Он сегизинчи сан

Мазмуну
Адамдар учуп жүргөн учагында
Асман-жер Сенин улуу кучагыңда!
Сендеги зор Кудурет ченеми жок...
Биздеги талант, жөндөм – молекула!..
...Пикассо тарткан сүрөт кооз балким,
Колунан келбейт бирок салыш жанды.
Бир гана Сенден алат рухту ар ким...
Сен "тарткан" Пикассону кара-жандуу!!!
Ийиктей чимирилип саййарларың
Жолу бар алардын да – бекем сызык.
Убактылуу Жерге жашоо даярдадың,
Ак-кара, адал-арам чегин сызып.
Дарвиндин далилдери жаңылыштуу!
Ынанбайт ага акылдуу бала дагы.
Мээде ой чатыштырган кагылыш бу...
... Мөөнөтү бүтсө кыйрайт аалам дагы.
Уксачы, Куранды, аттиң, уксачы алар:
...Жоктон бар нерсе болбойт өзүнөн-өзү.
Анткени ар нерсенин устасы бар!
Устанын болот максат-көздөгөнү!
Көктөгү Ай – мезгилдерге мерчем, анык,
Күн өңдүү чыкпайт андан, ысык жарык.
Анткени Айдын парыз-милдети ошо...
... Парызын билбеген жан болот карып
Сендеги Улуулукка баары далил:
Асман, ай, күн, жылдыз, жер – биздин турак...
Оо, аттиң болалбадык Сага "халил"
Күнөөбүз башыбыздан ашып турат...
Кечиргин, Эгем, бизди, кулдарыңды,
Өзүңдүн ырайымыңдан үмүткөрбүз.
Жаадырба үстүбүзгө ызгаарыңды,
Дажжалга салдыра көрбө бүлүктөрдү.
Бүт жандуу Сага муктаж секунд сайын,
Биздеги алсыз кубат кудиретпи?!
Эстетет жазың, күзүң, кышың, жайың
Сендеги Улуу, Чексиз Кудиретти!
Ченемсиз ырысыкыны жараткан да,
Өзүңсүң, оо, Аллахым, тараткан да.
Адам – көр, акылынан адашат –ов!..
Атакты сая кууп баратканда!
Перзентин сүйсүн деген максат менен,
Энеге улуу мээрим тартууладың.
Аллахым, Сенин оюң кандай терең!!!
Эсепсиз Сенин бизге тартууларың!..
Шериксиз жалгыздыгың Түбөлүктүү!
Кымындай күмөнүм жок, дилим ачык...
Миң айтам "лаа илааха иллаллах" күбөлүктү,
Эч бир жан кутула албайт Сенден качып.
Океан сыя болуп, а жер челек,
Калемге айланышса дарактар бүт,
А сенин жакшылыгың санала элек
Түгөнмөк калем, сыя, барактар бүт...
Адамдын бүт-баарысы "жазгыч" болуп
Өзүңдөн пендеге шык ташталганда...
Мухиттер чөлгө айланмак саргыч болуп
Поэма Сен тууралуу башталганда...
Кааласаң жемиш өспөй жерде такыр,
Чөлкөмдөр боздоп жатмак, болуп какыр.
А элдер... алтын, күмүш желбеген соң...
Жан түтпөс кайгы тартмак, болуп жакыр...
Даанышман, Теңдеши жок аалам Ээси!
Каарыңды али туйбай жүрөт кээси...
Чангандар деле Сенин макулугуң...
Башка ойлор басып алган бопбош мээсин!..
Күн бизге түбөлүктүү чырак эмес.
Шектенбе, кыямат күн ыраак эмес,
Жанымда тургандардын баары жалган,
Жаннаттан башкалардын баары элес!
Жан Эгем, Жаратуучум жалгыз Өзүң!
Үмүтүм ырайымыңдан үзүлбөйт эч.
... Аллахты тааныйт жандар, тааныса өзүн,
Тааныбас тааныйт бир күн, болсо да кеч...