Он тогузунчу сан

Журналдын он тогузунчу саны

Мазмуну

Ыйман сабагы

Эгер адамзаада аалам ыргагына жана андагы жаамы жандуу-жансызга үлгү алуу ниети менен карек оодарса, тирүүлүктө «өлүм» акыйкатынын бар экендиги жана анын зарылдыгы менен жакындан таанышкан болот эле.

«Жер жүзүндөгү бүт нерсе убактылуу...» (Рахман сүрөсү, 26-аят).

«Мүлдө жан өлүмдү татат» (Анбия сүрөсү, 35-аят).

Адам адам болуп жаралганы көрөөр күнү, ичээр суусу түгөнгөн саатта тытынып жыйган дүйнөсүнөн кыпынчалык алалбай көз жумуп кете бергенин карт турмуш көз көрүнөө тастыктап келсе да, адам баласынын алданып калганы жан кейитет... Анан дагы, күн алыс көрүстөн, күмбөз жана жаназа окугандарды көрүп, орду толгус жоготууга кабылгандардын муңдуу ыйын угуп турса да, камаарыбаган адам баласы өзүн өлбөөчүдөй сезип келет. Акырындык менен өсүп келе жаткан денеге рух салынып, эне курсагы аркылуу бу дүйнөгө көз ачты дегиче адампенде алп өлүмдүн жолоочусу болот. Бул кашкайган чындыкты жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Адам баласы убактылуу сапарда экенин же кам көрүү майданында турганын качан элестетээр экен? Адаттагы эле күндүн биринде чымын жан чыркырайт, түбөлүктүүдөй көрүнгөн өмүр соолуп, рух денеден бөлүнөт. Андан ары акырет талаасына карай кабыр сапарын улантат.

«Биз кимге узун өмүр берген болсок, анын жаратылыш турпатын алсыз кылып койобуз. Акыл калчашпайбы?» (Ясин сүрөсү, 68-аят).

Кулчулук озуйпаны Алла ыраазы боло тургандай калыс өтөп, акыреттик бактылуулукка жетүү адам баласынын алгы максаты болушу зарыл. Азирети Пайгамбарыбыз бир хадисинде мындай деген: «Напсинин азгырыгына жана кумарына моюн сунбаган жана акырети үчүн кам көргөн жан - акылдуу адам...» (Тирмизи, Кыямат, 25/2459).

Өмүр чыныга тамган тамчы сыяктуу. Чыныны толтурган соңку тамчы - кишинин акыркы деми.

Хадисте: «Кимде-ким (өлүм алдында): «Алладан башка Кудай жок» деп айткан болсо, бейишке кирет» (Абу Давуд, Жанаиз, 15-16/3116; Хаким, I, 503) делет.

Мындайча айтканда, жүрөктөгү маанисиз кумар, ышкы жана напси арзуусун тыйып, дилди Аллага буруп, өмүрүнүн акыркы демине чейин мына ушундай рухий туруктуулукта жашап өткөн болсо, ыйманы саламат кетти, жайы бейиштен болду деп үмүт байланат. Башка өңүттөн караганда, Исламга шайкеш келбеген жашоону кечирген пенделер акыркы мөөнөттөрдө «Лаа илааха иллаллах» - деп тил күрмөөгө күчү келбей калышы ыктымал. Анткени Алла Элчиси мындай деген:«Адампенде кандай жашаса, дал ошондой өлөт, кандай өлгөн болсо, дал ошондой абалда тирилет» (крз. Муслим, Жаннат, 83; Мунави, V, 663).

Акыркы дем бууланбаган, таза күзгү сыяктуу. Адамзаада өзүнүн ким экендигин акыркы демди берээр алдында таасын тааныйт. Өлчөлүү өмүрдүн эсеп-кысабы көз алдына тартылат. Мына ошондуктан адам баласы үчүн ажал кокологон учурдан өткөн ибараттуу көрүнүш жок.

«Кабыр (тирүүлүктөгү амалдарга жараша) бейиштин бир багы же тозоктун бир чуңкуру» (Тирмизи, Кыямат, 26/2460).

Оопасыз бул ааламдан түбөлүктүү дүйнөгө ыйманды саламатта алып өткөн мыкты пенде болуу жана кабырыбызды бейиш багына айлантуу үчүн тирүүлүктө жакшылап кам көрүү кажет. Тактап айтканда, акыреттеги жыргал жашоо үчүн жакшылык иштер, туура багыт жана адамдык изги сапат бул дүйнөдө талап кылынат.

«Өлүм келгенге чейин Раббиңе кулдугуңду өтө!» (Хижр сүрөсү, 99-аят).

Аллага жана Анын Элчисине сүйүү арнап, моюн сунуп, саналуу өмүрдү изги иш-амалдар менен саймалаган өзгөчө кулпенделерге Жараткандын жакшылыгы тийип, акыркы мөөнөттөрдө күбөлүк келмесин айтып, анын рухий бейпилдигине бөлөнгөн бойдон көз жумушат. Адамдардын көбү мына ушунун тескерисине туш болушат. Анткени алар напсинин көз бойомочулугуна, шайтандын азгырыгына алданып, рухий сапаттарды бүлгүнгө учураткандыгы үчүн бул дүйнөдө кандай жашап жүргөн болсо, дал ошондой ит өлүмүнө кабылышат.

Азирети Пайгамбарыбыз үммөтүнө эскертүү иретинде:

– Өлгөндөн кийин баары бушайман болушат.

Таңданууну жараткан сөзгө түшүнө бербеген сахаба суроо узатат:

– Пайгамбарым, адамдар эмне үчүн бушайман болушат?

«-Дүйнө салган адам мухсин (жакшылыктуу, кайырымы мол, салих) пенде болсо, мына ушул изгиликтерди дагы да өркүндөтпөгөнү үчүн; эгер (көз жумган пенде) жаман адам болсо, жаман жолдон кайтпаганы, жүрүм-турумун оңдобогону үчүн бушайман болот» деген.

Алла Таала пенделерине эскертүү берип:

«Эй, ыйман келтиргендер! Мал-мүлк, бала-бакыра Алланы эскерүүңөргө тоскоол болбосун. Эгер кимде-ким ушундай кылса, зыянга учурары анык. Ажал келген соң кайсыдыр бириңердин : «Оо, Раббим, салих пенделерден болуп, мол кайрым кылайын, өмүрүмдү бираз узартчы!» деп айтышынан оболу, ырыскы катары силерге берилгендерден Алла жолуна каржагыла. Бирок Алла тирүү жанга ажал жеткен кезде аны эч качан кечиктирбейт. Эмнени жасаба, Алла аныгын билип турат» (Мунафикун сүрөсү, 9-11-аяттар) деген.

Жыйынтыктап айтканда, ар башка келчү бир өлүм жана кыяматка чейинки кабырдагы жашоо бу дүйнөдөгү кылган иш-аракетибизге, жүрүм-турум, адеп-ахлагыбызга жараша өзгөрөт. Бу дүйнөдө ыкластуулук менен орундатылган жакшы амалдар түбөлүктүү ааламга көчкөндө бактылуулукка жеткирер байлык болот! Бул кашкайган чындык.

«Эй ыймандуулар! Алладан корккула. Мүлдө адампенде эртеңкинин камын көрсүн. Алладан корккула. Анткени Алла жаамы иш-аракетиңерден кабардар» (Хашр сүрөсү, 18-аят).

Изгиликтин ибараттуу элестери

Абдулла бин Умар (Алла ага ыраазы болсун) мындай дейт:

«Алла Элчиси менен чогуу отруганбыз. Ансар мусулмандарынан бир адам келип эсен-соолук сурашкан соң суроо узатты:

– Оо, Алла Элчиси! Кандай адам момундардын эң шарапаттуусу болот?

– Ахлагы эң мыкты болгон адам!

– Андай болсо, момундардын эң ахлактуусу ким?

«–Өлүмдү көп эстеген жана акырети үчүн жигердүү кам көргөндөр. Мына ушулар чыныгы акылдуулар деп эсептелет» деп айтты Пайгамбар» (Ибн-и Мажа, Зухд, 31).

***

Өлүмгө, акыретке даярдык көрүү үчүн кабыр, кыямат жана акыреттеги айрым абалдын кандай болоору тууралуу Азирети Пайгамбарыбыз кеп айткан:

«Мусулманга ажал жеткен маалда ак кийинген мээримдүүлүктүн периштелери келип:– Сен Раббиңе ыраазы бол, Ал да сенден ыраазы болсун, чык денеден! Мээримдүү Аллага багыт ал!..

Мына ушул сөздөн кийин рух денеден кудум аңкыган атыр сыяктуу бөлүнүп чыгат. Периштелер аны тээ асмандын каалгасына чейин колдон колго өткөрүп алып чыгышат да:– Жерден келген бул жыт абдан жагымдуу! дешет бир ооздон. Андан соң аны момундар руху чардаган жайга алып барышат. Момундар анын келишине жоготкон кымбат буюмун тапкан адамдан артык сүйүнүшөт. Алар андан дүйнөдөгү тааныштарынын ал-абалын сурашат. Айрым рухтар суралгандар тууралуу: – Койгулачы ошону, ал дүнүйөнүн кызыгына батып кеткен дешет.

– Баланча уулу түкүнчө бу дүйнөгө өткөн эле, келген жокпу жаныңарга? деп сурайт жаңы келген рух.

– (Оо жарыктык, ал дагы өттү дечи) келбегенине караганда Хавия тозогуна ташталган тура! Ажалы жеткен каапырга азаптачу периштелер кылдан токулган катуу чепкен ала келишет да:

– Оо, курган жан ачуулуу чык бул денеден, Алланын азабын тарта чык өзүңөн, Анын азабына чурка! дешет. Айтып оозду жыйгыча сасыган тарптын жытындай буруксуп кишиден жан чыгат. Периштелер аны колдон колго өткөрүп жер каалгасына алып келишет да:

– Бул эң жийиркеничтүү сасык жыт! деп жийиркенишет. Акырында аны каапыр рухтардын жанына алып барышат (Насаи, Жанаиз, 9).

***

Сахабанын бири Алла Элчисине (салллаллаху алейхи васаллам) суроо узатат:

«– Пайгамбарым! Кыямат күнү Улуу Алланы көралат бекенбиз?

– Чак түштө, асман чайыттай ачык турган кезде күндү көрүү үчүн бири-бириңерди түртүп жүткүнөсүңөрбү?

– Жок!

– Көк бетинде томуктай булут жок кезде төбөдөгү айды көрүү үчүн бири-бириңерди түрткүлөйсүңөрбү?

– Жок!

– Кудурети Улук Алланын атына ант этип туруп айтамын! Кудум төбөдөгү күндү жана айды көрүү үчүн бири-бириңерди түрткүлөбөгөнүңөрдөй эле Раббиңерди жайбаракат көрө аласыңар. Пенде ошентип Алланын алдына барат. Жараткан: – Эй, баланча! Мен сага жакшылык ыроолободумбу? Сенин баркыңды көтөрбөдүмбү? Өмүрлүк жарды сага тартуулабадымбы? Ат менен төөнү кызматыңа сунбадымбы? Башчылык кылуу, олжонун төрттөн бирин алуу мүмкүнчүлүгүн бербедимби? деп сурап баштайт.

– Баарын бергенсиң Улуу Алла Таалам!

– Андай болсо, Мени менен бетме-бет келүүнү оюңа албадыңбы?

– Жок....

– Тиги дүйнөдө Мени унутканың сыяктуу Мен да сени унутамын.

Кезек экинчи пендеге келет. Оболкудай суроо ага да берилет. Үчүнчү болуп кезек күтүп турган пендеден дал ошондой соболдор суралат. – Ооба! Оо, Жараткан! – дегенден башканы айтууга жарабайт.

– Мени Менен жолугууну эч бир оюңа алган эмес белең?

– Оо, Жараткан! Сага, китептериңе жана пайгамбарларыңа ишендим. Намаз окудум, орозо кармадым, кайыр-садага бердим! деп бар мүмкүнчүлүгүн жумшап Кудай Тааланы жерге-сууга тийгизбей мактап, жактайт.

– Токтой тур пендем, айткандарыңды аныктоо үчүн азыр бир күбө чакырылат - дегенди уккан пенде:

– Ким болду экен, мага каршы күбөгө өтө турган - деген суроого баш катырып, ичтен сыздайт. Аңгыча кулпенденин оозу мөөрлөнөт.

– Кана айткыла! - деген буйрук берилгенде, кашка жилигинен тарта эти, сөөгүнө тил бүтүп, анын бүтүндөй жаман кылык-жоруктарын айтып, далилдеп берет. Өзүн актап-жактабашы үчүн мына ушул иш жараян этти. Бул адам Алланын азабына кабылган мунафык (Ислам дининин терисин жамынган эки жүздүү) эле» (Муслим, Зухд, 16).

Бүт дене-мүчө жана жер бетиндегинин баары күбөгө өтөөр ошол оор суракта адамзаада күнөөлөрүн кантип жашыра алат? Андыктан кыяматтын кыйын күнүндө уятка калбоо, түбөлүк азапка жанбоо үчүн өлчөлүү өмүрдү кылдаттык менен жашоо абзел.

***

Азирети Али (Алла ага ыраазы болсун) мындай деген: «Дүнүйө далысын салып кетип баратат. Акырет болсо жылуу жылмайып тосуп келатат. Экөөнүн тең өзүнө таандык талапкерлери бар. Силер дүнүйөнүн эмес, акыреттин талапкери болгула! Бүгүн сурак жок, амал, ибадат жасай турган күн. А эртең амал, ибадат кылганга эч бир мүмкүнчүлүк жок, сурак берүү бар!» (Бухари, Рикак, 4).

Муну, кудум сынак бөлмөсүнөн чыккан окуучунун каалгадан кадам таштап чыккандан тарта сынактын суроолоруна жооп жаза албашына, ала турган баасын жогорулата албашына салыштырууга болот....

Айрым аалымдар Азирети Алинин бул насыятын минтип толукташкан:

«Дүнүйө артын салып зымырап кетип баратат. Акырет болсо бизге карай келе жатат. Далысын салып жеткирбей бараткандын артынан чуркап, өзүнө карай келе жаткан акыйкатка артын салган адамга кантип таң калбайсың».

***

Акыркы дем маселеси жаатында пайгамбарлардан сырткары эч бир жанга ишеним жок. Жадакалса Жусуп пайгамбардын Аллага:

«... (Оо, Жараткан Алла Таалам!) Жанымды Өзүңө моюн сунган абалда алып, мени салих пенделердин катарына кошо көр!» (Жусуп сүрөсү, 101-аят) деп мунажат кылышы пайгамбарлардын да акыркы дем үчүн санаага батканын айгинелеп турат. Андыктан акыретке азык камдоо үчүн берилген мөөнөттү кайдыгер өткөрбөө кажет.

***

Имам Газзалинин төмөнкү насааты абдан орундуу:

«Багымдатты окуган соң жаңы күндү тоскондон оболу бардык момундар бир саамга өз напсиси менен жалгыз олтуруп аны тизгиндеп, айрым шарттар боюнча убадалашып алганы абзел. Маселен, кайсы гана соодагер болбосун, сатыктагы буюмун шеригине тапшыра турган болсо, анын убадасын алып, келишим түзөт. Ошол эле учурда эскертүү бериши да толук ыктымал. Адамзаада өз напсисине:

«– Өмүр менин мүлкүм. Өмүр өчсө, байлыгым да, кирешем да кошо өчөт. Бирок ушу азыр жер ааламды жарыта турган күн мен үчүн жаңы күн болуп эсептелет. Алла Таала мага мүмкүнчүлүктү бүгүн да берди. Эгер Ал менин жанымды алганда, бир күнгө болсо да эрте кетип, азыркыдай жакшылык иштерди жасай алмак эмесмин. Сен болсо өлгөнүңдү, артка кайтарылгаңды элестет. Андай болсо бүгүн күнөө менен арам ишке жакын жолой көрбө! Көз ачып жумганчалык убакытты да текке кетирбе! Ар бир дем, акыйкатта да, баа жеткис немат, байлык.

Жыйырма төрт сааттык күн менен түн бир күн болуп эсептелээрин эсиңе жакшылап түйүп ал! Кыяматта адампенденин алдына өмүрдөгү ар бир күн үчүн жыйырма төрт даана кулпулуу куту коюлат. Кутулар бирден ачыла баштайт. Ошол саатта жасаган изги амалдары үчүн биринчи кутуга нур толтурулганын көрүп, Алла берген сый экен деп ушунчалык катуу сүйүнөт. Анын ошол сүйүнчү тозоктогу мүлдө адамга таратыла турган болсо, алар тозок азабын сезбей калышмак. Кезек менен экинчи кутуну ачат. Пенденин ошол сааты күнөө менен өткөндүктөн кутудан өрдөгөн караңгылык жүрөк үшүн алат, коңурсуган сасык жыты каңылжарды жарат. Ал буга абдан капаланат. Анын кайгысы бейиштегилерге калыс таратыла турган болсо, бейиштегилер бейиштин жыргалын сезбей калышмак. Ачылган үчүнчү куту такыр эле бош чыгат. Себеби ошол күн уйку же мубах нерселер менен өткөрүлгөн. Бирок кыпындай да сооптун муктаждыгы мукураткан ошол күндө, мүмкүнчүлүгү бар туруп албан кирешени жоготуп алган соодагердин аттиңинен да эселеген бушаймандык пенденин демин суутуп, көңүлүн чөгөрөт.

Эй, напсим! Андай болсо, мүмкүнчүлүк колдо турганда сандыгыңды соопко толтур! Бош калтыра көрбө! Жалкоолукка моюн бербе, болбосо өтө бийиктен кулайсың!» деп эскертүү бериши керек.

***

Жыйынтыктап айтканда, адампенде ыйман менен көз жумуш үчүн асыл сапат, ийги жүрүм-турумду көкүрөккө сиңирип, Алланын өкүмдөрүн кынтыксыз аткарышы зарыл. Анткени мына ушундай жол менен такыбаалыкка жетүү, туура жолдун жолоочусунун жышааны. Мавлананын береги сөздөрү кудум тазалануунун маңызын аңдатып тургандай айкын: «Таш менен да, жыгач менен да көрүстөн жасоого болбойт. Таксыз жүрөктөн, өз жандүйнөңдөн өзүңө жай казышың керек. Муну жүзөгө ашырыш үчүн Кудереттүү Алланын алдында өз арам эңсөөңдү жана текеберлигиңди жыгышың кажет».

Аягында арууланган напси менен ибадатты орундатып, кайрым-садага таратып, акыретке даярдануу кажет. Бүт өмүрдү салих амал менен шөкөттөп, тынымчалык мезгилге Улуу Алланы унутпаган кулпендеге мына мындай сүйүнчү айтылган:

«Чындыгында: «Эгебиз Алла» деп, туура жолдо жүргөндөргө периштелер келип: «Коркпогула! Санаага батпагыла! Убада кылынган Бейишке сүйүнгүлө» дешет» (Фуссилат сүрөсү, 30-аят).

Мына ушул сүйүнчү кабардын алкагынан орун алууну Алла Таалам жалпыбызга насип кылсын! Оомийн!...

Башына