Он сегизинчи сан

Мазмуну
Жүрөктү тазалагысы келген адамга 4 нерсе бөгөт болот:
1. Байлыкка болгон сүйүү: Байлыктын өзү эмес, ага болгон сүйүүнүн таасири жүрөккө катуу таасир берет. Жүрөккө катуу таасир берген соң көрпенде айла жок артка кетенчиктейт. Акыретте жакшылык табуу үчүн байлыктын мааниси зор. Кайрымдуулук кылуу, дин жолундагы кызматтарга демөөрчүлүк кылуу сы- яктуу алгы иш-аракеттерди жасоого болот. Бирок бул нерсени жасоого байлыкка болгон сүйүү тоскоол бо- лот. Андыктан, адампенде дүнүйөкорлукту жүрөктөн чыгарышы зарыл!
2. Мансапкорлук: Мансап жана бийлик – акы- ретте Алланын алдына жарык жүз менен барууга зор мүмкүнчүлүк болуп эсептелет. Анткени көптөгөн нерселер бийликке көз каранды. Бийлик менен Ал- ланын Ак динин өнүктүрүп, эл-журтту ыйманга су- гарып, калкка бейпил турмуш ыроологонго болот. Бирок буга мансапка болгон сүйүү тоскоол болот. Керисинче бийликтин кандуу камчысы менен динди тизгиндеп, элдин ырысыкысын талап-тоногонго да шарт түзүлөт. Коомчулукка ак кызмат өтөө үчүн бий- ликке отуруу башка нерсе, өз напсисинин каалоосун орундатуу үчүн мансапка баруу такыр башка нерсе.
3. Башка нерселерге болгон сүйүү: Алла Таала- га болгон сүйүүдөн башка жүрөктү туткундап ала турган ышкы-каалоонун баарын жүрөктөн какас ту- туу абзел. (мис; үйдүн жасалгалуулугун сүйүү, унаа айдоону сүйүү, айбанаттарга кордук кылып, аларды уруштуруу, жарыштыруу, сүзүштүрүүнү сүйүү ж.б. пайдасыз сүйүүлөр)
4. Күнөө: Адампенде жасаган ар бир күнөөсү үчүн Аллага тообо кылып, кечирим тилеши керек. Азирети Пайгамбарыбыз мындай деген: "Кимде-ким бир күнөө жасаган болсо, заматта жүрөгүндө кара чекит пайда бо- лот. Эгер тооба кылса, ал чекит өчүрүлөт. Тескерисинче үзгүлтүксүз улантып кетсе, кара чекит чоңоюп олтуруп бүтүндөй жүрөктү каптап калат" (Ибн Маажа, Зухд, 29; Ах- мад бин Ханбал, Муснад, 2, 297).
Аталган 4 бөгөттү ашып өтүү үчүн 4 нерсени ат- каруу керек:
1. Тамакты аз-аздан, адалынан жеш. Алла Таала момун-мусулмандарга: "Биз насип кылган адал ырыскылардан жегиле!" деп буюрат. Азирети Пайгамбарыбыз өз хадисинде мындай деген: "Ашыкча жеп-ичип жүрөгүңөрдү жараксыз кылып албагыла!"
2. Уйкучулуктан арылуу. Ашыкча тамактанган адам көп суу ичет да, көп уктайт. Ашкере уйкучу пенде кыяматта бушайман болот. Алланын сүйүктүү Элчиси (саллаллаху алей- хи васаллам) өз хадисинде мындай деген: "Алла Таала ашыкча жеп-ичкен жана көп уктаган адамды сүйбөйт" (Имам Газали).
3. Көп сүйлөбөй, аз, бирок саз сүйлөө кажет: Пайгамбарыбыздан бир хадис: "...Аллага жана акырет күнүнө ишенген адам же пайдалуу сөз сүйлөсүн, болбосо унчукпасын!" (Бухарий, Рикак, 23; Муслим, Иман, 74, 75, 77).
4. Жаман адамдан, жаман нерселерден оолак болуу: Пендезат алкаш досунун жанында көп жүрсө, ал дагы ашаткы, тамеки жыттанып, анын сөгүнгөнүнөн, ахлаксыздыгынан таасирленет. А эгер атыр саткан досу менен көп-көп жолугушуп турса, дайым жагым- дуу жыттанып жүрөт. Ушунун сыңары адамдын жак- шы же жаман болушуна чөйрө көп таасир берет. Кутман Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва- саллам) бизге береги насаатын айткан: "Адам досунун жашоо таризинен таасир алат. Андыктан ким менен достошконуңарга көңүл бургула!" (Абу Давуд, Адаб, 16; Тирмизий, Зухд, 45).