Он сегизинчи сан

Мазмуну
Маек курган Бакыт Жунусалиев
Учурда ааламдашуунун атын жамынып ата бабаларыбыздан бери келген үрп адатыбызды, нарк насилибизди чанып, батыш маданиятына оогондордун саны арбып барат. Биздин менталитетибизге туура келбеген, ошол элдердин өзгө эмес өздөрүнө жат айрым көрүнүштөрүн кадимкидей кабыл алган жаштарды көрүп туруп, аларга көрөңгөлүү калкыбыздын көөнөрбөс каада салтын, улутубуздун уюткусу болгон нарк насилин үйрөткөн адамдар да тилекке каршы, азайып барат. Мына ошолордун катарында бүгүнкү "Китеп таануу" рубрикабыздын коногу, тажрыйбалуу журналист, педагогика илимдеринин кандидаты Абдыкерим Муратов агай болмокчу. Агайдын "Аталар сөзү акылдын көзү" деген китеби учурашуу, суйлөө адеби, ата энеге, кыз балага, улууларга болгон мамилелер ж.б.у.с. кыргыздын унутта калып бараткан маданиятын ачып бермекчи.
– Абдыкерим агай, алгач өзүңүздүн "Ата- лар сөзү – акылдын көзү" аттуу китебиңиз туу- ралуу окурмандарга кененирээк тааныштырып кетсеңиз жана бул китебиңизди жазууга сизге эмне түрткү болгонун айтып берсеңиз?
– Биздин муундун эсинде бар, илгери Ош жак- тарда Ташкенттин телевидениесин көп көрчүбүз, балким азыр дале ошондойдур, анан Өзбекстандын "Аталар сөзү – акылдын көзү" деген көрсөтүүсү боло турган, ошону сакалы ак бир киши алып барчу, өтө маанилүү, шашпай кеп алып барган бул киши тар- биялык сонун-сонун насааттарды айтып, арасында Эргешбай Каримов сыяктуу сатиралык миниатюра театрынын артисттери тарбиялык темадагы интер- медияларды коюп турчу, ошол көрсөтүүлөр мага абдан жагып, ошондой көрсөтүү даярдасам деп кы- ялданчумун. Андыктан да китебимдин атын ошол көрсөтүүнүн аты менен атадым. Анан азыркы жаштардын жүрүш-турушу, аа- ламдашуу алкагында кыргыз балдарынын батыш агымына тартылып эле бара жатышы, биздин түпкү тегибиз ким болгондугун, кайдан чыккандыгыбызды эстетүүнүн зарылдыгын көрсөттү. Эмнеси болсо да, адамды тарбиялоо ар дайым мамлекеттер үчүн да, эл үчүн да, ата-энелер үчүн да, коомчулук үчүн да кыйын жана негизги милдет катары күн тартиби- нен эч качан түшпөй, адамдарды изденүүгө, жаңы нерселерди ойлоп табууга мажбурлап келет. Андай милдеттердин орчундуулардын бири карыларга, ак- сакалдарга жүктөлгөн. Мен бул китептин баш сөзүн ошон үчүн "Карынын сөзүн капка сал" деп атадым жана окурмандарым карылардын жаштарга айтар кеби деп билсе дейм.
– "Элүү жылда – эл жаңы" демекчи, акыр- кы жылдары батыш маданиятынын таасири күчөп бараткан учурда бул китебиңиз ата- бабаларыбыздын улуу салтын улаган нуска сөздөрүн гана эмес, Ислам дининин таалим– тарбиялык баяндарын жана Пайгамбарыбыздын хадистерин да өз ичине камтыган салмактуу ки- теп болгон экен. Эми ушул китебиңиз эл тарабы- нан, айрыкча жаштар тарабынан кандай кабыл- данып жатат?
– Соңку жылдарда өлкөбүздүн жалпы билим берүүчү мектептери үчүн адеп сабагы киргизилди. Бул, албетте, кубаттоого татырлык көрүнүш. Бирок аны окутуу али системалуу боло элек, бир жерде аны дин адамдары окутса, бир жерде ар кыл пред- меттин мугалимдери сабак берет, дагы бир жерде пенсияга чыккан педагогдорго, дагы бир жерде сааты толбой калгандарга жүктөлүп калган. Анын үстүнө бул предмет боюнча окуу-методикалык комплекси да, биринчи кезекте окуу китептери да ойдогудай түзүлбөгөн. Мына ошондой жагдайлар- ды эске алып да бул китеп окуучулар үчүн жардам болор деген ниетте адеп сабагы боюнча аңгемелер катары жазылды, анда Чыгыш ойчулдары ме- нен ата-бабаларыбыздын нарк-насил сөздөрүнө, Ала-Тоо аймагына кеңири тараган ислам дини- нин таалим-тарбиялык баяндарына, Мухаммед пайгамбардын хадистерине өзгөчө орун берилип, азыркы жаштарга адептик үлгү көрсөтүү максаты көздөлдү. Октябрь төңкөрүшүнө чейин кыргыздар арасына фарсый, араб, түрк, татар, башкорт, ногой, чагатай тилдеринде жазылган адабияттар бир топ жакшы тарап, анда Чыгыш элдеринин филсафий, адабий, моралдык мурастары элдик нускаларга айланган, медреселерде окутулган, бирок советтик доордо алар бара-бара сүрүлүп отуруп, батыштык педагогика үстөмдүк кылып кеткен. Мына ошол жагдайларды эске алып биз бул китепте эгер ушин- тип айтууга мүмкүн болсо, Чыгыш педагогикасы- на, кыргыз этнопедагогикасына басым жасадык. Чыгыш тарбиячыларынын жазгандары атадан ба- лага, муундан муунга өтүп отуруп, азыркы биздин элдик санат-насыят ырларына, макал-ылакаптарга окшоп биринчи ким чыгаргандыгы, түпкү башаты кимден башталганы белгисиз болуп, жалпы элдик чыгармаларга өтүп кеткен. Биз ошондой учурлар- ды да көп пайдаландык жана андай учурда кайсыл булактан алынгандыгы аныкталбай эле текст ичин- де берилип отурду. Баарыдан да мында өз турму- шунан мисал кылып, башынан өткөн окуяларын баяндаган даанышмандардын, машайыктардын, атактуу элбашы, журтбашы, аскербашылардын, уламалардын, акындардын, диний аалымдардын, карылардын ибарат кеби бар. Биздин жазганда- рыбызды баштаганыбызга бир топ жыл болгон, ал кезде азыр эми мектептерде окутулуп жаткан адеп сабагы деген предмет тууралуу сөз да жок эле, ал эми айрымдары жакында эле жазылды, же мурда жазылгандарга жаңылары кошулду. Ошентип чулу бир насаат китепке, адепнаамага айланды. Бул жаз- гандарыбыз албетте, министрлик тарабынан беки- тилген расмий материалдар эмес, болгону ар кыл булактардан жыйнаган адептик жүрүм-турум туу- ралуу насааттарга карата автордун жекече ой тол- гоолору. Ал эми жаштардын кабыл алуусу боюнча айтсам, бир топ кыйын, биринчиден, окуй турган- дарга жеткирүү маселеси оор, экинчиден, китепти өзүмдүн каражатыма, өтө аз нускада бастырдым, андыктан да элге, жаштарга жетип жатат деп айта албайм. Китеп аз нускада чыкса да басма сөздө "Кутбилим", "Zaman Кыргызстан", "Кыргыз туусу" газеталарында жылуу пикирлер айтылды. Буйруса, акырын-акырын экинчи китебин да даярдап жата- мын. Беш-алты жерде жаштардын үйлөнүү кечеле- рине катышканда ушул китептерди белек катары берип жүрдүм, себеби анда атага кандай мамиле кылуу керек, балага, кошунага, энеге, кызга, тууган- га кандай мамиле кылуу зарыл, саламдашуу, кош- тошуу, мейман күтүү адеби ж.б. турмуштарында зарыл нерселер тууралуу насааттар айтылат. Бир жолу бирөө "сепке кошуп бере турган китеп экен" деди.
– Азыркы учурда айрыкча жаштар арасын- да китеп окуу өтө төмөнкү деңгээлге түшкөнүн өзүңүз деле байкасаңыз керек. Мына ушул сиздин китебиңиздей болгон адептүүлүккө, мээримдүүлүккө, боорукерликке, ыйманга үндөп, кыскасы, адамды адам болууга чакыр- ган руханий мааниси зор китептерди калктын калың катмарына жеткирүү үчүн эмне кылуу керек?
– Бул кыйын нерсе, эң биринчи диний китеп болобу, светтик китептер болобу, өкмөттүн китеп саясаты керек, баягы ар бир райборбордогу, ири ай- ылдардагы китеп дүкөндөрүн жок кылганбыз, эми китепти кайдан, кимге сатарыбызды билбей жатабыз, мамлекет каржылап окуу китептерин да толук жет- кире албай жатат. Ушундай шартта менин китебиме окшогон китептер жөн эле жок болуп кетиши, же билинбей калышы толук мүмкүн. Китепке мамлекет дотация бөлүп, ар бир райондо китеп дүкөндөрүн ачып, арзан, керектүү китептерди көп чыгарып, ки- теп чыгаргандарды салыктан бошотуп, аларга шарт түзүп берүү зарыл.
– Агай, кийинки суроомо тажрыйбалуу журналист катары жооп берип койсоңуз. Учур- да адептүүлүккө, ыйманга чакырууда гезит- журналдардын, анын ичинен диний басылма- лардын ролу кандай?
– Тилекке каршы, азыр гезит-журналдардын бир тобу адепке чакырбай эле, кайра балдарды бузууга көп кызмат кылат, кайсыл гезитти ачпа, сасык саясат, ушак-айың, ырчылардын укмуштуу окуялары, детек- тивдер. Анын кантип балдарды гезит окугула дейсиң да, алардын үзүрүн көргүлө деп айтасың. Кудайга шүгүр, силерге окшогон ыйманды ойлогон жаштар көбөйүп, кыргызча китептерди, журналдарды чы- гарып жатат, дагы көп жана мазмундуу, кыргызча сабаттуу чыгарышы керек, ошондо жалпы улутубуз ыймандуу болот, ыймандуу элдин экономикасы да өзүнөн өзү өнүгөт.