Он сегизинчи сан

Мазмуну
Азыркы учурда ыймансыздык кесепетинен улам билимсиздик менен диндин карама-каршы туруусу көнүмүш нерсеге айланды. Ыймансыздык жана билим- сиздик адам баласын атеисттик, кудайсыздык көз ка- рашка алып келет. Илим-билимдүүлүк адам баласын ишенимдүүлөрдүн катарына кошуп, аны чыдамдуулук, жана кечиримдүүлүк касиеттерине ээ кылат. Адам ба- ласынын бүт жашоо тагдырында болгон өзгөрүүлөр кыйынчылыктар - бул Алла Тааланын үзгүлтүксүз сы- ноолорунун, Кудай алдындагы кетирилген кемчиликте- ринин натыйжасы болуп эсептелет.
Азыркы учурда моралдык-диний адеп баалуулукта- ры менен дал келбеген ичимдиктердин, тамекилердин, оюн-зоок үйлөрдүн, казино, сойкулук, баңгизат колдо- нуучулук үстөмдүк кылып, бирин-бири сатуучулук, ал- маштыруучулук азыркы күндүн кадимки салты сыякта- нып, динге жана моралга туура келбеген нерселер кеңири жайылууда. Бирок, канчалык оор болбосун баарыбыз өзүбүздүн руханий байлыгыбыздын, дене турпатыбыз- дын тазаланышы үчүн кам көрүшүбүз керек. Күнөөгө батыруучу, азгыруучу иштерден, ийне сайынуу менен баңги затты колдонуудан, жыныстык катнашуу аркылуу жугуштуу ооруга чалдыгуудан бардык мүмкүнчүлүк ме- нен сактануу зарыл. Кайсы оору жөнүндө кеп жүрүп жа- тат деп сурашыңыз мүмкүн? Кеп жыныстык жана ийне саюу жолу менен жугуучу АИВ (ВИЧ) – жана ЖИКС (СПИД) жугуштуу оорулары жөнүндө болуп жатат.
АИВ жана ЖИКС деген эмне? АИВ – бул: А = адамдын (адамдан адамга гана жугат). И = иммунно жетишисиздик (вирус адамдын иммундук системасын бузуп, бул адам ор- ганизминдеги жугуштуу ооруларга, дегеле ооруларга кар- шы туруу жөндөмүн бузат). В = вирусу (адамда иммундук жетишсздикти пайда кылуучу эң майда организм).
ЖИКС (жуктурулган иммун жетишисдик синдро- му) – оорунун акыркы баскычы. Ж = жуктурулган (ту- баса эмес, күндөлүк жашоо-турмушта тапкан. Айрым учурда иммуножетишсиздик тубаса да болот – бала эненин боюнда кезинде, же төрөп жатканда АИВ жу- гузуп алган болот). И = иммундук (адамдын иммундук системасына тиешеси бар, бизге ар кандай оору алып келүүчү бактериялардан жана вирустардан сактайт). К = кем (ЖИКСтин натыйжасында иммундук каршылык- тын жетишсиздиги, бир нерсенин тартыштыгы, жетиш- сиздиги). С = синдром (бул башка оорулардан айырма- ланып турган белгилер, абалдар)
АИВ жугуштуулук натыйжасы – туунду оорулар- дын жана ЖИКС жугуштуу оору менен ооруган адам же медициналык аспект менен чектелбейт.
Кыргызстанда АИВ жугуштуулуктун абалы кандай?
Республикалык ЖИКС уюмунун маалыматтары бо- юнча Кыргызстанда АИВ белгилүү болгон, ал оору ме- нен жашаган адамдардын саны 1987-2000 жылдары – 53 киши, 01.12.2008 ж. бул сан 1967 кишиге жетти, каттал- багандардын саны бир кыйла көп.
АИВ жугуштуулуктун эң жогорку көрсөткүчү - баңги заттарды колдонуучулардын ичинен жукканды- гы белгилүү. Расмий катталгандардын көбү Ош жана
Бишкек шаарларында, Ош, Чүй областарында. АИВ жу- гуштуу оорусу эмгекке жарамдуулардын арасында көп учурайт, 29 жашка чейинкилердин арасында азыр 64% түзөт. Акыркы 8 жылдын ичинде Кыргызстанда АИВ ме- нен ооругандардын саны аялдарда көбөйдү, 2000-жылга салыштырмалуу 01.12.2008-ж. 3төн 472 аялга көбөйдү.
Шарият мыйзамында АИВ жугуштуулукту жана ЖИКСны алдын алуу
Эч кандай эл жакшы сапаттуу жана өнүгүүгө ара- кет кылмайынча эч кандай мыкты өсүш болбой тур- гандыгы айдан ачык. Жакшылыкка үндөп, жамандыкка тыюу салуу зарыл.
Ислам материалдык жана алы-күчү бар жаш эр- кектерди үй-бүлө курууга, никеге турууга чакырат. Ни- кеге (исламдык нике) турмайын эркектин кызга жакын- доосуна шарият катуу тыюу салат жана зинага баруу "АРАМ"деп эсептелет.
Мухаммад Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) мындай деген:
"Кимдин үйлөнгүсү келсе, үйлөнсүн, анткени үйлөнүү ар кандай терс жолго ооп кетүүдөн сактайт, үйлөнө албагандар орозо кармасын, анткени ал зинага алып баруучу жолдордон сактайт". (Бухари жана Муслим).
Улуу Жараткан Алла Таала Ыйык Куранда:
"Никелүү боло албагандар, Алла берешендиги менен байытканча, өзүн акылы менен башкарсын" (Нур сүрөсү,ЗЗ-аят).
Эркектин адептик аруулугу, никеге тазалыгы, аялы- на болгон мамилеси – бул узак жана бактылуу жашоонун белгиси. Никенин аруулугун бузуп жаткан эркек Аллах алдында оор күнөө кетирип жаткандыгын билиши ке- рек, анткени кетирип жаткан кемчилиги үй-бүлөгө жана коомго оор зыян алып келип жатат. Исламда үй бүлөнү таза сактоо үчүн эркек кандай жоопкерчиликтүү болсо, аял да дал ошондой деңгээлде жооптуу.
Өөрчүп бараткан эпидемиянын шартында өзүн АИВ жугуштуулук жана алдын алуучулук жолдору жөнүндө билген адам гана өзүн сактай алат.
"Мындан тышкары ким өкүнүп тобо кылса жана жакшылык иштерди жасаса, анда Алла Таала алардын жаман иштерин жакшыга (соопко) алмаштырып койот. Алла акыйкатта Кечиримдүү, Мээримдүү!" (Фуркан сүрөсү,70-аят).
Дарт – бул Кудай тарабынан жиберилген жаза, бир чети сыноо. Андан эч ким кутула албайт. АИВ оорусу менен жашаган адамдар коом тарабынан, үй бүлөсүнөн, жакындарынан кемсингүүгө, басынууга дуушар болуп келишет. Андыктан бардык мусулмандар муктаждарга колдоо көрсөтүшү керек! Биз каалаган мүнөттө жакын- дарыбызга жардам беришибиз зарыл! Анын ордуна биздин ар бирибиз же туугандарыбыз болуп калашы ыктымал. Бири-бириңерге кайрымдуу болгула, Кудай- дан корккула, биз ага суракка барарыбыз эсиңерде бол- сун! Жалпыңарга Алла Тааланын мээрими болсун! Төмөнкү дарек боюнча сиздер керектүү маалымат- тарды алсаңыздар болот:
Информациялык-окутуу кабинети, ПООЖ "Хади- сы" пер. Логвиненко 16а, тел: 542736;
Терең урматтоо менен "ХАДИСЫ" коомдук бирик- меси