Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

Кабарлар

Финляндиянын исламдык партиясы шайлоолорго катышууга кам көрүүдө

Финляндиянын Исламдык партиясынын (ФИП) лидери Абдуллах Тамми 2011-жылы боло турган шайлоодо мусулмандардын ийгиликке жетүүгө толук мүмкүндүгү болгондугун эсептейт.

Исламдык партия өлкөнүн жарандарына со- циалдык жактан жогору мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүнү, айлана-чөйрөнүн тазалыгы- на карата илгери иш-аракеттерди жүргүзүүнү көздөөдө. Мусулмандар ошону менен бирге НА- ТОнун кеңейишине каршы чыгышууда. Ошондой эле 2007-жылдын декабрь айынан тарта Англияда өз ишин ийгиликтүү аткарып келе жаткан Ислам- дык соттордун үлгүсүндө Финляндияда да шари- ятка ылайык сот системасын параллел алып кетүү маселесин көтөрүп чыгууга да кызыкдар.

Жаңы партиянын программасында мектептер- де музыка сабагынын ордуна Куран окууга уруксат алуу, мечиттердин курулушу боюнча белгилүү мыйзамдарды кабыл алуу, жаш балдарды меди- циналык жайларда сүннөткө отургузуу жана мал- жандыктарды шарияттын негизине ылайык мууз- доо боюнча маселелер каралган.

Эскерте кетсек, партиянын профсоюздук ли- дери Ристо Тамми улуту боюнча фин. Ал Ислам динин кабыл алгандан кийин атын "Абдуллах" ыс- мына өзгөрткөн.

Газадагы аскердик курчоону токтотууга карата эл аралык комитет түзүлүүдө

Ливан мамлекетинин борборунда Палестина- нын Газа аймагына карата аскердик курчоону ток- тотууга багытталган эл аралык комитет түзүлүүдө. Анын даярдоочу органы эл аралык комитетте саясий партиялар, коомдук мекемелер, анын ичи- нен адам укуктары боюнча уюмдар, ошондой эле таанымал саясатчылар, илимпоздор, жетекчилер болгондугун билдирди. Бул комитет сионист- тик курчоону токтотууга багытталган эл аралык деңгээлдеги инициативаны көтөргөн уюмдар үчүн координатордук структура катары эсептелет.

Бейрут шаарында уюшулуп жаткан бул коми- теттин мүчөлөрү Ливандын мурунку премьер ми- нистри Салим ал-Хоссаны төрагалыкка шайлаш- ты. Ал эми секретарлык кызматка доктор Башар Шалаби дайындалды.

Түзүлүп жаткан комитеттин арызында Газа аймагынын тургундары башынан өткөргөн тра- гедиялар, израилдик куралдуу күчтөр тарабынан үч жылдан бери улантылып келе жаткан түркүн түстүү мыкаачылыктар эскерилет.

Бельгиялык мусулмандар исламдык майрамдарды легализациялоо боюнча маселени көтөрүп чыгышты

Бельгиялык мусулмандар уюму белгилүү май- рам күндөрү мыйзамдын чегинде мусулмандарга кошумча эс алуу күнү катары кабылданышы ке- ректигин эсептейт.

Уюмдун жетекчиси Юсед Суссинин пикирин- де, Орозо жана Курман айт күндөрү үчүн айлык- маянанын өлчөмү кемитилбеши керек. Бүгүнкү күнү бельгиялык мусулмандар иштеген мамлекет- тик мекемелерден айт күндөрү эс алгандыгы үчүн айлык маяналары белгилүү өлчөмдө кемитилет. Ошондой эле өлкөдөгү кээ бир компаниялар өз карамагында иштеген мусулмандарды бүтүндөй Ислам дүйнөсү майрамдап жаткан айт күндөрү да иштөөгө мажбурлап келет.

Ю. Сусси: "Биз тек ишкерлердин мусулман ба- ласы үчүн айт майрамдары канчалык мааниге ээ экендигин гана түшүнүүлөрүн каалайбыз. Эгер алар буга түшүнүктүүлүк менен мамиле жасаш- са, мусулман жумушчулар менен эч качан мындай маселе-көйгөй болбойт, деп ишенем" дейт.

Ал ошондой эле айт күндөрүнүн ордуна хри- стиандардын "пасха" жана "рождество" майрам күндөрү бельгиялык мусулмандардын толук күн иштеп берүү мүмкүнчүлүктөрү да бар болгонду- гун сунуш кылды.

Башына