу (Аллага ишенген) адам катары кабыл алынбайт?» деген суроо туулушу мүмкүн. Бул суроого төмөнкүчө жооп берүүгө болот: Фатиха сүрөсүнүн 3-аятында белгиленгендей, кыяматтын (жана акырет жашоосунун) ээси Алла Таала. Башкача айтканда, бул дүйнөдө биз үчүн бардык шарттарды түзүп берген да Алла Таала. Ал эң акыркы акырет жашоосун да даярдап берет. Андыктан акырет жашоосун четке кагуу аны даярдай турган Алла Тааланы четке кагуу дегенди түшүндүрөт. Бул акыл-эси соо адамдын таштай турган кадамы эмес.

Адамзат тарыхында Алла Таалага жана Анын буйрук-жарлыктарына моюн сунуп ишенгендер болгондой эле, бул жарлыктарга толугу менен каршы чыгып, Аллага ишенбегендер четтен чыккан. Айрыкча акырет жашоосу, б.а., өлүмдөн кийин боло турган жашоо көзгө көрүнбөгөн абстрактуу тема болгондуктан ар дайым талаш-тартыш жараткан маселе боло келген. Ыйманы бекем мусулмандар ыйык Куранда жана куттуу хадистерде белгиленген акырет жашоосуна ийненин көзүндөй да шек-күмөнгө түшпөй ишенишкен. Ошону менен катар Алла Таалага болгон ишеними тайыз айрым бир адамдар, толук кандуу түрдө адал жолдон адашкан атеисттер жана Ислам дининин терисин жамынган эки жүздүүлөр акырет жашоосуна ишенишкен эмес. Булар өздөрүнүн көкүрөгүндөгү ыймансыздык илдетинен жана психологиялык көйгөйлөрүнөн улам акыретке ишенбегендей эле, ишенген адамдарды да адал жолдон адаштырууга жанүрөп келишет. Эми сөз оролун акырет жашоосун четке кагуунун психологиялык себептерине бурсак:

  1. Үй-бүлөлүк абалы

    Адам баласы аң-сезими калыптанып белгилүү жашка чыккан соң коомдон тигил же бул таризде таасирленсе да, ырасында эс тартып чоңойгонго чейин баштапкы диний аң-сезимди жана ар түрлүү түшүнүктөрдү үй-бүлөсүнөн алат. Бала үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк болушуна карабастан эгер үй-бүлөдө диний баалуулуктарга маани берилбесе, тилекке каршы, ал чоңойгону менен психологиялык жактан динге жана анын негиздеринен акырет жашоосуна да толук кандуу түрдө даяр болбойт. Бул адам келечекте да туура дин (б.а., Ислам дини) менен жакындан таанышып, анын таалим-тарбиясын албаса, аны четке кага баштайт.

  2. Алган таалим-тарбиясы

    Адам баласына өмүр бою багыт берген эң маанилүү жагдайлардан бири – бул анын алган билими, көргөн таалим-тарбиясы. Маселен, кимдир бирөө эс тарткандан тарта мектепте, андан соң университетте, алтургай профессорлук даражасына чейин Алла Тааланы четке каккан атеисттик, же материалисттик, же нигилисттик окуулардын таалим-тарбиясы менен чоңойсо, анда ал бул окуулардын табыгый талабы катары же позитивист, же материалист, же атеист болуп чыга келет. Акырында ал акырет жашоосу мындай турсун, туура динди да толугу менен четке кагуудан кайра тартпай калат.

  3. Түркөйлүк (Караңгылык)

    Адамдын акыретти четке кагышынын аркасында жаткан себептердин дагы бири дал ушул түркөйлүк маселеси. Бул топтогу адамдар илим-билими жагынан ашкере сабатсыз болуп, диний багытта толук кандуу түрдө ээрчиме абалда болушат. Айрыкча диний маселелерде ашкере сабатсыздыктын жана туура эмес түшүнүктөрдүн айынан адам баласы акыйкаттарды четке кагуу психологиясына жетеленет.

  4. Байлык-бийликти ашкере сүйүү жана өлүмдү кабыл ала албоо

    Кээ бир адамдар напсинин ар түрлүү арзуу-каалоолорунун табигый талабы катары бул дүйнөдөгү жашоону, байлык-бийликти ашкере сүйүшөт. Мындай адамдар күндөрдүн биринде өлүм каалгасын аттап, Жараткан Алланын алдына такыр баргылары келбейт. Себеби жашап жаткан жашоонун ырахаты жана напсинин «четке кагуучу» шыбыштары аларга өлүмдү унуттуруп коет. Ал эми жалпыга маалым болгондой эле, ар бир адам өлүм каалгасын аттайт. Акыл-эси соо адам көз жумган жакын туугандарын эстөө аркылуу ар бир адамдын ажалы келсе, кете берээрин оңой-олтоң гана аңдап-түшүнө алат. Алла Таала бул багытта Анбия сүрөсүнүн 35-аятында: «Ар бир адам өлүмдүн даамын татат» дейт. Кыскасы, өлүмдөн да, акырет жашоосунан да эч ким эч жакка качып кутулуп кете албайт.

    Байлык-бийликти ашкере сүйүү жана бул дүйнөнүн утурумдук ырахаттарына алданып бар күчү менен акыреттен алыс болууга умтулуп, аны четке каккан адам нукура наадан болуп эсептелет. Ырас, бул дүйнөдөгү жашоонун бүтпөй тургандыгына ишенген далай чолок ойлуулардын да өтүп кеткендиктерин карт тарых өзү деле тастыктап турбайбы?! Алла Таала Анкабут сүрөсүнүн 64-аятында:<«Бул дүйнө ойун-күлкүдөн жана көңүл ачуудан гана турат» деп буйуруу менен бул дүйнөнүн утурумдук болгондугун жана ал адам баласы үчүн сынак жайы болгондуктан аны напсинин ар түрлүү азгырыктары жылоолой тургандыгын маалымдайт.

  5. Көз жумган соң кайра тирилүүнү түшүнө албоо

    Акырет жашоосун четке кагуу психологиясына шарт түзгөн себептердин бири – бул кээ бир адамдардын же ашкере рационалисттик, материалисттик, марксисттик жана позитивисттик таалим-тарбиядан өтүшүнөн улам, же такыр эле түркөйлүктөрүнөн, сабатсыздыктарынан улам өлүмдөн кийин кайра тирилүүнү жана мунун мыйзам ченемдүү талабы катары жаңы акырет жашоосун кабыл ала албоолору. Жашоо көзгө көрүнгөн нерселерден гана тургандыгын жактап, руханий ааламды четке каккан айрым бир философиялык окуулар тилекке каршы, өлүмдү дагы «жок болуу, бүтүү, түгөнүү» деген түшүнүктөр менен чектеп коюшкан. Ал эми Жараткан Алла Ахкаф сүрөсүнүн 33-аятында:

    «Көк асманды (асман катмарларын), жерди жараткан жана андагылардын баарын жаратуудан эч чарчабаган Алланын көз жумгандарды тирилтүүгө кудурети жетээрин көрүшпөйбү (түшүнүшпөйбү)? Ооба, Ал - Кудуреттүү!» дейт.

  6. Акырет жашоосунун маани-маңызынын философиялык өңүттөн түшүнүлбөшү

    Акыретти четке кагуу себептеринин бири – бул диний аң-түшүнүктөрдөн жана адеп-ахлактык акыйкаттардан оолак болуу. Бул топко кирген адамдар ар качан «Акырет жашоосунун сыры эмнеде? Эмне үчүн мындай машакаттар бар?» деген сыяктуу суроолорду беришет. Мындай адамдар өмүр бою айлана-чөйрөсүнө жана анда болуп жаткан окуяларга сабак-үлгү алуу назары менен карашпайт. Бул дүйнөдө ар нерсенин өзүнө тиешелүү акыбети болгондой эле, акырет жашоосун да бул дүйнөнүн өзүнчө акыбети катары кабыл алуу зарылчылыгы туулат. Маселен, айдоочу светофордун кызыл түсү жанган кезде өтсө, ага мамлекеттик тартип сакчылары тарабынан тийиштүү салыктар салынат. Ошондой эле адам өлтүргөн, уурулук кылган же мыйзамды бузган адамдар үчүн да тийиштүү жазалар колдонулат. Анткени булар адамдардын укуктарын тепсеп жатышат. Ал эми өз ишин так аткарып, көптөгөн жылдар бою кызмат кылгандарга мамлекет тарабынан атайын сыйлыктар ыйгарылат. Акырет жашоосу да ушунун эле мисалы. Бул дүйнөдө жасаган иштерибиздин акыбети акыретте берилет. Зилзала сүрөсүнүн 7-8-аяттарында буйрулгандай: «Кимде-ким кыпындай (болсо да,) жакшы иш кылган болсо, аны (анын акыбетин) көрөт. Кимде-ким кыпындай (болсо да,) жаман иш кылган болсо, аны (анын да акыбетин) көрөт» Андыктан толук кандуу түрдө адилеттүлүк менен өтө турган «сот» акыретте жүзөгө ашат.

    Сөздүн кыскасы, кандай болгон күндө да, биз мусулман баласы катары акырет жашоосунун боло тургандыгына ишенүүгө милдеттүүбүз. Асыресе, акырет жашоосунан күмөн саноо же аны четке кагуу өзүбүздү-өзүбүз убактылуу сооротуп жооткоткондон башка пайда алып келбейт. Себеби Күндүн Чыгыштан чыккандыгын четке кагуу бул чындыкты өзгөртө албайт.

    Жараткан Алла Таала баарыбызды аң-түшүнүгүбүз, жандүйнөбүз жана дене турпатыбыз менен толук кандуу мусулман болушубузду насип буюрсун...

    Башына