Он тогузунчу сан

Мазмуну
«Акырет» Ислам ишеними боюнча, бул дүйнөдөн кийин баштала турган түбөлүк жашоонун аты. Бул ишеним, б.а., көз жумгандан кийин кайрадан тирилүү ишеними көптөгөн диндерде бар. Анын ичинде байыркы түрктөрдүн ишениминен да бул түшүнүктү кездештирүүгө болот. Учурунда алар көз жумган адам менен бирге ага жаңы жашоосунда керек болоор деген ниетте айрым бир буюм-тайымдары, азык-оокаттары кошо көмгөн.
Ислам дини башка диндерге салыштырмалуу акырет ишенимине өзгөчө басым жасаган. Муну Ислам дининин акыретке ишенүүнү ишеним негиздеринин бири катары кабылдашынан эле байкоого болот. Кээ бир аалымдар акыретке ишенүү Алла Таалага ишенүүдөн кийинки эле эң маанилүү ишеним негизи болгондугун айтышкан. Мына ошондуктан Куранда акырет ишеними дайыма Алла Таалага болгон ыйман менен бирге орун алып, бейишке кирүүнүн негизги шарттарынан бири катары эскерилген.
Аяттардын биринде:
«....ким Алла Таалага жана акырет күнүнө ишенип, жакшылык иш кылса, ал үчүн Жараткан Эгесинин алдында сыйлык болот. Аларга эч кандай коркунуч да, кайгы-капа да болбойт» (Бакара сүрөсү, 62-аят) деп буюрулат. Курандын дагы бир топ аяттарында акыретке ишеним Алла Таалага ишенүү менен бирге эскерилген. Бир канча кыска сүрөлөрдөн тышкары Курандагы сүрөлөрдүн бардыгында акырет жөнүндө түздөн-түз же кыйыр мааниде маалымдалат. Маселен, беш маал намаздын ар бир ирекетинде окулган «Фатиха» сүрөсүндөгү «яумиддин» сөзү да акырет күнүнө ишарат жасайт. Кыскасы, акырет ишеними Куранда Алла Таалага ишенүүдөн кийин эле өзгөчө басым жасалган эң негизги тематикалардан бири болуп эсептелет.
Куранда акыретке мынчалык өзгөчө басым жасалышынын албетте, өзүнө таандык бир катар маанилүү себептери бар. Акыретке ишеним Ислам дининин ишеним негиздеринен бири болуу менен бирге адам баласынын психологиялык жана коомдук жашоосунда да өзгөчө маанилүү орду бар.
Бул маселеге өтүүдөн мурун алгач акырет ишеними жөнүндө азыноолак маалымат бере кетсек:
Ислам дини боюнча, ар бир адам көз жумган соң учуру келгенде кайра тирилет. Кайра тирилүүнүн учуру кыямат күнү келип «акырет» делген жашоо башталганда келет. Акыретте адам баласы Алла Тааланын алдында бул дүйнөдө жасаган ар бир ишинен суракка тартылат. Бул дүйнөдө жасаган иштеринин бардыгы көрсөтүлөт. Буга бардык адамдар күбө болот. Ал жерде көрсөтүлгөн ар бир ишке карата ага суроолор берилет. Адам баласы көрсөтүлгөндөрдүн кээ бирин «муну мен жасагн эмесмин» деп четке кагып, калп айтууга ашыгат. Бул учурда Алла Таала кол, бут сыяктуу мүчөлөрүнө тил киргизип сүйлөттүрөт. Алар эмне жасаган болушса, ар бирин төкпөй-чачпай айтып беришет.
Бул багытта Куран аяттарынын биринде мындай делет: «Ал күнү Биз алардын оозуна мөөр басабыз. Бизге алардын колдору сүйлөп берет. Ал эми буттары алардын эмне кылышкандыгы тууралуу күбөгө өтөт» (Ясин сүрөсү, 65-аят). Мындан сырткары дагы бир катар аяттарда башка мүчөлөр да күбөгө өтө тургандыгы маалымдалат.
Аяттардын биринде:
«Акыры алар ал жерге (махшар майданына) барган кезде өздөрүнүн кулактары, көздөрү жана терилери алардын бул дүйнөдө жасаган иштерине карата күбөгө өтүшөт. Алар терилерине: «Эмне үчүн бизге күбө болдуңар?» дешет. Терилери: «Бүт нерсени сүйлөтүүгө Кудуреттүү Алла Таала бизди сүйлөттү...» деп жооп беришет...» (Фуссилат сүрөсү, 20-21-аяттар) деп буюрулат.
Сурак бүткөндөн кийин ар бир адам өзү татыктуу жерге барат, же бейишке, же тозокко... Ислам дининин акырет ишеними мына ушундай.
Жалпыга маалым болгондой эле, Алла Таала адам баласына пайгамбарларын жиберип, ыйык Китептерин түшүрүү менен Өзүн таанытып, бул дүйнөдө да, акырет жашоосунда да бактылуу өмүр сүрүшү үчүн белгилүү эреже-мыйзамын билдирип, ага баш ийүү зарылчылыгын талап кылган. Жараткан Алла бул дүйнөдө ошол мыйзамга баш ийгендерди акыретте бейишке, баш ийбегендерди тозокко киргизээрине сөз берген. Негизи адамдар өз алдынча жашоолорунда Алла Таала койгон ушул мыйзамга окшош системаларды түзүшкөн. Алар да өз мыйзамдарында кээ бир иштердин кылмыш, айып болгондугун тактап, ал иштерди жасагандарга карата жаза колдонулаарын белгилешкен. Бирок адамдар белгилеген мыйзамдар күнөө кылган адамдын күнөөсү аныкталган чакта гана күчүнө кирет. Эгер адам эч ким көрбөй турган жерде күнөө ишке барган болсо, жана бул иш көмүскөдө калса, эч бир адам, эч бир сот ага эч нерсе дей албайт. Маселен, кимдир бирөө эч кимге билдирбей уурулук кылса, анын уурулук кылганын көрүп далилдей турган эч ким болбогондуктан, ага эч кандай жаза берилбейт.
Ал эми Ислам дининин акырет ишениминде бул маселе такыр башкача өңүттө. Ислам ишеними боюнча, ар бир адамдын жанында анын ар бир ишин, таштаган ар бир кадамын жазып туруучу эки периште бар. Бири жакшылык иштерин жазса, экинчиси жаман иштерин жазат. Ал адам жаман иштерди элдин алдында да, эч бир адам көрбөй турган жерде да, күндүзүн да, түнкүсүн да жасаса, эки периште амал дептерине жазганы жазган. Бул эки периште адамдын чоң-кичине күнөөлөрүн, ачык-жашыруун, маанилүү-маанисиз ар бир ишин жазып жүрүшөт. Кыямат күнү алар дептерине жазып алган бардык иштер тасмага түшүрүлгөн фильм сыяктуу толугу менен махшар майданындагы адамдардын баарына көрсөтүлөт. Тек гана көз көрүнөө жасалган иштердин эле эмес, эч ким көрбөгөн жерлерде жасалган ар бир күнөө иштин да сурагы болот. Мунун натыйжасында, жогоруда да белгиленгендей, ага өзүнө жараша мамиле жасалат.
Адамдын жанынан көз ирмемчелик дагы чыкпаган периштелердин ар бир ишин жазаарын жана күндөрдүн биринде ошол ар бир ишине жооп берээрин билген адам күнөө иштерге барышы мүмкүнбү? Эгер ал акыретке чындап ишенсе, барбайт. Адамдар бул ишенимге бекем болушса, эч ким жаман иштерге бармак эмес. Ошондо коомдо тынчтык, бейпилдик өкүм сүрмөк. Макаланын башында да ишарат жасалгандай, Ислам дини ушундай аруу максаттарды көздөйт. Адамдар Алла Тааланын мыйзамына баш ийип, эки дүйнөдө тең бейпил, бактылуу өмүр сүрүшсүн, дейт. Демек, ар бир адам толук кандуу түрдө чын ыкластан акыретке ишенсе, эч ким билип туруп жаңылыш, күнөө иштерге баргысы келбейт.
Акыретте жасаган иштерибиздин эсебин берүү коркунучу бизди жаман иштерден оолак кармаса, жакшылык кылгандар үчүн Алла Тааланын убада кылган бейишине кирүү үмүтү колдон келишинче жакшылык кылууга, элге пайдалуу адам болууга жылоолойт. Ошентип толук кандуу акырет ишеними адам баласын жашоого олуттуу мамиле жасоого, туура, түз жүрүүгө, жакшылыктын жарчысы болууга гана жетелейт.
Күнүмдүк турмушубузда жалпыга белгилүү болгондой, күчтүүлөр күчсүздөрдүн акы-укугун тепсеген, күчсүздөрдүн колунан эч нерсе келбегендиктен укугун ала албай сай сөөгү сыздаган учурлар көп эле кездешет. Алтургай мамлекеттик соттор аркылуу да акысын алалбай сыздап жүргөндөр четтен чыгат. Мына ушул адамдардын канчалык азап чегип, канчалык касырет тартаарын ойлоп көрөлүчү? Кандай гана оор!.. Ырас, бул адам акырет жашоосуна ишенсе, ал өзүнүн акы-укугун тепсеген заалымга бул дүйнөдө эч ким жаза бере албаса да, акыретте сөзсүз түрдө Алла Таала ага өзүнө тиешелүү жазасын берээрин билет. Бул ишеним ал адамга өзгөчө дем-күч берип, эс алдырат, ага үмүттүн чырагын жандырып, психологиялык жана физиологиялык оор илдеттерге чалдыгуудан арылтат.
Европа, Америка баш болгон акырет ишеними тайкы коомдордо адамдардын өлүм коркунучунан улам кандай гана оор кырдаалдарды башынан өткөргөндүгү жөнүндө көптөгөн китептер жазылып, фильмдер тартылган. Бул китеп-фильмдерде бир топ адамдар өлүмдүн айбардуулугуна чыдай албай, өз жандарын өздөрү кыйгандыктары жөнүндө кеп козголот. Алардын абалын элестетип көрөлүчү, ырахат жашоонун даамын татып жатасыз, каалаган нерселериңиздин баары, кансарайыңыз, машинаңыз, завод-фабрикаларыңыз бар. Өзүңүзгө жараша мансап-бийлигиңиз да колуңузда. Кыскасы, жыргал жашоо!.. бир күнү эсиңизге «күндөрдүн биринде көз жума тургандыгыңыз, ушунча байлыгыңыздан, бийлигиңизден, жыргал жашооңуздан ажырай тургандыгыңыз» түштү... Күн сайын бир кадам болсо да, өлүмгө жакындап, өлүмдүн жытын демиңиз менен сезе баштадыңыз... Акыретке ишенбеген адам үчүн бул кандай гана коркунучтуу, кандай гана жан чыдагыс азап!
Же мынабул жагдайга ой чаргытып көрөлүчү; эки саат мурун эле маңдайыңызда чырактай жанган, өз кан-жаныңыздан бүткөн уулуңуздан кырчын жаш курагында күтүүсүздөн ажырап калдыңыз. Акыретке ишенбеген адам үчүн ал эми эч жерде жок! Бүттү! Топуракка айланып жок болду! Эненин өз жанынан дагы артык көргөн уулун топурак-жердин кучагына бериши эмне деген күйүт! Акыретке ишенбеген коомчулуктарда көптөгөн адамдардын сүйүктүү жакын адамынан ажырап калуу күйүтүнө чыдай албай өз жанын өздөрү кыйгандыктарын угуп да, окуп да жүрөбүз. Чынында эле бул сөзгө чак келбес касирет, күйүт! Жаныңыз, бир бооруңуз, кечээ эле кучагыңызга кысып, жыттап-жыттап тойбогон уулуңузду бир саамда колуңуздан чыгарып жибердиңиз. Буга акыретке ишенбеген адамдын чыдашы чынында эле өтө оор. Ошондуктан бир катар батыш өлкөлөрүндө мындай адамдарга жардам берүү, аларды реабилитациялоо үчүн көптөгөн уюмдар курулган. Бул жерлерде аларды кайрадан жашоого умтулууга үйрөтүп, аларга психологиялык жактан жардам көрсөтүлөт. Бирок ошентсе да көп жетишкендиктерге жете албай келишет. Маселен, материалдык жактан дүйнөнүн эң бай өлкөлөрүнөн бири болгон Швейцарияда мындай оор кырдаалдарга дуушар болуп өз жанын өзү кыйгандардын саны өтө көп.
Ал эми акыретке ишенген адам мындай ашкере оор кырдаалга дуушар болушу мүмкүн эмес. Албетте биз дагы жакындарыбыз үчүн кайгырабыз, ыйлайбыз. Бирок ошону менен бирге анын жок болуп кетпешине, акыретте кайрадан тирилишине ишенебиз. Көз жумган жакындарыбыз үчүн Куран окуп, Жаратканга алакан жая дуба кылабыз, кедейлерге жардам беребиз. Ал үчүн Алладан кечирим тилейбиз. Мына ушундай жакшылык иштердин сообун маркумдарыбызга багыштайбыз. Биздин ишенимибиз боюнча, өлүм – бул жок болуу дегенди түшүндүрбөйт. Жакын туугандарыбыздан бири көз жумса да, ал руханий жактан тирүү жана жасаган жакшылыктарыбыздан Алланын уруксаты менен насибин алат.
Мына ушундай тең салмактуу ишенимибиз болгондугу үчүн биз кээ бир батыштыктар сыяктуу көз жумган жакындарыбыздын аркасынан өз жаныбызды өзүбүз кыйбайбыз, сабыр кылабыз.
Бизге акырет ишенимин бергендиги үчүн жана дал ушул ишенимдин негизинде жашоонун өйдө-ылдыйындагы эң оор машакаттарга дагы чыдоо мүмкүнчүлүгүн ыроологондугу үчүн Жараткан Аллага канчалык шүгүр келтирсек да, аздык кылат.
Сөзүмдү Жараткан Алланын мынабул сөзү менен бүтүргүм келип турат:
«...Алла Таалага жана акырет күнүнө ишенгендердин, ошондой эле жакшылык кылгандардын сыйлыгы Жараткан Эгесинин алдында. Алар үчүн эч кандай коркунуч да, кайгы-муң да болбойт» (Маида сүрөсү, 69-аят).