Он сегизинчи сан

Мазмуну
Баарыбызга маалым
болгондой эле
мусулмандар намазда
кыраат кылууга (Курани
Каримдин оригиналынан
окууга) милдеттүү. Мунун
мусулмандардын улуту
менен жердигине эч кандай
тиешеси жок жана бул
Мухаммад Пайгамбардан
(саллаллаху алейхи ва
саллам) тартып кыяматка
чейин өзгөргүс константа.
Өлкөбүз өз эгемендүүлүгүнө ээ болгондон баштап ар кандай диний конфессиялар- дын (уюмдардын) иш-аракеттери өтө ка- туу темпте активдеше баштады. Анын ичинде Ислам дини да кеңири кулач жайып, динди тутунгандардын саны көбөйүүдө. Дин тутунгандардын көбөйүүсү менен ар кандай диний маселелердин козголуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондой маселелердин бири "Намазда жана маркумдарга куран окуганда (тилават кылганда) араб тилинде эмес, кыргызча (ко- тормосун) окуса болобу?", "Эмне үчүн ар ким өз эне тилинде Кудайга жалбарса болбойт?" –деген суроо- лорду сурагандар да болбой койгон жок. Анда ушул маселеге токтолсок:
Ооба, баарыбызга маалым болгондой эле му- сулмандар намазда кыраат кылууга (Курани Ка- римдин оригиналынан окууга) милдеттүү1. Мунун мусулмандардын улуту менен жердигине эч кан- дай тиешеси жок жана бул Мухаммад Пайгамбар- дан (саллаллаху алейхи ва саллам) тартып кыяматка чейин өзгөргүс константа.
Алгач караганда мусулмандын (өзү жакшы түшүнүп, эркин сүйлөгөн) эне тилинде ибадат кылуусу туура деген түшүнүк логикага туура кел- гендей көрүнөт. Бирок, маселени тереңирээк из- илдеп караганда жогорудагы түшүнүктүн туура эмес экендиги өзүнөн-өзү ортого чыгат.
Эң оболу дуба менен намазды бири-биринен айырмалап алуу зарыл. Намаздан сырткаркы учурларда кылынган дубаларда мусулман адам өзүнүн тилектери менен жалбаруусун Аллага каалаган тилде айтса болот. Динде буга эч кан- дай тыюу жок. Ал эми намаз болсо андай эмес. Намаз Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи ва саллам) кандай көрсөткөн болсо ошон- дой окулуусу керек.
Эгерде Ислам белгилүү бир аймак же эл үчүн гана жиберилген дин болгондо, сөзсүз түрдө ошол аймактын же элдин тилинде жиберилмек. Бирок, ар кандай тилде сүйлөгөн мусулмандар үчүн жи- берилген Ислам дини дүйнөлүк дин. Ошондуктан, ал пайгамбар кандай жеткирген болсо ошондой сакталууга тийиш. Мисалы, кытай тилин билбеген бир кыргыз Кытайга барган убагында "чинг чанг" сыяктуу сөздөрдү угуп калды дейли. Албетте, ал адам бул сөздөрдөн эч нерсе түшүнбөйт жана бул сөздөрдүн азандын "Аллаху акбар" деген сөзүнүн котормосу экендигин да баамдабайт. Ошентип, ал киши мечитке жакын жерде болгону менен жума намазын окуй албай калуусу толук ыктымал. Мына ошондуктан бүткүл дүйнөгө жиберилген Ислам дининин бардык мусулмандарга тиешелүү бол- гон орток же жалпы өзгөчөлүктөрү болуусу керек. Бул жагдайда азан менен кыраат (Куранды окуу) эң башкы өзгөчөлүк болуп эсептелет.
Башка дагы бир жагдай – Курандын бир да ко- тормосу эч качан түп нускасынын (оригиналынын) ордуна өтпөйт. Керек болсо, алардын "Курандын котормосу" дебестен, "Курандын маанилеринин котормосу" деп айтылганы оң. Анткени, Курандын сөздөрү (лафыздары) да Алла Таалага таандык. Ал сөздөр Жабраил периште аркылуу Мухаммад Пайгамбарга (саллаллаху алейхи ва саллам) жет- Кирилген2 жана ошол бойдон күнүбүзгө чейин эч кандай өзгөрүүсүз жетип келген, а түгүл кыяматка чейин ушул бойдон кала берет3. Ал эми котормо- лор болсо пенде (адам) тарабынан которулгандык- тан анда эч кандай ката жок деп айтканга болбойт. А түгүл таптакыр эле катасы жок болсо да бир да котормону "бул Алланын сөзү" деп айткан туу- ра эмес. Анткени, Куран(дын маанилери) башка тилге которулганда анын нукура кереметтүүлүгү (ижазы менен мужизалыгы), стилистикалык асыл- дыгы (балагаты), сөздөрүнүн уйкаштыгы менен кудурети (назму илахийи) жана лексикалык туюн- дуруусу (мураду илахийи) толук берилбейт.
Курандын котормолорунан тилават кылуу (Ку- ран окула турган жерлерде окуу) күнөө болуп эсепте- лет. Улуу факихтердин бири Ибн Хажар ал-Маккий: "Курандын котормосун Курандын ордуна окуу арам," – деп айткан (Фатаваа ал-фикхиййа, 37-б.)4.
Ошондой эле ушул жерде айтып кете турган дагы бир нерсе – Ислам дининен башка эч бир дин (ал динди жеткирген) пайгамбарына келген вахий- дин (аяндын) оригиналын сактап кала алган эмес. Бир гана мусулмандар өздөрүнүн пайгамбары Мухаммад Мустафага (саллаллаху алейхи ва сал- лам) келген вахийдин түп нускасына, б.а. Курани Каримге ээ болуусу – бул эң чоң бактылуулук бо- луп эсептелет.
Деги намазда аз гана (араб тилиндеги) сөздөр колдонулат жана Фатиха сүрөсү менен эки кыска сүрө айтылса болду. Баарын топтогондо эки бет- тин төгөрөгү болот. Аны жаттоо анчалык деле кыйынга турбайт. Азыркы учурда адамдар бир аз гана материалдык пайда табуу максатында канча- лаган башка тилдерди окуп үйрөнүшүүдө. Ал эми адамга түбөлүк дүйнөнүн бактылуулугуна жетүү үчүн бир аз да болсо (б.а. алфавитин үйрөнүп, там- галарды бири-бирине уруштуруп окуй ала турган даражада) араб тилин үйрөнүү анчалык деле кый- ынга турбаса керек.
Бул жерде өзүнөн-өзү "адам намазда окуган жана Алладан эмнени суранып жаткан нерсеси- нин маанисин билүүсү керек ко" – деген ой же суроо пайда болушу мүмкүн. Албетте, мындай ой же суроо "ибадат" деген эмне экендигин ба- амдабагандыктан, түшүнбөгөндүктөн улам жара- лат. Анткени, намазды адамдар же мусулмандар өздөрү ойлоп чыгарган эмес. Жогоруда да айтыл- гандай намаз ж.б. ибадаттардын кандай аткарыла тургандыгы жана ибадаттарда эмнелердин айты- ла тургандыгы Алла Таала өзүнүн пайгамбарына билдирген. Пайгамбар болсо сахабаларына, алар өзүнөн кийинки муунга үйрөткөн. Ошентип намаз ибадаты бир муундан экинчи муунга теориялык да, практикалык да түрдө үйрөтүлүп келүүдө.
Куран Алла Таала тарабынан (араб тилинде) Жиберилгендиктен5 аны араб тилинде окуунун көптөгөн хикматтары (пайладары) бар.
Маселен:
1. Куранды түп нускасынан, б.а. араб тилинде окуу – ибадат болуп эсептелет. Мындай нерсе пен- дени Аллага жакындатат. Маанилерин түшүнбөй окуган адам деле сооп табат. Ал эми маанилерин түшүнүп окуган адам болсо эселеген соопторго ээ болот. Куранда Алла Таала Өзүнүн китебин (Ку- ранды) окугандарды мактаган жана Куранды окуу- ну (тилават кылууну) да өз алдынча бир ибадат ка- тары айткан.6Куран окуу – ыймандын күчөөсүнө7 жана салих пенделердин катарына кошулууга өбөлгө болот.8 Ошону менен бирге Курандын ар бир тамгасына өзүнчө сооп бериле тургандыгын Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи ва саллам) өзүнүн куттуу хадистеринде айтып өткөн9
2. Курани Каримди түп нускасынан окуу – аны Тоорат, Забур жана Инжил сыяктуу китеп- терге окшоп башкы түп нускасынан бурмаланып кетүүсүнөн сактоонун эң башкы кепилдиги. Куран дайыма көп окулган жана көп жатталган китеп бо- луп эсептелет.
3. Куранды араб тилинде окуу мусулмандар- дын ортосунда тил биримдигин сактоо максатын- да да негизги чоң себеп болуп эсептелет. Анткени, тил биримдигинен эл биримдиги, б.а. мусулман- дардын биримдиги пайда болот. Элдердин би- римдик менен ынтымакка канчалык зар экендиги баарыбызга маалым.
4. Көп окуган адамдын бара-бара маанилерин түшүнүүсүнө себепкер жана ага амал кылуу багы- тында жардамчы болуусу үчүн да Куранды араб тилинде окуу керек.
Ооба, ар бир адам өзүнүн мекенин, улутун, улуттук баалуулуктарын жана эне тилин сүйөт. Бирок, мусулмандар булар менен бирге ыйык жана улуу динин, Куранды жана Курандын тили болгон араб тилин да сүйөт. Анткени, бир нерсеге болгон сүйүү экинчи бир нерсеге болгон сүйүүгө эч качан тоскоол болбойт. Тескерисинче, бири-бирин кубат- тап турат. Мисалы, бир адамдын ата-энесине бол- гон сүйүүсүнө мекенге болгон сүйүүсү же эне ти- лине болгон сүйүүсүнө жубайына болгон сүйүүсү тоскоол болбойт. Ошондой эле мусулмандар эне тилин сүйгөндөй эле Курандын жана Мухаммад Пайгамбардын тили болгон араб тилин да сүйгөнү дурус. Дагы бир жолу баса белгилей кетүүчү нер- се: мунун улутчулдук менен эч кандай тиешеси жок. Ар бир улут, ар бир эл ибадаттан, адал жана арам болгон нерселерден, Куранда буйрулган буй- руктардан башка мамилелеринде (жашоосунда) өздөрүнүн үрп-адаттарын аткарса болот. Мындай нерсеге шариат тыюу салбайт. (Албетте, шариатка каршы келбеген учурда гана).
Арабызда өзүн улутчул-патриотмун деп эсеп- теген адамдарда: "Эмне үчүн Куран кыргыз тилин- де эмес, араб тилинде түштү? Эмне үчүн пайгам- бар да арабдардан чыкты?" – деген суроо туулушу мүмкүн. Албетте, мындай суроо аябай одоно, өтө копол нерсе. Куранды араб тилинде жиберген жана Мухаммад Пайгамбарды арабдардын арасы- нан пайгамбар кылган бул – Алла Таала. Бардык нерсе Анын каалоосу менен гана болот. Эми адамдар ал- сыз пенде катары ааламдардын Жаратуучусу жана Ээси болгон Алланы суракка алганга акысы барбы? Ооба, эч кимдин акысы жок! Анткени, Алла Таала Өзү каалаган нерсесин каалагандай жасабаса (жаратпаса) жана каа- лаганындай өкүм кылбаса анда ал Алла (Кудай) боло албайт. Демек, момун мусулмандар: "Ал эмнени кандай жаратса, кандай кылса сөзсүз түрдө анда биз билбеген даанышмандык- тар менен хикматтар бар!" – деп Алланын өкүмүнө (эч кандай кылчактабастан) толук бойдон баш ийүүгө тийиш.
Маселеге байланыштуу айрым мисалдарга токтоло ке- тейли:
Маселен, бир данекти же урукту (оригиналдуулугун бузуп) майдалап туруп аны жерге көмүп койсок, андан эч качан дарак өсүп чыкпайт. Анткени, ал өзүнүн өзгөчөлүктөрүнөн айрылып калган болчу. Ошонун сыңары Курандын аяттары, сөздөрү менен тамгалары ар бири өзүнчө данек / урук сыяктуу. Башка тилге которулганда ал өзүнүн өзгөчөлүктөрүн, кудуретин жоготкондугу үчүн (араб тилиндеги) Курандай болуп эсептел- бейт.
Андан сырткары маанилерин түшүнбөгөн адамга деле Курандын пайдасы бар. Мисалы, тили даамды билбей турган адамга анын жеген тамак- ашынын эч кандай пайдасы жокпу? Албетте бар. Тили даамды сезбегени менен жеген тамак-ашы керектүү жерлерге / органдарга барат. Куран да ушул сыяктуу эле маанисин түшүнбөгөн адамдын акылына жетпесе да руханий ашказанына барып, рухий дүйнөсүнө азык болот.
Сөздүн аягында айта турган нерсе намазда жана маркумдарга куран окуганда (тилават кыл- ганда) Курандын кыргызча (котормосун) окуса болбойт. Бирок, Курандын маанилерин билүү үчүн (намаздан сырткары убактарда) Курандын маанилеринин котормолорун окуган пайдалуу. Котормолордун кайсы вариантын тандоо үчүн динди билген адамдардан акыл сураган оң. Болбо- со, эч кандай түшүндүрмөсү жок котормолорду окуган адамдын динди туура эмес түшүнүп алуу- су толук ыктымал. Ал эми тилек тилеп, дуба-бата кылган учурда ар ким өз эне тилинде Улуу Алла Таалага каалагандай жалбарса болот.
1Муззаммил сүрөсү - 74/20.
2Шуара сүрөсү – 26/193-195.
3Хижр сүрөсү – 15/9.
4http://www.mehmetalidemirbas.com/detay_alfabetik. asp?Aid=2151 –– 11:25 - 18/12/2008.
5Караңыз: Йусуф-12/2; Раад-13/37; Таахаа (Таха)-20/113; Зумар- 39/28; Фуссилат-41/3; Шуураа (Шура)-42/7; Зухруф-43/3; Ахкаф- 46/12; Нахл-16/103; Шуара– 26/193-195.
6Фаатир сүрөсү – 35/29-30.
7Анфаал сүрөсү – 8/2.
8Аали Имран сүрөсү – 3/113.
9Тирмизий, Фадаилу ал-Куран, 16 (№2910).