Он сегизинчи сан

Мазмуну
ТАВХИД – бул Алла Тааланын жалгыз-дыгына, Анын бар экендигине, Анын Жаратуучулугуна толук ишенүү, Алла Тааланы жаратылган жаамы жандуу-жансыздарга окшотпоо жана Ага шерик кошпоо.
Жараткан Алла Таала Ыйык Куранда маалым- дагандай, адампендени эң жогорку чеберчиликте жараткан. Муну, т.а., адамдын эң жогорку чебер-чиликте жаралышын анын сырткы түзүлүшү, дене-турпаты менен гана чектесек, аяттын маани-син толук камтыбай калат. Себеби адам баласына акыл-эс, баам-парасат, аң-туюм, сүйлөө, жакшы-жаман нерселерди жасоо сыяктуу дагы көптөгөн артыкчылыктар ыроолонгон. Мына ушул артык- чылыктар адамды башка жандуу-жансыздан ай- ырмалап келет. Улуу Алла Таала адам баласына мындай өзгөчөлүктөрдү берүү менен ээн таш- тап койбой, көптөгөн жоопкерчиликтерди кошо жүктөгөн. Кудай Тааланын барлыгына жана жал- гыздыгына ишенүү, ошондой эле адал жолдон адашпай өмүр кечирүү бул жоопкерчиликтердин эң маанилүүсү болуп саналат. Мына ошол себеп- тен Ал: "Мен жин жана инсандарды жалгыз Мага гана ибадат кылсын деп жараттым..." деп, пенде-заттын бул дүйнөгө келишиндеги максатын ай- кын билдирген. Ошондой эле мындан сырткары дагы көптөгөн Куран аяттарында "ишенгендер- ыймандуулар" жана "ишенбегендер-каапырлар" деген маанидеги сөздөр менен ишеним маселеси- нин маанилүүлүгүнө ишарат жасалган.
Жогоруда айтылгандай, кайсы өңүттөн кара-байлы адамзааданын жаратылышынын өзү эле зор мааниге ээ. Андыктан адамбаласы төрөлгөндөн тарта өлгөнгө чейин таалим-тарбияга, изги өрнөккө муктаж. Жараткан Алла бизди бизден да жакшы тааныгандыктан түрдүү себептерден улам Ази- рети Адам атадан баштап бүтүндөй адамзатка Өз элчилерин-пайгамбарларын жиберген. Куттуу ха- дистерде 124 000 пайгамбардын келгендиги айтылат. Мындайча айтканда, Ал эч бир коомду, эч бир элди пайгамбарсыз калтырган эмес. Андай болсо, жибе-рилген пайгамбарлар кандай милдеттерди аткарган?
Пайгамбарлардын эң негизги милдеттеринин башында жалгыз Алла Таалага шерик кошуудан, Аны кимдир бирөөгө же нерсеге теңөөдөн сакта- нууну, тавхид ишенимин, Анын жалгыздыгын туу тутууну элге үйрөтүү турган. Бардык пайгамбар- лар Алла Тааладан алган буйрук-өкүмдөрдү өз ко- омдоруна жеткирип, аларга ибадат, адеп-ахлактык өңүттөн жана жеке мамилелер жаатынан да үлгү болуп өтүшкөн. ТАВХИДди жар салган пайгам- барлар көп кыйынчылыктарга, каапырлардын кордугуна дуушар болгондугун карт тарых какшап келет. Чектен чыккан каапырлар ашкере бузулган- дыктан Алланын элчилерин шылдыңдап, келеке-леп, элден чыгарып, ташбараңга алып, жадагалса мыкаачылыктын түрдүү жолдору менен өлтүргөн учурлары болгон. Каапырлардын жан чыдагыс кордугуна, миң түркүн айла амалына, турмуштун тар кечүү, тайгак ашууларына карабастан эч бир пайгамбар ТАВХИД чакырыгынан баш тарткан эмес. Анткени алар Аллага шерик кошуу – бул адамдын эки дүйнөсүнө тең орду толгус касирет алып келе турган эң жаман жорук экенин жана Кудай Таала Өзүнө кимдир бирөөнү же нерсени теңегендерди, башка нерселерге ишенгендерди эгерим кечирбесин жакшы билишкен. Алар ошол себептен жана пендезаттын эки дүйнө бактылуу- лугу үчүн катардагы эч бир адам чыдай алгыс оор машакаттарга карабастан ТАВХИД жарчылыгын ташташкан эмес.
Ошондой эле ТАВХИД – бул Куран менен хадисте айтылгандай, Алла Таалага эч бир орток кошпостон ишенүү. Мунун талабы катары биз Алла Тааланын жаратуучу, ырыскы берүүчү, сак-тоочу, кечирүүчү жана жазалоочубуз экенине чын дилден ишенишибиз керек.
"Алла Тааладан башка кудай жок, Мухаммад Анын Элчиси – Лаа илааха иллаллаах Мухаммад ар-расуулуллаах" деген даңазалуу ураанды тил ме- нен кайталап, дилге ширетип, акыл-эс менен анын маани-маңызын туура кабылдай алсак, азгырыгы күч жаман, бузуку нерселерден алыс болобуз. Му-сулман болуп жаралуунун өзү биз үчүн эң зор ба- кыт экенин эң убакта эстен чыгарбашыбыз керек. Азирети Мухаммад Пайгамбарга үммөт кылып жараткандыгы үчүн Жараткан Аллага канчалык алкыш айтсак да аздык кылат. Анткени биздин ишеним бардык пайгамбарлар жар салган "Жал- гыз Кудай, жалгыз Китеп" деген урабас баалуулук-ка негизделген. ТАВХИД ишеними башка диндер- де болгондой "көп кудайлуулук" сыяктуу шектүү нерселерге жол бербейт. Ошондой эле түп нуска- дан бурмаланган башка ыйык деп эсептелген ки- тептерде болгондой Ыйык Куранда бири-бирине карама-каршы келген баш-аягы жок жөө жомок- тор айтылбайт. Христиан жана иудаизм дининде- гидей "Алла Таалага адамдын кейпи, сын-сыпаты" биздин динибизде таңууланбайт. Алла Таала Өзү мактоого алып, ишенип жөнөткөн сүттөн ак пай-гамбарларга биздин динибизде кара көө жабыл- байт. Нукуралыгы көрпенделердин напсикорлу- гу менен бузулган диндерде адал деп эсептелген "адамдын ден-соолугуна зыянын тийгизе турган жаман нерселер" Исламда арам деп эсептелет. ТАВХИД деген түркүгү бар Исламды жана анын буйруктарын кай жагынан иликтеп көрбөйлү, напсиге бираз оор келгени менен түпкүлүгүндө түрдүү пайдаларды көрө алабыз. Ошондуктан мусулман болуп төрөлгөн соң мусулман бойдон көз жумууга милдеттүүбүз. Биз бул мусулмандык озуйпаны Азирети Адамдан (алейхис салам) Ази-рети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга чейин келген ТАВХИД ишени- мин кармануу менен жүзөгө ашыра алабыз.
Өнүгүү жолунда бир кыйла өрлөп калган 21-кылымда балким жеңил турмуштун жыргал- чылыгына ыктаган өз напсибиз, каргышка калган шайтан жана акыл-эсти тумандаткан ар кандай бу- зуку ишенимдер, пикирлер, көз караштар биздин ТАВХИДке ишенүүбүзгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Андыктан Исламдын талабына ылайык түпкүлүгү жок мындай түшүнүктөргө жана нап- синин азгырыктарына каршы сергек болуп, өз ме-кенибизди, өз динибизди сактоого, келечек муунга таза ишенимди өткөрүп берүүгө болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек. Анткени Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыздан кийин эч бир пайгамбар кел- бейт. Башкача айтканда кыяматка чейин Т А В - ХИДдин желегин чыныгы момун-мусулмандар көтөрүүгө милдеттүү. дилден ишенишибиз керек. "Алла Тааладан башка кудай жок, Мухаммад Анын Элчиси – Лаа илааха иллаллаах Мухаммад ар-расуулуллаах" деген даңазалуу ураанды тил ме- нен кайталап, дилге ширетип, акыл-эс менен анын маани-маңызын туура кабылдай алсак, азгырыгы күч жаман, бузуку нерселерден алыс болобуз. Му-сулман болуп жаралуунун өзү биз үчүн эң зор ба- кыт экенин эң убакта эстен чыгарбашыбыз керек. Азирети Мухаммад Пайгамбарга үммөт кылып жараткандыгы үчүн Жараткан Аллага канчалык алкыш айтсак да аздык кылат. Анткени биздин ишеним бардык пайгамбарлар жар салган "Жал- гыз Кудай, жалгыз Китеп" деген урабас баалуулук-ка негизделген. ТАВХИД ишеними башка диндер- де болгондой "көп кудайлуулук" сыяктуу шектүү нерселерге жол бербейт. Ошондой эле түп нуска- дан бурмаланган башка ыйык деп эсептелген ки- тептерде болгондой Ыйык Куранда бири-бирине карама-каршы келген баш-аягы жок жөө жомок- тор айтылбайт. Христиан жана иудаизм дининде- гидей "Алла Таалага адамдын кейпи, сын-сыпаты" биздин динибизде таңууланбайт. Алла Таала Өзү мактоого алып, ишенип жөнөткөн сүттөн ак пай-гамбарларга биздин динибизде кара көө жабыл- байт. Нукуралыгы көрпенделердин напсикорлу- гу менен бузулган диндерде адал деп эсептелген "адамдын ден-соолугуна зыянын тийгизе турган жаман нерселер" Исламда арам деп эсептелет. ТАВХИД деген түркүгү бар Исламды жана анын буйруктарын кай жагынан иликтеп көрбөйлү, напсиге бираз оор келгени менен түпкүлүгүндө түрдүү пайдаларды көрө алабыз. Ошондуктан мусулман болуп төрөлгөн соң мусулман бойдон көз жумууга милдеттүүбүз. Биз бул мусулмандык озуйпаны Азирети Адамдан (алейхис салам) Ази-рети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга чейин келген ТАВХИД ишени- мин кармануу менен жүзөгө ашыра алабыз. Өнүгүү жолунда бир кыйла өрлөп калган 21-кылымда балким жеңил турмуштун жыргал- чылыгына ыктаган өз напсибиз, каргышка калган шайтан жана акыл-эсти тумандаткан ар кандай бу- зуку ишенимдер, пикирлер, көз караштар биздин ТАВХИДке ишенүүбүзгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Андыктан Исламдын талабына ылайык түпкүлүгү жок мындай түшүнүктөргө жана нап- синин азгырыктарына каршы сергек болуп, өз ме-кенибизди, өз динибизди сактоого, келечек муунга таза ишенимди өткөрүп берүүгө болгон күчүбүздү жумшашыбыз керек. Анткени Азирети Мухаммад Пайгамбарыбыздан кийин эч бир пайгамбар кел- бейт. Башкача айтканда кыяматка чейин Т А В - ХИДдин желегин чыныгы момун-мусулмандар көтөрүүгө милдеттүү.