Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

Ыйман талабы

"Ар бир ымыркай табиятынан акыйкатка (б.а., ишеними Алланын жалгыздыгына)
ийкемдүү болуп төрөлөт. Кийин ата-энеси аны же иудей, же христиан же болбосо бутпарас кылып тарбиялайт"
(Бухарий, Жанаиз, 30/80).

Дин – акыл-эстүү адамды өз тандоосуна ылайык жакшы нерселерге жеткирген Кудайы эреже, мыйзамдар топтому. Дин – бул ишеним жана сыйынуу маселесин ийне- жибине чейин камтыган улуу жол. Дин – адам менен Алла Тааланын ортосундагы алаканы жандантат, ошондой эле адамдардын өз ара мамилелеринин бардык өңүтүн жөнгө салат, адамдын башка жан-дыктарга жана табиятка болгон мамилесине эре- желерди сунуштайт. Дин – адамзааданы кашкайган чындыктарды билүүгө чакырат. Ошол себептен жал- гыз Кудайга ишенген адам "өзүнүн ким экендигин, кайдан келгендигин, Жараткан Алла эмне максатта жараткандыгын жана эмне талап кылаарын, акы-рында кайда бараарын, эки дүйнө бактылуу болуу үчүн эмнелерди орундатуу керек экендигин" такай ойлонуп, бул суроолордун туура жообун билгендер-ден сурап, ошого жараша жашап өтүшү кажет.

Азирети Адам Атадан (алейхис салам) келе жаткан тавхид ишениминин акыркы алкагы санал- ган Ислам дини адамдын табиятына ылайык келген акыйкат дин болуп эсептелет. Маалым болгондой Ислам дини ичимдик ичүүгө, кумар ойноого, нике-сиз жыныстык катнашка барууга, жалган сүйлөөгө, сүткорлукка,бирөөнүнакысынжеп,кордуккөрсөтүү сыяктуу зыяндуу иштерге тыю салып, жалаң гана жакшылыкка жетелей турган иш-аракеттерге ча- кырат. Биздин динибиз адал ырыскы табуу үчүн эмгектенүүнү жана илим алууну сооптуу ибадат катары эсептөө менен тиричиликти да, акыретти да тең салмактуу алып кетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган. Негизинен жарык дүйнөгө келген ар бир на- ристе ишенимге, сыйынууга, тактап айтканда динге ийкемдүү болуп төрөлөт. Тилекке каршы, адамдын көөдөнүндөгү бул изги сезим чөйрөнүн терс тааси- ринен жана шайтандын азгырыгынан улам кирдейт жана бузулат. Башкача айтканда, актай барактай болгон апакай сезим, таза жүрөк жаш илгерилеген сайын күнөөгө батуу коркунучу бар. Бул жагдайга ишаарат кылган Пайгамбарыбыз Азирети Мухам- мад Мустафа мындай деген:

"Ар бир ымыркай табиятынан акыйкат-ка (б.а., ишеними Алланын жалгыздыгына) ийкемдүү болуп төрөлөт. Кийин ата-энеси аны же иудей, же христиан же болбосо бутпарас кылып тарбиялайт" (Бухарий, Жанаиз, 30/80).

Ислам тарыхынын Мекке дооруна назар сала турган болсок, иралды элдин аң-сезимине Алла-га болгон ишенимди ширетүү ишине абдан маа- ни берилген. Маселен, ошол доордо жалаң гана "Алла Таала бүт нерсеге кудуреттүү. Бүт нерсе Анын уруксаты менен жашоого келет. Ал асмандан жамгыр жаадырып бүтүндөй макулукка, жандуу-жансызга ырыскы берет. Сыйынуу жалгыз Аллага гана багытталышы керек" сыяктуу ишенимге пай- дубал боло ала турган акыйкаттар такай берилип турган. Башкача айтканда, Мекке доорунда келген аяттар көбүнесе Жаратуучу менен пенденин орто- сундагы алакалар тууралуу болсо, Медина доорун-да келген аяттар адамдардын өз ара мамилелери, укук маселелери жаатында болгон.

Алла Таала көптөгөн аяттарда "ыйман келтир- гендер жана салих-жарамдуу амалдарды аткар- гандар" деген мааниде момун-мусулмандардын өзгөчөлүктөрүн эскерет. Куран-и Каримде ыйман менен салих амал айтымдарынын чогуу айтылышы, тактап айтканда, ыйман менен ибадаттын өз ара байланышы Ислам аалымдарынын көңүлүн бур- ган. Бул маселе кашкайып ачык айтылгандыктан, Ислам аалымдары ибадатсыз ишенимди мөмөсүз даракка салыштырган. Мөмө алуу үчүн тигилген дарактын мөмө бербегени сыңары, жарамдуу ама-лы жок, ибадатсыз куру ыйман дагы өз ээсине пай-да келтирбейт. Ошол себептен куру ыйман адам баласынын ич ааламын рухий өңүттөн аруулай албайт. Рух дүйнөсү арууланбаган пенде ар кандай күнөөлөрдү жасай салгандан кайра тартпайт.

"Мен жиндерди жана инсандарды Өзүмө гана ибадат кылсын деп жараттым" (Зарият сүрөсү, 56-аят) деп буйруган Алла Таала адампенде-нин жаралгандагы максатын жана тирүүлүктөгү милдеттерин ачык билдирген. Демек, кулпенде катары баарыбыз Жаратканга кылт этпестен моюн сунуп, Аны жакындан таанууга аракет кылып, Анын ыраазылыгын таба турган иш-аракеттерди жасаганга жан үрөшүбүз керек.

Дагы көптөгөн Куран аяттарында бардык жан- дуу макулуктар өз тилинде Алла Тааланы такай зикир кылып, эскерээри билдирилген:

"Жети кабат асман, жер жана андагынын баары Ал-ланы аруулашат. Ага ыраазылык билдирбеген, Аны аруулабаган эч бир жан жок. Бирок, алар-дын аруулашын силер түшүнбөйсүңөр..." (Исра сүрөсү, 44-аят) деп айтылат. Эскерте кетчү нерсе, жин менен адам дүйнөсүн эске албаганда бардык мукулуктарга Өзүнө кынтыксыз моюн сунуудан башка эч кандай жол койгон эмес. Алла Таала ибадат кылуу жаатында жалгыз адамдарга (жана жиндерге) гана ыктыяр берген. Башкача айтканда, адампендеге ибадат кылуу, моюн сунуу буйрулган. Буйрукту аткарууну же, аткарбай тозокто күйүүнү адам өзү тандап алат. Башка макулуктарда мын- дай эркиндик жок. Эгер адам Жараткан Алладан келген буйрукка кынтыксыз моюн сунган болсо, эки дүйнөлүк бакыттын ээси болот. Куранда ай- тылган "жаратылган заттардын эң шарапаттуусу" деген наамды актай алат. Эгер буйрукка баш ий- бей, өзү каалагандай өмүр кечирсе, акыр аягын-да сөзсүз бушайман болот, сот күнүндө сурактын катуулугуна чыдай албай "ушундан көрө топурак болуп калсам не!" деп бушайман болот.

Кудай Таала Өзүнө ишенип, жарамдуу амал-дардын коштоосунда өмүр кечирген пенделер тууралуу Куран-и Каримде мындайча буйруйт:

"Ыйман келтирип, жарамдуу амалдарды аткар-гандарга келсек, алар – бейишке баруучулар, ал жайда түбөлүк калуучулар"(Бакара сүрөсү, 82-аят). Ушул сыяктуу көптөгөн аяттарда Алла Таала ыйманды таза сактап, элине жакшылык жасап, ар кандай жамандыктардан оолак болуп өмүр кечир- ген пенделерине акыретте кыялга сыйбас чексиз сыйлыктарды ыроолорун убада кылган.

Бизге буйрулган бир күндүк ибадаттарды топ- той келсек бир саатка жетпеген убакытты алат. А көпчүлүк адамдардын жыйырма төрт сааты напси- ни алаксытууга багытталып, акыретке пайдасы тий-бей турган нерселер менен өтүп жатат. Мына ушул жагдай тууралуу мусулман пенде жакшы ойлонуп, алгы натыйжа чыгарууга тийиш. Чечмелеп айта турган болсок, күнүмдүк турмушту ирээтке салган жан дүйнө азыгы намазга басым жасашыбыз керек. Ыйык Куранда жана Азирети Пайгамбарыбыздын хадистеринде намаз диндин тиреги деп сыпаттал- ган. Муну намазсыз дин толук болбойт деп түшүнүү абзел. Намаз окуган мусулмандар диндин пайду- балын мыктылап түптөгөндөр болуп эсептелет. Пайдубалсыз курулган кандай гана нерсе болбосун сөзсүз бир күнү кулап калат. Маалым болгондой, Алла Таала жыйырма төрт саатта беш жолу намаз аркылуу Өзүнө чакырып келет. Биз бул чакырыкка канчалык өз убагында барып, так аткарып, көз жаш төгүп тилек тилесек, көңүлүбүз толкуп, жеңилдеп, айрыкча намаздан кийинки дубалар аркылуу каа- лаган нерсебизди чыныгы Берешенден сурап алууга мүмкүнчүлүк алабыз.

Жараткан Алла буйруган орозо, зекет жана ажылык сыяктуу башка бардык ибадаттардын түпкүлүгүндө көптөгөн пайдалар катылган. Иба- даттар ошондой эле адамдын кулк-мүнөзүнүн жакшырышына шарт түзөт. Ибадатка ыкластуу пенде Алланын жана элдин назарынан калуудан коркот, күнөөнүн жамандыгын, акыреттеги азап-тын катуулугун сезет. Арууланган жан дүйнөсүндө жаратылган макулуктарга болгон сүйүү оожалат. Натыйжада ниеттин түзөлгөнү, кулк-мүнөздүн жогорулаганы, пейилдин оңолгону байкалат.

Ант-кени акыйкаттын башаты Ыйык Куранда Алла Таала:

"....Намазды туура оку! Анткени намаз адамды бузукулуктан жана жамандыктан сак- тайт" (Анкабут сүрөсү, 45-аят) -деп буйруу менен намаздын жаман иштерден сактай турган касие- тин маалымдаган. Азирети Пайгамбарыбыз болсо агып жаткан суу кирди тазалаганы сыңары, намаз күнөөлөрдү жууп кетирээрин баса белгилеген.

Ошол себептен өзүн мусулман эсептеген ар бир жаран Жараткандын буйруктарына канча- лык даражада моюн сунуп жатканын аныктап, өзүн-өзү суракка тартышы керек. Жогоруда ай- тылгандай, адам канчалык жакшылыкка ыктаса, адеп-ахлагы, жүрүм-туруму ошончолук оңолуп, ырыскысы артат жана эселеген үзүр соопко эге- дер болот. Анткени Алла Таала биз пенделерине жалаң гана пайдалуу, жалаң гана жакшы натый-жалуу нерселерди буйруйт. Акыл менен таразалай турган болсок, буйрулгандардын баарынын артын-да чоң жакшылыктар, албан ийгилик, түбөлүктүү жыргалчылык; ал эми тыю салынган нерселердин түпкүлүгүндө арылгыс кайгы-муң, жан чыдагыс азап, кыскасы жамандык атпай турганын байкоого болот. Ислам динин башка диндерден айырмалап турган өзгөчөлүк мына ушунда жатат.

Башына