Он сегизинчи сан

Мазмуну
"Куран - бул пайгамбарлардын
эң акыркысы Мухаммад
(саллаллаху алейхи
васалламга) Жабраил периште
аркылуу вахий жолу менен
түшүрүлүп кагаз бетине
жазылган Китеп. Бизге чейин
ооздон оозго өтүп жеткизилген.
"Куран" сөзүнүн маани-маңызы тууралуу Ис- лам аалымдары тарабынан көптөгөн аныктама- лар берилген. Мына ошолордун арасынан Хазм Лихиянинин (215/830) аныктамасы өзгөчө мааниге ээ. "Куран" сөзү лексикалык жактан "окуду" деген маанини туюндуруп, арап тилиндеги "кара-а" (б.а. окуу же окуду) деген этиштен келип чыгат.
Бул багытта Куранда:
"Качан Биз аны окуганда, сен да аны кайталап оку!"(Кыямат сүрөсү, 18-аят) деп буйрулат. Бул аятта орун алган "кураанаху" сөзү "окуду" деген этиш маанисинде келет.
Ал эми ыйык Курандын терминологиялык мааниси тууралуу төмөндөгү аныктаманы Ислам аалымдарынын дээрлик бардыгы бир ооздон ка- былдашкан. Аныктама төмөнкүчө: "Куран - бул пайгамбарлардын эң акыркысы Мухаммад (саллаллаху алейхи васалламга) Жабраил пе- риште аркылуу вахий жолу менен түшүрүлүп кагаз бетине жазылган Китеп. Бизге чейин оо- здон оозго өтүп жеткизилген. Аны окуган адам ибадат жана дуба кылган болуп эсептелт. Ыйык Куран "Фатиха" сүрөөсү менен башталып "Нас" сүрөсү менен аяктайт. Ошондой эле бул китеп Алла Тааланын сөзү жана мужизасы". Көрүнүп тургандай, бул аныктама өзүнө бир нече пункттар- ды камтыйт. Эми, ошол пункттарга токтолсок.
1-Пайгамбарлардын эң акыркысы: Азирети Му- хаммадка чейинки пайгамбарларга жөнөтүлгөн То- рат жана Библия өңдүү Ыйык китептер жана барак- тарды Куран деп айтуу жана эсептөө туура эмес.
2-Куран аян боло баштагандан тарта кагаз бе- тине жазылган: Демек Ыйык Куранга ага таандык эмес бир дагы сүйлөм жана бир дагы бөтөн сөз жа- зылган эмес. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) жашаган доордон тартып асыл нускасында жазуу иретинде сакталып келет.
3 - Бизге чейин ооздон оозго айтылып жет- кизилген: Куран чынчылдыкты туу туткан момун жана такыба инсандар тарабынан ооздон оозго өтүп, ошол эле учурда кагаз бетине түшүрүлгөн Китеп. Ушул күнгө чейин бир да үтүр, чекити өзгөрүлгөн эмес. Мындай өзгөчөлүк жалгыз гана Куранга таандык.
4 - Аны окуган адам ибадат жана дуба кылган болуп эсептелет: Ыйык Курандын арапча текстин окуган мусулман ибадат кылуу менен бирге Алла Таалга моюн сунганын айгинелейт. Курандын ко- тормосун же чечмеленишин, же хадистерди окуу Алла Таалага ибадат кылуу болуп эсептелбейт.
5 - Куран бул Алла Тааланын сөзү: Бул сүйлөм баардык сөздөрдү өзүнө камтыйт. Тагырак айткан- да Улуу Жаратуучу тарабынан айтылган сөздөрдөн тышкары улуу адамдар жана периштелер, жиндер тарабынан айтылган бардык сөздөрдү камтыйт.
6 - Куран-и Карим Улуу Жаратуучунун мужи- засы: Куран-и Карим – теңдеши жок улуу Китеп. Мужиза – "бүткүл адамзатты таң калдырган, жа- ратылган жаамы макулук (адамдар, периштелер жана жиндер) ага тең келе турган улуу кереметти жарата албайт" дегенди түшүндүрөт. Азирети Му- хаммад Мустафа эң акыркы жана жолу кыяматка чейин улана турган Пайгамбар болгондуктан Ку- ран дагы түбөлүктүү мужиза болуп эсептелет. Ку- ран, бардык адабий жана поэтикалык залкар деп эсептелген чыгармалардар асман-жердей бийик турарын жана өзүнүн нукуралыгын бир канча жолу далилдеген.
Муну төмөндөгү аят тастыктайт:
"Эгерде бардык адамдар жана жиндер чогулуп, Куранга окшогон нерсени жаратууга аракет кылса да, ал тургай бири бирине жардам кы- лышкан чакта да эч качан ага окшогон нерсени жарата албас эле" (Исра сүрөсү, 88-аят).
Ушул өзгөчөлүктөр жана тарыхый көптөгөн окуялар Курандын Улуу Жаратуучунун сөзү экен- дигин тастыктап турат. Ошондуктан Куранга ише- нип анда жазылган жоболордуу орундатып, тыю салган жаман иштерден узак болушубуз керек.
Жалпы адам баласына белгилүү болгондой 6-кылымда Абдулла (ибн) уулу Мухаммад аттуу Пайгамбар эл-журтту Ислам динине чакырып, Куран аяттарын маалымдай баштаган. Бул маа- лымат эч күмөнсүз кашкайган чындык. Негизинен Аллага болгон ишеними бекем мусулмандар Ки- тептин башаты тууралуу бирдиктүү пикирде. Ба- ардык мусулмандар ыйык Курандын Алла Таала тарабынан Жабраил периште аркылуу Мухаммад Пайгамбарга жиберилгендигине чын ыкластан ишенебиз. Ал эми башка диндин өкүлдөрү өзгөчө ориенталисттер Ыйык Курандын араб адабияты- нын классикасы деп келишет. Ошондон улам Ку- рандын бир инсандын чыгармасы эмес экендигин бир нече логикалык мисалдар менен далилдеп койолу.
1- Куран –бул Азирети Мухаммадга Пайгам- барлыгын тастыктоо үчүн ыроолонгон эң улуу мужиза. Курандын мужизасы 6000 аятта чагылды- рылган. Ага чейин келип-кеткен пайгамбарлардын дээрлик баардыгы өзүнүн пайгамбарлыгын да- лилдеш үчүн белгилүү бир мужиза көрсөтүшкөн. Маселен, Муса пайгамбар аса таягы менен ажайып керемет окуяларды көрсөтсө, Иса пай- гамбар Алла Тааланын урукса- ты менен ооруларды айыкты- рып, өлгөн адамды тирилткен. Эгерде пайгамбарлык жеке кызыкчылыкты көздөгөн ара- кет болгондо, анда бир дагы пайгамбар Азирети Мухам- маддай болуп өлүмгө тобокел кылып, элдин айосуз каршы- лыгына карабай жан чыдагыс азапка бел байлабас эле. Ошол себептен бекем ишенич менен Ыйык Куран Алла Таала тара- бынан берилген, Мухаммад Мустафанын Пайгамбарлыгын тастыктаган күбөлүгү десек жаңылышпайбыз.
2-Тарых тастыктагандай Мухаммад (саллалла- ху алейхи васаллам) тамга тааныбаган, жазганды жана окуганды билбеген кат-сабаты жоюлбаган, бирок кеменгер көсөм болгон. Ошону менен ка- тар окумуштуулардын көпчүлүгү анын сабатсыз экенин тастыкташат. Андай шартта кат-сабатсыз адам (Мухаммад Пайгамбар) мындай улуу жана кереметүү сөздөрдү кантип жаза алат? Эгерде биз бул суроонун айланасында терең ойлоно турган болсок, анда мындай керемет сөздөрдү ал жазба- ган деген тыянакка келебиз.
3-Азирети Мухаммаддын Пайгамбарлык милдет жүктөлгөндөн кийинки жашоосуна назар салганыбызда деле Курандын башатынын Жо- гор Жакта болгондугун көрө алабыз. Өтүмүштү жана келечекти таамай айткан Ыйык Китепти ал өзү жазган болгондо турмушта жүз берген кээ бир жагдайлар боюнча өзү дароо ылайыктуу бир чечим кабыл алмак. Бирок Пайгамбарыбыз айрым учурларда бир маселе тууралуу бир нече күн, кээде айлап ойлонгонуна карабай өз алдын- ча чечим чыгара алган эмес. Мисалы, Ислам та- рыхында орун алган "Жалган жалаа (ифк) окуя- сын" алалы. Анда Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) жашыруун маалыматтарды билбеген- диги үчүн өзүн жана үй бүлөөсүн акташ үчүн эч нере айта алган эмес. Эл арасында күбүр- шыбыр, ушак-айыңды күчөткөн бул кырдаал Азирети Айша эненин таза жана күнөөсүз экен- дигин ачыкка чыгарган "Нур" сүрөсүнүн аятта- ры вахий болгонго чейин уланып келген. Эгерде Куран Алла Таала тарабынан жөнөтүлбөгөндө анда Пайгамбарыбыз мындай оор абалда кырк күн бою жашамак беле?