Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

Дин тааным

Дин адамзат тарыхынын башынан бери бардык коомдордо дайыма боло келген көрүнүш. Тарыхтын кайсы дооруна на- зар салсак да, динсиз коом кездештире албайбыз. Дин – адамдын Кудайга болгон ишениминде жана күнүмдүк турмушунда ак-кара, жакшы-жаман, ошондой эле өлүмдөн кийинки жашоо жөнүндөгү баалуулуктар жыйындысы. Дин – бул адам баласы- нын жашоосун белгилүү эрежелердин негизинде белгилүү нукка салган мыйзамдар топтому. Дин алгачкы адам менен бирге келген эреже. Ошон- дуктан дин адамзат тарыхынын ар бир доорунда жандуулугун сактап, адам жашоосунан бөлүнгүс өзгөчөлүгүн уланткан. Мунун негизги себеби адамдын динге жатык жан болушу, диний туюм-дун табигый өзгөчөлүк болгондугу. Диндин таби- гый болушу Куранда төмөнкүчө белгиленет: "Сен жүзүңдү туура динге (б.а., Алланын табигый адал жолуна, Исламга) бур! Алла Таала адам-дарды мына ушул табигый адал жолго жатык кылып жараткан!" (Рум сүрөсү, 30/30).

Адам улуу бир Күчтүн бар экендигин кабыл- дап, ага багыт алышы, алакан жая баш калкалашы – табиятындагы таянуу, сыйынуу, ишенүү сезимде-ринин эң сонун көрнөгү. Таянуу, ишенүү, моюн су-нуу сыяктуу сезимдерди илгерки адамдардын бул же тигил таризде адамды, же нерсени ыйык көрүп ага баш ийишкенинен да байкоого болот. Бет алуу- га, баш калкалоого эң ылайыктуу зат, эч калетсиз, бүтүндөй ааламды жараткан улуу Алла Таала гана. Ар кайсы диндерде ар түрдүчө аталган, ар түрдүчө тариздерде сүрөттөлгөн улуу кудурет же ыйык зат- тардын өзөгүндө мына ушул ишеним жатат.

Бардык жандуу-жансызды жараткан улуу күчтүн бар болгондугун, жалгыздыгын кабылдап, ага таянуу, баш калкалоо, дуба кылуу, жалбаруу адамга өзүнчө дем-күч берет.

Дин ошол эле учурда адеп-ахлактык мыйзам катары адамдарга жол көрсөткөн, дүйнөдөгү эң мыкты делген эрежелерден дагы күчтүү, адамды ичтен башкарган дисциплина. Адамдын психологиялык жашоосундагы жал- гыздыкка, айласыздыкка, коркунучтарга, стрес-стерге, кыйынчылыктарга, апааттарга карата ага үмүт, бейпилдик, таянуу сезимдерин тартуулаган түнөк – бул дин болгон. Ошондой эле диний жа- шоо адамды руханий машакаттардан коргогонду- гу, өзүнө да, айлан-чөйрөсүнө да алдаканча боо-рукер, мээримдүү болушун камсыз кылгандыгы кашкайган чындык. Ишенүү, сыйынуу адам баласы төрөлгөндөн тарта чогуу ала келген өзүнчө сезим-туюм. Адам- да ар качан жана ар жерде кандайдыр бир улуу, күчтүү, кудуреттүү затка баш калкалоо, ага таянуу, ишенүү жана андан жардам тилөө муктаждыгы болот. Адам баласы денеден жана рухтан тураары жалпыга маалым. Андыктан дененин муктаждыгы болгондой эле, рухтун да муктаждыгы бар. Ырас, Жалгыз Алла Таалага ишенүү, Ага ибадат кылуу – бул рухтун эң иридеги муктаждыгы. Бул муктаж- дык туура камсыздалбаса, адам баласы ар кандай терс жолдорго, калпыс ишенимдерге багыт алып түбөлүк бактысынан ажырайт. Адам баласы тек Аллага багыт алып, Ага гана ибадат кылганда рух дүйнөсүн туура камсыздаган болот. Ошондо гана рухий жактан чыныгы бейпилдикке жетет.

Асыресе, адам баласы жашоо тек бул дүйнө менен гана чектелүү болгондугун, өлүмдөн кий-ин эч кандай жашоо уланбашын ойлошу мүмкүн. Ырасында, бул туура эмес түшүнүк. Өлүм – бул бүтүү, жок болуу дегенди билдирбейт. Чыныгы түбөлүк жашоо өлүмдөн кийин башталат. Алла Таала акыретти унуткан адамдарга пайгамбарла- ры аркылуу муну эскерте келген. Булар Ыйык Ку- ранда ачык-айкын айтылган.

"Дин" түшүнүгүнө көптөгөн аныктамалар берилген. Диндердин ортоктош өзгөчөлүктөрү болгону сыңары айырмачылыктары да бар. Мына ушул себептен дин түшүнүгүнө берилген аныкта- малар бардык диндерди өз ичине камтый албайт. Диндердин негизи – бул ишеним. Дин ишенимге таянат. Адамзат тарыхында адамдар кандайдыр бир улуу күчкө, жаратуучуга, ошондой эле ар кандай табият кубулуштарына, тоо-ташка, рухий заттарга ишенип келишкен. Мына ошондуктан Ислам аалымдары диндерди "акыйкат" жана "жал- ган" дин деп экиге бөлүп карашкан.

I - Акыйкат дин

Ислам дини бүгүнкү күнү жер бетинде тек акыйкат дини. Акыркы Кудайы дин.

Азирети Мухаммед Пайгамбар анын пайгамба- ры, акыркы Ыйык Куран анын ыйык китеби болуп эсептелет. Бүгүнкү күнү Кудай Таала жиберген дин- дерден үчү гана жашап келет. Алар Иудаизм, Хри-стиан жана Ислам диндери. Бул диндердин экөөсү т.а. Иудаизм жана Христиан диндери бүгүнкү күнгө чейин адамдар тарабынан бурмаланып, на-гызын сактай алган эмес. Булардан Ислам дини гана өзүнүн нагызын, аруулугун сактап келген. Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи ва-саллам) Пайгамбарыбыздын пайгамбарлыгы көптөгөн мужиза-кереметтер менен тастыкталган. Анын эң чоң мужиза-керемети – бул Ыйык Куран. Ал – Алланын сөзү. Муну андагы маалыматтарды жазуу адам баласынын колунан келбей турган- дыгынан байкоого болот. Ырас, аяттардын бири-бирине куюлушкандыгы, маанисинин тереңдиги, өтмүштөн, келечектен кабар бериши, айрым бир бүдөмүк аяттардын бүгүнкү күнү ачыкка чыгышы, береги аяттарга илимий изилдөөлөрдүн дал ке- лип жатышы, адамзат бүгүн араң жетип олтурган акыйкаттарга 14 кылым илгери эле ишарат жаса- шынын өзү Курандын акыйкаттыгын далилдөөдө.

Ыйык Курандын бир да сөзү бүгүнкү күнгө чейин бурмаланбай келди. Мунун себеби аяттар түшүрүлөөр замат жазылып, көптөгөн сахабалар тарабынан жатталып турушу болгон. Курандын кыяматка чейин бурмаланбашы – бул Алланын кепилдиги.

II - Жалган диндер

Азирети Адам ата адамзаттын алгачкы пайгам- бары болгон. Алла Таала пайгамбарларын жөнөтүп адамдарга туура ыйман-ишеним, ибадат жана өз ара мамиле эрежелери жөнүндө кабар берген. Пайгам- барлардын бардыгы бир ишенимге чакырышкан. Ал жалгыз Аллага, Анын ак жолуна гана чакырган тавхид-Ислам ишеними болгон. Бирок белгилүү убакыттын өтүшү менен адамдар бул өкүмдөрдү бурмалап бузушкан. Ошол себептен бурмаланган диндер пайда болгон. Жогоруда айтылгандай, буга бүгүнкү күнү Иудаизм жана Христиан диндерин мисал келтирүүгө болот. Диндердин бурмаланы- шынын себеби ыйык Китептердин жоголушунан кийин кээ бир адамдар тарабынан диндин негизде- ри, өкүмдөрү өз каалоо, жеке кызыкчылыкка ыкта-лып жазылышы болгон.

Чынында Алла Таала алар- га мындай укук берген да, же вахий (Кудайы кабар) жиберген да эмес. Андыктан бул диндер адам бала- сын түбөлүк бакытка алып бара албайт. Тек Алла- нын адал жолунан гана адаштырат. Мындан тышкары эч кандай Кудай Таала тара- бынан кабар берилбеген, адамдар өздөрү ойлоп тап-кан ар кандай ишенимдер да бар. Ырас, булардын жаңылыш болгондугунда эч кандай күмөн жок.

Башына