Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

Жан дүйнө жаңырыгы

Айдоочусу да, жүргүнчүсү да кырсыкка кабылбагыдай кылып тегиз жол курган
адамдарды барктай билүү зарыл.Жолдорго асфальттарды төшөп,
сапарды жеңилдеткендерге ыраазылык билдирүү кажет.

Жолдор Жол баштоо, жетекчилик кылуу ар убак олуттуу машакаттарды ээрчи-те жүрөт. Эң жакшысы – даярдал-ган жол менен жүрүү, эң кыйыны – жол салуу. Көптөгөн көңдөйлөр жолдон адашып, түрдүү жоруктарды жасаганын өзгөчө өнөр катары баа-лашат. Андай жеңил жолдун ары жагын көрүүгө алардын дарамети жетпейт шекилди. Жолдон көзүн албай астейдил бара жаткан жолоочу деле алдыда эмне болоорун биле албайт, ошондой болсо да жок дегенде таман астындагы жолу кай-да алып бараарын боолгошу керек.

Айдоочусу да, жүргүнчүсү да кырсыкка ка-былбагыдай кылып тегиз жол курган адамдарды барктай билүү зарыл. Жолдорго асфальттарды төшөп, сапарды жеңилдеткендерге ыраазылык билдирүү кажет.

Бүгүнкү күндө бул жолдорду бузгусу кел-гендер көбөйүп, жамап-жаскагандар азайып ба-ратат. Тирүүлүк ааламы жолсуз калбашы керек карайлап.

Кырсыкка кабылгандар, унаасы аңгекке ку-лагандар, камылгасыз жүргөндүгү үчүн майы түгөнүп ара жолдо калгандар, белгиленген өлчөмдөн ашыкча жүк жүктөгөндөр... Кыскасы баарыбыз жолоочубуз, жолдо баратабыз. Ай-рымдар эрежеге баш ийсе, айрымдар адыраңдап жол эрежелерин көзгө илбейт. Коюлган жол эрежелерин жана мыйзамдарын жактырбай, ага ачуулангандар сыяктуу, "мындай эрежелер бол-богондо баарыбыздын башыбыз балекетке малын-мак" деп ичтен тообо кылгандар да бар.

Жол жээгине көрнөк эрежелерди койгон со-опко калгырлар бизди жана келечек муунду такай эскертип келет. Анткени бул жолдордон кимдер гана өтпөгөн ар башкача таскактап... Сен экөөбүз алгачкы да, акыркы да эмеспиз бул улуу жолдо. Жүрүп баратып кырсыкка кабылуудан корком. Кетирген жаңылыштыгым башка кырсыктарга се-беп болуп жүрбөсүн деп сарсанаага батып келем. Жаңылыштык кетирбөө үчүн ар убак Жараткан-га жалбарып келем. Актыкка алып барчу мындан башка жолдун жок экендигин жана ушул жол ме-нен басууга мажбур экенимди билем.

Мунун башка чарасы жок. Кашаңдап ыргакты жайлатуу же ашкере ылдам жүрүү өзүбүз үчүн да, башкалар үчүн да терс натыйжа алып келиши ык-тымал. Башкалардын кырсыкка учурап калышына себепкер болуу коркунучу бар.

Бул жолдун көзгө кыйын көрүнгөн өрүшүнө же дабаанына алгачкылардан болуп мен чыгып жаткан жокмун. Далайлар мурда бул дабаанды ашканына караганда мен эмне үчүн кетенчикте-шим керек башка жеңил жактарга алаңдап? Жок коркпоймун. Бул ашууну мен да ашам буйруса. Кырсыкка кабылбоо үчүн өтө сак болушум гана керек. Нечендеген муун муңайбай ашкан ашууну аша албай калсам, балекет баспайбы мени.

Албетте бул жолдо өлгөндөр да болгон. Айта кетчү нерсе, алар ушул улуу жолдун курмандыгы болушту. Курмандыкка максатсыз барбоо керек де-генге сөзсүз кошулам. Алгы максаттын курмандыгы болуу – түбөлүктүү бакыт. Биздин жүрүшүбүздү жайланткысы келгендердин карасанатай ою бар, жолубузга болгон кастыгы бар. Алар болгон күчүн жумшап, жолду бууганга канчалык аракет кылба-сын "ит үрө берет, кербен жүрө берет".

Жолдор сергектикти, зиректикти талап кылат. Бул улуу жолду уйкусурап басып өтүү чоң жоготу-уга алып келет, анан калса түбөлүк кейишке салат. Анын үстүнө артка экинчи ирет кайрылбайбыз.

Ошентип жолдон адашуу – "күнөө" деп атал-ды. "Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тап-кан соң" демекчи, өз жолун кайра табууга "тооба" деген ысым ыйгарылды.

Кээде бизден озуп кеткендер болду. Ылдам жүргөндөр албетте өз дараметине ишенишет. Моторубуз эскире баштады. Чагымда улгая баш-тадык. Жолдун аягына жакындаган сайын дарман дагы, ылдамдык дагы азая баштайт экен. Мына бул колу-бут, дене-турпат жолго алгач ирет чыкканда-гыдай чыйрак болбой калды барган сайын. Ошон-дой болсо да жүрөктүн деми жана үмүт ошо бой-дон. Үмүт өчпөйт...

Бир аз илгериде кызыл түс көрүнгөнсүйт көзүмө. Сыягы мен үчүн жанат окшойт. Бирок көпчүлүк жүргүнчүлөр үчүн дале болсо жашыл жарык күйүп турат өчпөстөн бир калыпта.

Бул менин жолумдун аягы. Мен бул жолдон эч убакта чыкпай келдим. Кызыл түс мен үчүн эмес болсо, таскагымды жайлантпастан илгерилей бе-рем.

Дубаларым кабыл болду. Мен ар дайым: "Оо, Жараткан Кудай Таалам менин жанымды ушул жолдо ала көр!" деп дуба кылчумун. Дале болсо Ага жалбара берем:

Кишинин ыйманын катуу сынай турган жол-до баратам, ашыкча жүк жүктөй көрбө, суранам! Мени адал жолдон адаштыра көрбө!

Бул жолго эмгеги сиңгендерге Өзүң ыраазы боло көр! Жолсуз түркөйлөрдүн жамандыгы-нан сактай көр! Бизден мурда жашап, Өзүңдүн буйругуң менен бул жолго эскертүүлөрдү, эреже-көрнөктөрдү коюп кеткендердин билип-билбей кетирген кемчиликтерин кечирип, аларга бол-гон ыраазылыгыбызды Өзүң билдире көр! Бизди жана артыбыздан келе жаткандарды ушул туура жолуңдан адаштыра көрбө...

"Бизди туура жолго сала көр... Азапка дуушар болгондордун жана адашкандардын жолуна эмес, жакшылык берилгендердин жолуна сала көр..." Оомийн!

Башына