Он сегизинчи сан

Мазмуну
"Эң көркөм ысымдар (асмаул-
хусна) Алла Таалага таандык.
Андыктан Ага ушул ысымдар
менен дуба кылгыла!"
(Аараф сүрөсү, 180-аят)
Тавассул – бул дубанын кабылданышы- на себеп болуу үмүтү менен алгач Жа- раткан Алланын ысым-сыпаттарынын (асмаул-хуснанын), ыйык Курандын, жакшылык иштердин, пайгамбарлардын жана такыбаа пен- делердин урматына жалгыз Алла Тааладан гана бир нерсе тилөө, сурануу, тилек кылуу дегенди түшүндүрөт.
Маида сүрөсүнүн 35-аятында:
Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула! Ага" .жакындоо үчүн себеп издегиле!.." деп буюрулат
Тавассул - каалоо-тилекти Жараткан Алланын алдында кадыры жогору адамдардын жана нер- селердин урматы үчүн Жалгыз Алланын Өзүнө билдирүү менен дубанын кабылданышына шарт түзүү аракетин көрүү.
Каалоо-тилекти Жалгыз Алла Тааладан гана суроо – бул тавассулдун эң негизги шарты. Тавас- сул жалпысынан төмөнкүчө үч түргө бөлүнөт;
1. Алла Тааланын ысымдарына карата тавас- сул
2. Жакшы амалдарга карата тавассул
3. Пайгамбарларга жана Жараткандын сүйүктүү такыбаа пенделерине карата тавассул
1. Алла Тааланын ысымдарына карата тавас- сул: Дубанын кабылданышына себеп болгон жаг- дайлардан бири – бул Алланын ысымдары менен дуба кылуу.
Бул багытта аяттардын биринде:
"Эң көркөм ысымдар (асмаул-хусна) Алла Таалага таандык. Андыктан Ага ушул ысымдар менен дуба кылгыла!" (Аараф сүрөсү, 180-аят) деп буюрулат.
2. Жакшы иш-амалдарга карата тавассул: Жакшы иш-амалдар дагы кыйынчылыктардан арылуунун бир жолу. Куттуу хадистердин бирин- де Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) сапарга чыккан үч жолдош жөнүндө төмөнкү окуяны баяндайт:
"Сапар учурунда жаанда калган үч дос ошол түнү баш калкаламакка бир үңкүргө киришет. Жаңыдан гана эс алып отурган кезде үңкүрдүн оозуна чоң таш келип кептелип калат. Ошентип береги үч дос:
"Жакшы иш-амалдарыбыз менен Аллага дуба кылуудан башка аргабыз жок. Бизди бул жерден Алла Тааладан башка эч ким куткара албайт" де- ген тыянакка келишет.
Алардан бири ата-энесине көрсөткөн кызматы- нын урматына Жаратканга алакан жая дуба кылат. Береги таш ордунан бираз жылат. Бирок үңкүрдөн чыгууга мүмкүн эмес. Экинчиси такыбаалыгынын, ар-намыстуулугунун урматы үчүн дуба кылат. Таш ордунан дагы бираз жылат. Бирок ал жерден чы- гып кетүүгө дагы деле мүмкүн эмес эле. Үчүнчүсү адамдардын акы-укугуна жасаган өтө аяр мамиле- синин урматына жалгыз Алла Таалага алакан жая дуба кылат. Дубанын кабылданышы менен таш үңкүрдүн оозунан ары тоголонуп төмөн көздөй кетет. Ошентип үч дос үңкүрдөн аман-эсен чыгы- шат" (Бухарий, Адаб, 5; Анбия, 53; Зикир, 100)
3. Пайгамбарларга жана Жараткандын сүйүктүү такыбаа пенделерине карата тавассул: Пайгамбарлардын жана такыбаа олуя пенделер- дин да урматы үчүн жалгыз Алла Таалага гана дуба кылуу мүмкүн. Буга далил катары төмөнкү куттуу хадистерди көрсөтүүгө болот.
Күндөрдүн биринде Азирети Пайгамбары- бызга (саллаллаху алейхи васаллам) бир сокур адам келип:
– О, Алланын Элчиси! Жаратканга жалбарып, көзүмдүн айыгышы үчүн дуба кылыңыз. Көзүмдүн сокурлугу мага абдан оор болуп жатат... – дейт.
Пайгамбарыбыз алгач:
– Кааласаң, сабыр кыл. Бул сен үчүн дагы да жакшы – деген сунушун айтат.
Сокур адам:
– О, Алланын Элчиси! Мени колумдан кармап алып жүрчү эч кимим жок. Мунун машакаты аб- дан оор болуп жатат. Ошондуктан көзүмдүн айы- гышы үчүн Жаратканга дуба кылууңузду өтүнөм...
– дейт.
Анда Пайгамбарыбыз ага төмөнкү көрсөтмөнү берет:
– Андай болсо, алгач барып даарат ал! Андан кийин эки ирекет намаз окуп, минтип дуба кыл:
"Оо, Жараткан Алла! Ырайымдуулуктун пай- гамбары атыккан акыркы элчиң Мухаммаддын урматы үчүн Жалгыз Өзүңдүн Затыңа кайрылып, Сенден гана суранам... Эй, Мухаммад! Тилегимдин орундалышы үчүн сенин урматыңа жалгыз Жа- раткан Аллага гана кайрылам! Оо, Жараткан Алла! Аны мага шапаатчы кыла көр..." (Тирмизий, Даават, 118; Ахмад бин Ханбал, Муснад, 4, 138).
Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун) хали- фалыгынын учурунда бир жылдары кургакчылык өкүм сүрүп турган кезде Пайгамбарыбыздын аба- сы азирети Аббасты жанына алып, анын урматы үчүн Жараткандан жамгыр жаадырышын сура- нып:
"Оо, Жараткан Алла! Мурда көзү тирүү ке- зинде акыркы Пайгамбарыңдын урматына Сенден тилеген тилегибизди суранаар элек, тилегибизди орундатып жамгыр жаадыраар элең. Эми болсо акыркы Пайгамбарыңдын абасынын урматы үчүн Сенден гана жамгыр жаадырышыңды суранабыз. Оо, Жараткан, бизге жамгыр жаадыра көр..." дей турган. Азирети Умардын дубасы кабыл болуп, жамгыр жаап, эл суу менен камсыз болоор эле (Бу- харий, Истискаа, 3).
Акыркы Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва- саллам) да мухажирлердин кедейлеринин ур- маты үчүн Алла Тааладан жардам тилеп мусул- мандарга жеңиш ыроолошун суранып, мындай дей турган:
"Менин жаныма колунда жок адамдарды ча- кыргыла, келишсин. Себеби силерге алардын (дубасы жана берекеси) менен ырыскы берилип, жардам келет" (Абу Давуд, Жихад, 70, 76; Ахмад бин Ханбал, Муснад, 5, 198).
Кээ бир аалымдар дуба кылууда себеп боло турган адамдын тирүү болуу зарылчылы- гын талап кылышса да, бул туура эмес. Көзү өткөн адамдардын урматы үчүн дуба кылуу мүмкүнчүлүгүнүн далили катары төмөнкү ха- дисти көрсөтсөк болот:
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васал- лам) көпчүлүк учурда:
"Пайгамбарыңдын жана менден мурун- ку пайгамбарлардын урматы үчүн (тилегим- ди бере көр...)" деп дуба кылаар эле (Хайсами, Мажмауз-Завааид, 9, 257). Демек, Пайгамбарыбыз- дын өзүнөн мурунку пайгамбарлардын урматы үчүн дуба кылышы көзү өткөн такыбаа момун- мусулмандардын да урматына дуба кылуу мүмкүн экендигин далилдейт.
Ислам аалымдары жана башка мусулмандар учурунда имам Аазамдын көрүстөнүнө барып, анын урматы үчүн жалгыз Жаратканга алакан жая дуба кылышаар эле.
Бул багытта имам Шаафий мындай дейт:
"Бир нерсеге муктаж болгон кезде алгач эки ирекет намаз окуур элем. Андан соң имам Абу Ха- нифанын көрүстөнүнө барып, ал жерде Жараткан Аллага алакан жайып дуба кылчумун. Анын бере- кеси менен муктаждыгым дароо орундалаар эле" (ал-Хайтамий, ал-Хайратул-Хисаан, 94).
Бул жерде эскерте кетчү жагдай, ошол та- кыбаа момун-мусулмандардын көрүстөндөрүнө барган кезде: "Эй, баланча! Мага шыпаа бере көр... тилегимди орундата көр..." деп адамдан түздөн- түз сурануу Ислам дининин өзөгүнө такыр төп келбейт. Себеби бул "ширк", б.а., Алла Таалага шерик кошуу, Ага башка бирөөнү теңөө деген- дикке жатат. Алла Таалага шерик кошкон адам Ислам дининен чыгып калат, Кудай өзү сактасын! Муктаждык жалгыз Алла Тааладан гана суралат. Пайгамбарлар жана салих-такыбаа адамдар ду- банын тез кабыл болушу үчүн гана. Ырас, ардак- туу Пайгамбарыбыз жана кутман сахабалар муну жакшы түшүнүшкөн.