Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

  • Алла Таала бар!
  • Ислам дининде ишеним менен ибадаттын алакасы
  • Азирети Адам Атадан тарта бүгүнкү күнгө чейин Тавхид ишеними
  • Алла Таала-Улуу Кудурет!
  • Дин жөнүндө жалпы түшүнүк
  • Асмаул Хусна
  • Азирети Худ (алейхиссалам)
  • Жолдор
  • "Террорчулукту Исламдын мүнөздүү табияты,анын туундусу деп көрсөтүү,албетте жалаа,ал тургай провокация!"
  • Ахли сүнөөт вал-жаамат деген эмне?
  • Имам ан-Насаий (Х. 215-303-ж.)
  • Ыйманды сүйүү жана ыклас менен коргоо
  • Алла Таалага ишенбөөчүлүктүн адам баласына жана коомго тийгизген терс таасирлери
  • Абу Зар ал-Гыфарий
  • Бермет эне баяны
  • Тавассул
  • Ыйык Куран жана анын булагы
  • Намазда курандын котормосун окуса болобу?
  • "Аталар сөзү-акылдын көзү"
  • Даанышмандык тамчылары
  • Чыңгыз Айтматов-залкар жазуучу
  • Кызыктар дүйнөсү
  • Чакырык
  • Кабарлар

    Ассаламу алейкум урматтуу окурмандар!

    Кудай буйруп биз мусулмандардын жаңы жылынын босого- сун аттап, 1430-жылга да кирип келдик. Тагыраак айткан- да, 2008-жылдын 29-декабрь күнү хижрий мусулман жылсанагынын алгачкы күнү 1-мухаррам айы жаңырып олтурат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып жалпы мусулман коомчулугун жаңы жылы менен кут- туктап кетмекчибиз. Жараткан Алла үстүбүздөгү жаңырган жылды берекелүү, ийгиликтүү жылдардан кылсын.

    Өткөн 2008-жыл Ак Башат журналы үчүн бир кыйла жемиштүү жылдардан болду. Эң негизгиси орчундуу, нары эл-журт үчүн за- рыл болгон жагдайларды кеңири түшүндүрүүнү максат кылган бир топ жаңы, туруктуу рубрикалар ачылды. Төр маек, бир суроо, Ис- лам жана илим, ден-соолук, саамалык, акылмандар накылы сыяктуу рубрикаларды айтууга болот. Кудай буйруса, муну менен эле ток- топ калбастан алдыда дагы көптөгөн изги максаттарды сиздерге сунабыз деп терең ишендирип кетмекчимин.

    Окурмандардан келип жаткан талаптар боюнча Ак Башаттын нускасын көбөйтүп, бардык элет жерине жеткирүү максатын ушул жылы жүзөгө ашырууну көздөп жатабыз. Биз бул санда ИШЕНИМ маселесин козгодук. Анткени бүт нер- сенин түйүнү, сыры, себеби мына ушул маселеге келип такалууда.

    Айлананы карап көрсөк Алла ыраазы боло турган бардык жак- шы иштер ишенимдин бекемдиги, ыймандын күчтүүлүгүнөн, ал эми адамгерчиликке жатпаган жана жагымсыз жаман иш-аракеттер, кылмыш, сойкулук, паракорчулук, уурулук, талап-тоноочулуктун баары Аллага болгон ишенимдин тайыздыгынан же чылгый ишеним- сиздиктен болуп жатат. Биз бул маселени жаңырган жылдын бо- согосунда мекендештерибиздин ыйманына дем болор, ишеними тайыздардын ыйманы артаар деген максатта кеңири түшүндүрүүгө аракет жасадык.

    Экинчи бир талуу маселе КУРАНга болгон кайдыгер мамиле. Көптөгөн мусулмандар: "Намазда жана маркумдарга багыштоодо Ыйык Курандын кыргызча маанисин окуй берсек эмне болот? На- мазды деле кыргызча окубайлыбы?" деген чолок ойду чоң талаш- ка айландырып жатканы бул теманы козгоого түрткү болду. Мына ошондой ойдогу адамдар, эгер өзүн чыныгы мусулманмын деп эсептесе, ушул санда жарыяланган макалаларды окуп, аят менен хадиске ылайык амал кылат деген ишеничтебиз. Ошондой эле бул санда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Ишенбай Аб- дуразаков жана жазуучу, педагог, журналист Абдыкерим Муратов менен болгон кызыктуу маекти окуй аласыздар. Ардактуу окурмандар! Ак Башат журналы жаңырган жыл ме- нен кошо түзүлүш жагынан өзүн жаңылап, жаңы дизайн менен алдыңыздарга чыгып олтурат. Көзгө жагымдуу көрүнгөн дизайндык түзүлүш сиздердин купулуңуздарга толот деп ойлойбуз.

    Башына