Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

Залкар бейне

Заманыбыздын залкар жазуучусу, сөздүн улуу чебери, кыргыз элинин нарк- насили, асылдык сапаттарында суга- рылган чыгармалары менен дүйнөлүк адабият- тын төрүнөн орун алган Чыңгыз Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларында адамзат коому жаралгандан бери негизги, башкы маселе болуп келген тарбиялоого кайрылып, "канткенде адам уулу адам болот?" деген суроону алдыга коюп, ар бир чыгармасында ал суроого жооп берүүгө, адам тарбиясынын көп кырдуу жактарын чечмелөөгө өз салымын кошуп келет.

Болочок жазуучунун ааламга карай сапары кыргыздын алакандай айылы Шекерден башталып, кубаныч менен кайгынын, барчылык менен жокчу- луктун, адамгерчилик менен наадандыктын, боо- рукердик менен мыкаачылыктын, ак пейилдүүлүк менен кара өзгөйлүктүн кошо жуурулушунан са- лынган бул жолдо не деген гана күндөрдү башы- нан өткөрбөдү дейсиң. Ушул күндө 2008-жылдын бийиктигинен карап туруп, жазуучунун өмүр жолу канчалык таштак болгону менен жаштайынан зирек өсүп чоңойгон Айтматов үчүн турмуштун өйдө-ылдыйындагы таасир калтырган адамдардын тагдыры анын жа- зылган чыгармаларынын каарманы болгон го деген ойго кетесиң. Анткени, чыгармаларындагы бардык каармандан эл ичинде, биздин арабызда эле күн кечирип, ар кандай тагдырга дуушар болуп, бирок замандаштарынан өзүнүн өзгөчө касиети менен айрымаланган адамдын образын көрүүгө болот.

Жазуучунун ар бир чыгармасы, ал кайсы мезгилде жазылбасын, эң биринчи өз учуру- нун негизги темасына айланса, андан кийин ал түбөлүктүүлүккө сиңип, адамзатты кайсы мезгил- де болсо да түйшөлтүп келген адамды тарбиялоо проблемасынын тигил же бул, болгондо да, эң ак- туалдуу жагына арналып, аны ийне-жибине чейин талдап, тарбиянын кайсы багыты туура экендигин тандан алууну окуучулардын акыл таразасына коет.

Акылмандардын "Эгер элдин 1 жыл эсинде калам десең, жакшылык кыл, элүү жыл эсинде калам десең, дарак тик, эгер түбөлүк эсинде ка- лам десең, адам тарбияла" деген улуу сөзү тарби- ялоонун татаал, түйшүктүү, ошол эле учурда өтө сыймыктуу экендигинен кабар берип тургандай, чыгармалары аркылуу Ч.Айтматов алдын ала адамзат үчүн коркунучтуу илдеттин келе жаткан- дыгын туюп, ал тууралуу коомчулукка добулбас кагып, боло турган апааттан канткенде оолак бо- лорун эскертип, түбөлүктүү тарбиялоо маселе- син чечүүгө кайрылат.

Ч.Айтматовдун 1950-жылдардан баштап эле адегенде басма сөз беттеринде жарык көрө баш- таган " Гезитчи Дзюо", "Ашым", (1952), 1953-1956- жылдары "Кайракы жерде" (На богаре), "Сыпай- чы", "Ак жаан", "Асма көпүрө", "Түнкү сугат" аттуу аңгемелери адабият майданындагы тушоо кести чыгармаларынан болуп калды. Ч.Айтматовдун бул турмуш мейкиндигинен өз ордун табууга бол- гон далалаты, анын чыгармачылыкка умтулуусу көзүн таба албай ар кайсы жерден чыга калган ба- шат сыңары чарба жумушунда, котормочулук иш- теринде өз мүмкүнчүлүгүн сынап көрүп, жыйна- ган тажрыйбасы болочоктогу жазуучулук ишине даярдык катары кызмат кылат.

Автордун ар бир чыгармасы ага бала күнүнөн баштап таасир берген туулган жери, эли, анын тар- биялаган ата-энеси, чөйрө, коомчулук, турмуштук сабактары – баары жыйналып келип, табиятынан берилген шык, таланттын элегинен өтүп, ийине келтириле жуурулуп, андан көркөм сөз берметте- ри менен кооздолуп, окурмандын жан дүйнөсүнөн түнөк таба тургандай, сезимин ойгото тургандай деңгээлге жеткирип элге тартууланган. Жазуучу- нун миң толгонуп жараткан чыгармасынын жолу муну менен эле бүтүп калбай, андан ары чыныгы жашоосунун уланышы эл тарабынан кабыл алы- нышына, бааланышына жараша болот эмеспи. Бул тарабынан алып караганда да Ч.Айтматовдун чы- гармалары дүйнөдөгү көп тилдүү окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таап, бааланып, кандай өлчөмдө болсо да, адам тарбиясында салым кошуп турушу жазуучунун улуугунун белгиси.

Адабий сынчы Г.Гачев Ч.Айтматовдун чыгар- мачылыгы боюнча төмөндөгүдөй пикирин айтат: "Жазуучунун оюнун борборунда жеке адамдын ой-сезими, турмушу эмес, анын жалпы эле адам, инсан катары сапаттары, касиети турат. Ал жашо- онун маңызын жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн үйрөнүп билүүгө умтулат". Каармандарынын тагдырынын жалпы эле элдин тагдыры менен шайкеш келишин, анын чыгырмаларынан ар бир окурман өз тагдырын, турмуш жолун таба билеге- дигин анын түбөлүктүү "адам тарбиялоо" деген адамзаттын улуу максатына умтулуусу катары баа- лоого болот.

1963-жылы жазылган "Биринчи мугалим" по- вести жөнүндө Ч.Айтматов адабияттагы, дегеле, кадимки турмуштагы ак ниет эмгеги менен окуу- чуларына билим, тарбия берген, аларды келе- чекте коомдун керектүү адамы болууга үндөгөн, ошол асыл максатка жетүү үчүн жанын аяба- ган асыл кесиптин ээси - мугалимдин образын берүүгө аракеттенген. Өз балдарынын гана эмес, өзгөлөрдүн балдарынын тагдырын да ойлоп, татыктуу тарбия берүү максатын көздөгөн асыл кесиптин ээси, көптүн бири болуп эл арасында байкалбаганы менен, ар бир окуучусунун аалам- га карай жолунун эшигин ачкан Дүйшөн сыяктуу мугалимдердин реалдуу образы чагылдырылган. Кыргыз эли жаңыдан гана ойгонуп, жаңы тур- муш, билим, сырткы дүйнө менен байланыш туу- ралуу түшүнүктөрү пайда болуп турган мезгил- де Дүйшөн өңдүү "ак жүрөктөр" билим деңгээли элден бир аз эле айрымаланганына карабай, эл- дин алда туруп, аларды илим-билимге үндөп, Алтынай сыяктуу идиректүү окуучуларын чоң шаардан билим алуусун каалаган, алган билими, үйрөнгөн өнөрү менен кайрадан эле элге кыз- мат кылса деп, арканды узун таштап, элдин ке- лечегин ойлогон инсандар кыргызда көп болгон. Дүйшөндөй өз кесибин сүйгөн, ал эми өз элинин билимдүү болушун андан кем көрбөгөн жөнөкөй да, улуу да кесиптин ээсинин образы ошол кез- де кандай болсо, азыр да ошондой эле актуалдуу бойдон кала берет. Чындыгында эле азыр мек- тептерде талаптагыдай шарттын жоктугуна, тур- муштун тартыштыгына, айлык акынын аздыгына карабай Дүйшөн сыяктуу жан дили менен бал- дарга билим берген, өз кесибинин күйөрмандары гана калды окшобойбу. Адабий сынчы В Панкин- дин "Мугалимди урматтоо – бул өзүнчө илим, анткени мугалим болуу - бардык кесиптердин эң татаалы", - деген сөзү абдан туура.

Ч.Айтматовдун ар бир чыгармасында адам- затты дайыма түйшөлтүп келген адамды тарбия- лоо маселеси көтөрүлүп, "Биринчи мугалимде- ги" Дүйшөн, "Саманчынын жолундагы" Жайнак, "Деңиз бойлой жүгүргөн ала дөбөттөгү" Кириск, "Жамийладагы" Сейит, Жамийла, "Бетме-беттеги" Ысмайыл, "Делбиримдеги" Ильяс, "Ак кемедеги" Нургазы, "Биринчи мугалимдеги" Алтынай, "Кы- яматтагы" Бостон, "Асма көпүрөдөгү" Нурбек, "Эрте келген турналардагы" Султанмурат жана башка көптөгөн каармандарынын турмуш жолу, кадыресе адам катары калыптануу процесси, анын азап-тозогу, сүйүнүч-кубанычы чагылдырылган.

Чыңгыз Айтматов – аалам мейкиндигинде эң көп китепкөйлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жана анын чыгармалары дүйнө элдеринин 170 тилине которулган. Бул – ушунча тилде сүйлөгөн элдин тарбиялоо маселесине таасир берген де- гендик.

Заманыбыздын улуу жазуучусу, акылман ойчулу, даанышманы жана улуу тарбиячысы Ч.Айтматовдун экинчи жашоосу чыгармаларында улантылып, элеси окурмандарынын жүрүгүндө түбөлүк сакталап кала берет.

Башына