Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

Кызыктар дүйнөсү

Маалыматтар интернет
барактарынан алынды.

Зыяндуу "кошуналар"

Биз жашап жаткан Жер бети канчалаган жан-жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү өз койнунда батырып, Жараткан берген ырыскысына себепчи болуп келет. Мисалы, оку- муштуулардын изилдөөлөрүнө караганда, жер бе- тинде жерде-сууда жашоочулардын эле 9000 түрү, сүт эмүүчүлөрдүн 13000, канаттуулардын 16000, балыктырдын 20000, ал эми ар кандай курттардын түрүнүн саны 22000дөн ашык экендиги белгилен- ген. Ал эми Жер шарын мекендеген жалпы жан- жаныбарлардын түрүнүн саны эле бир жарым миллиондон ашып кетет. А бирок ар биринин өз ырыскысы, өз коңшулары жана душмандары, өздөрүнүн жашоо аймагы жана өзгөчөлүктөрү бар. Бүгүн ошол жаныбарлардын айрымдары, башкача айтканда, адамдардын жашоосундагы эң белгилүү жана зыяндуу курт-кумурскалар менен жана алардын жашоо шарты, өзгөчөлүктөрү ме- нен таанышабыз.

Таракан

Биздин бүгүнкү рубрикабыздын башкы ка- армандарынын бири болгон таракандар көбүнчө караңгы жана нымдуу жерлерди мекендешет. Алар бир жерден экинчи бир жерге көбүнчө азык түлүктүн өзү же калдыктары аркылуу барат.

Алардын өзгөчөлүктөрүнүн бири катары анын тамак тандабагандыгын жана жарыктан жашынып жашагандыгын айтса болот. Ошондой эле алар өтө тез кыймылдашат, башкача айтканда, бир секунданын ичинде өз багытын 25 жолу өзгөртө алат. Окумуштуу конструкторлорду кызыктырган дагы бир өзгөчөлүгү болуп таракандардын нерв системасынын айлана чөйрөдөгү ар бир нерсеге тынымсыз анализ кылып, коркунучту сезери менен мээнин катышы болбостон эле рефлекстүү түрдө аракетке келиши эсептелет. Так ушул өзгөчөлүктү сенсордук системада автомо- билдердин жана учактардын коопсуздугу үчүн кол- донууну иштеп чыгышууда окумуштуулар.

Таракан тууралуу кызыктуу материалдар:

• Эң чон таракан узундугу 9,7 см, туурасы 4,5 см болгон Колумбия тараканы болуп эсептелет.

• Тропиктик таракандардын эң тез чуркаган таракан болуп эсептелет. Ал 1 секунданын ичин- де өз денесинин узундугунан 50 эсе чон аралыкты чуркап өткөн, башкача айтканда ылдамдыгын 5,4 км/саатка жеткизген. Эгер адам ушундай ылдам- дык менен чуркай турган болсо, ылдамдыгы 330 км/саатка жетер эле.

• Таракандар "картайган" сайын буттары "оо- руй" баштайт. Картайгандары дубалдын боору ме- нен жогору чыга албай, ылдамдыгынын да жары- мын жоготот. Ал эми 65 жумага "чыккандарынын" 80 пайызы кадам сайын чалынып турушат.

• Таракандын ургаачысы бир жылда эки миллиондон ашык жумуртка таштайт. Мындан тышкары, ал башы жок тогуз күн жаашай алат.

Башына