Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

Асмаул - Хусна Алла Тааланын ысым - сыпаттары

Ак Башат казынасынан

Ал-Каххаар

Бул ысым "каардуу, бардык жандуу-жансызга үстөмдүк кылуучу улуу Күч" деген маанини туюн- дурат. Чындыгында эле Алла Тааланын чексиз куду- ретинин алдында эч бир күч-кудурет туруштук бере албайт. Өз эрк-каалоолору менен Жараткан көрсөтүп берген жашоо мыйзамына каршы мамиле жасаган- дарга Алла Таала ушул ысым-сыпаты менен жазала- рын толугу менен берүүгө Кудуреттүү. "Ал-Каххаар" сыпаты тууралуу Курандын 6 жеринде өтөт.

Раад сүрөсүнүн 16-аятында: "Алардан: "асман, жердин Эгеси ким?" деп сура да: "Аллах!" деп айткын! "Силер

Аны таштап, өзүңөргө жардам да, зыян да бере алба-ган нерселерди коргоочу (кудай) кылып алдыңарбы?" дегин! "Сокур менен көзү соо же караңгы менен жа- рык бирдейби?" дегин. Же алар Аллага жаратылган нерселерди шерик кошуп алыштыбы? Же бул жара- туу алар үчүн бирдей эле сезилдиби? "Аллах – жаа- мы жандуу-жансыздын Жаратуучусу. Ал – Жалгыз, ал-Каххаар!" дегин" деп буюрулат.

Ал-Ваххааб

Алла Тааланын "адам баласына сан жеткис ырыскы-нематтарын эч кандай акы талап кылба- стан ыроолоочу, айкөл" деген маанини туюндурган "ал-Ваххааб" ысым-сыпаты Курандын үч жеринде кайталанат. Маңдайыбызда чырактай жанган балда- рыбызды ыроологон жана чексиз ыраакымы менен бизге асман-жерден сан түркүн ырыскы-нематтарын багыштаган Айкөл "ал-Ваххаабга" ыйман келтирген- дер: "Оо, Жараткан! Бизди туура жолго салгандан кий-ин жүрөгүбүздү (ыймандан) адаштыра көрбө. Бизди Өзүңдүн чексиз Ырайымыңа ала көр. Чындыгында Сен түгөнгүс ырыскыларыңа эч кандай акы талап кыл- баган Айкөлсүң!" (Аали Имран сүрөсү, 8-аят) деп дуба кылышат.

Башына