Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

Пайгамбарлар таржымалы

Бороон-чапкын күлүн көккө
сапырган каапыр журт Ад
коомунун пайгамбары

Алланын ибаратка толуп-ашкан эскертүүлөрү

Бекем кайрат менен ак жолго баштай-ын деген менен коомдун өжөрлөнө күнөөкөрлүккө ач кенедей жабышып алышы Худдун (алейхиссалам) шаабайын суутат. Маанайы чөккөн пайгамбар көккө алакан жайып Кудуреттүү Аллага жалбарат. Натыйжада Кудайы эскертүү катарында коомчулуктагы бардык аял- дар он жыл бою төрөбөй кысыр калат.

Мындай коркунуч аларды Худ пайгамбардын алдына жетелеп келет. Бирок алардын жүрөктөрү дале болсо өлүк, дале болсо капилетте болот. Мына ушундай кереметтүү мужизаны этибарга албай кудум бирөө шаштырып жаткансып, аны кекетип, маскаралашат: “Сен бизди кудайлары- быздан тандыруу үчүн келдиңби?! Андай чын- чыл болсоң, убада кылып жаткан нерсеңди алып келчи!” (Ахкаф сүрөсү, 22-аят).

Ошентип, Жараткан аларга эскертүү иретин- де азаптарды кезек-кезеги менен жөнөтө баштайт. Күндөрдүн биринде күнүмдүк турмушта кол- донуп жүргөн булактар соолуп калат. Жандилден сүйгөн гүлзарлар, бак-дарактарынын баары соолуп, башка элдерди тамшандырган айтылуу “Ирем бак- тары” жок болуп кетет. Алп денелүү зөөкүрлөр бир ууртам сууга, бир тиштем тамакка зар болушат.

Абал оорлоп, ачарчылык жондон басып тур- ган кезде Худ пайгамбар аларды кайрадан топтоп насаат айтат:

"Албетте мен Алланы күбөгө тартамын, өзүңөр да күбө болгула. Мен силер орток кошкон нерселерден такыр оолакмын! Мына эми баарыңар биригип мага каршы билген айлаңарды кечиктирбей кыла бергиле. Менболгонуменинда,силердиндаРаббиңер болгон Аллага гана таяндым. Жөрмөлөгөн нер- сенин баары тең анын кол астында. Кудай Таа- лам шек-күмөнсүз Туура Жолдо! Эми эгер менден (чакырыгымдан) баш тартсаңар да, мен өзүм аркылуу жиберилген на- сааттарды силерге жеткирдим. Кудайым (каала- са, силерди жок кылып) ордуңарга башка коом- ду алып келет. Силер (каапырлыгыңар менен) Ага кыпындай да зыян келтире албайсыңар! Ал- бетте менин Раббим бардык нерсени күзөтүп, көрүп турат” (Худ сүрөсү, 54-57-аяттар).

Ад коому ушундай керемет эскертүүлөргө алымсынбайт. Турмуштун оор азабы алкымдап, ачарчылыктын айынан жеп-ичерге эч нерсе тап- пай калган күндө да, кечирим тилеп, тавхид ише- нимине кайтышпайт. Кандай гана өкүнүчтүү!...

Жер менен жексен кылган добул

Арадан көп өтпөй көк бетин кою булут кап- тайт. Асманды биротоло каптаган кара булут- тарды көргөн Ад коому: “Жамгыр көп жаачудай болуп калды окшойт…” деп ичтеринен кудуңдап алышат. Тилекке каршы бул азап булуттары эле.

“Эй, коомум! Ыйманга келгиле!” деп Худ пай- гамбар акыркы жолу аларды азаптан куткаруу үчүн далалат жасап көрөт. Бирок кайдыгерликтин терең туңгуюгунан жарыкты көздөй багыт алуу алар үчүн оор машакат эле.

Шаршембинин таңынан баштап бороон күчөгөндөн күчөйт. Бороондун катуулугунан бак- дарактар тамыры менен жулунуп кетчүдөй абал- га жетет. Ошентип, бороон добулга айланып, үнү да, суугу да күчөп, алааматка айланат. Алай-дүлөй боройлогон алаамат добул адамдарды чегиртке- дей учуруп, белгисиз жактарга алып кетет. Этек- жеңди бири-бирине байлап алган айлакерлерди Алланын кудурети камгактай учурат. Добул оболу үйлөрдүн чатырын ачып, дубалын уратып, ичин- дегинин баарын асманга сапырат. Ошентип, бул алаамат жети түн, сегиз күн дегенде араң басылат.

Азирети Худ жана тавхид ишенимин тутунган мо- мундар бороон-чапкын башталарга жакын Ахкаф чөлкөмүнөн чыгып кетишет. Анткени бул жаза күнөөкөр коомго гана жиберилген эле.

Аятта мындайча баяндалат:

“Качан биздин буйругубуз (азабыбыз) кел- генде Худду жана ага ыйман келтирген адам- дарды Өз ырайым, мээримибиз менен оор азаптан куткардык” (Худ сүрөсү, 58-аят).

“Аларды бул дүйнөдө да, кыямат күнүндө да каргыш ээрчийт. Билип койгула! Ад коому каапыр болгон. Көзүңөрдү ачкыла, Ад коому кырсыкка учурады!”(Худ сүрөсү, 60-аят).

“Менин азабым жана эскертүүм кандай болду?!” (Камар сүрөсү, 21-аят).

Ад коому жер менен жексен болгондон кийин момундар менен Худ пайгамбар Меккеге келип, көзү өткөнчө ошол жерде жашап калат.

Худ пайгамбардын мужизалары

1. Худ пайгамбар Алла Тааланын уруксаты менен бороондун багытын каалаган тарапка бураар эле. Ад коому Худ пайгамбар көрсөткөн керемет мужизаны көрүп туруп ыйман келтирбей, акырын- да жер менен жексен болушту. Бул бороон Куранда “рийхи-сар-сар”- катуу бороон деп айтылат.

2. Малдын жүнүн жибекке айлантаар эле.

3. Көнөктөп жамгыр жаап турган кезде сапарга чыгылчу эмес. Худ пайгамбар Жаратканга жалба- рып дуба кылгандан кийин жолдун жээгине жам- гырдан корголонуучу аялдамалар пайда болуп калды. Бул мужизадан кийин жолоочулар ошол аялдамаларда корголонуп, жамгыр басылган соң сапарын улантышты.

Азирети Худдун икаясынан төмөнкүдөй сабак алууга болот:

Худ (алейхиссалам) Алланын жолуна жанди- ли менен берилген оор басырыктуу киши болгон. Жамандык кылган адамдарга да жакшылык менен жылуу-жумшак мамиле жасаган. Коом аны акылы кем деп кемсинтсе да, өзүнүн аң-сезиминин жого- рулугун, зиректигин, кыраакылыгын далилдеп, бол- гону коомду бузукулуктан куткаруу үчүн Алла Таа- ла тарабынан тандалган элчи экендигин аңдатууну жетиштүү деп билген. Алла Таала ал коомго багыш- таган жакшылыктарын эскертип, ага шүгүрчүлүк кы- луу үчүн буйруктурга моюн сунуу зарыл экендигин түшүндүргөн. Жакшылыктар үчүн ибадаттан башка эч нерсе талап кылынбай турганын эскерткен.

Алла Таала аны өз ыраакымына бөлөсүн!..

Башына