Он сегизинчи сан

Мазмуну
"Эне" - улук, чексиз бакыт, нурлуу таалай,
Эч качан шек келтирүү болбойт даабай.
Ак сүтүн актоо деген биздин парыз,
Ар убак ак эмчегин билип баалай.
Анткени тосот дешет салааланып,
Каргыштар атып жатса огу жаадай.
Эне ыйык, кандай бийик, кандай терең,
Бала үчүн түгөнгүс кенч кемибеген.
Турмуштун ачуусунан, таттуусуна,
Канча ирет каржалса да кебелбеген.
Ал дагы аз, эне сүтү чексиз баада,
Сатылбайт, андай мээрим жок базарда.
Эмгегин нечен ирет жазсак дагы,
Түгөнгүс каарман болот чыгармада.
Тарбия болоорбу, деп баарыбызга,
Энеге каяша айткан адамдарга.
Элесин баян кылам бир азыраак,
Эмесе көңүл бурсак кол жазмага.
Эл билген айылдагы жалгыз адам,
Ал эне "Бермет" атап мисал кылган.
Бел чечпей эмгек кылып жалгыз өзү,
Күйөдөн эрте ажырап жесир калган.
Бермет эне көп төрөгөн башынан,
Балдары да чарчай берип жашынан.
Керез калды күйөсүнөн жалгыз уул,
Кудай ушуну аман кой деп жашынан.
Өмүр күлүк шамал айдап желдеткен,
Уулу эс тартып билим алды мектептен.
Ал күндөрдүн кандай экен сезген жок,
Эне чарчап кечте келет эмгектен.
Жалгызына таянгандай чалкалай,
Күйөсүнүн жоктугун да байкабай.
Эрке өстүрдү ою менен жөн коюп,
Айылына аңыз ушак таркатпай.
Эркелеп тартип албай өстү бала,
Эне да жалгызына көрбөй чара.
Корс этип дөбөт итче орой сүйлөп,
Каяша айтчу болду бара-бара.
Улууну улуу экенин сезбейт кара,
Каарылар наалат айтып калчу ага.
Эстүүлөр акыл кылып антпе десе,
Таш уруп терезесин кетчү чача.
Бермет, – деп коңшулары эске салып,
Уулуңду тарбияла колго алып.
Антпесең мунуң түбү жаман, - дешсе,
Билмексен болуп койду унуткарып.
Мугалимдер кээде айтып ал жайды,
Ууру кылат, урат жөндөн балдарды.
Качат десе түк сабагын окубай,
"Антпейт койчу айтпачы" дейт жалганды.
Мына ушул Керездин жаштык күнү,
Өнөкөт боло берди осол жүрүү.
Кечикти эми акыл айткан менен,
Уулунда калбай калды укчу түрү.
Чылымды буркуратып көпкө үйлөй,
Мектепти таштап койду онду бүтпөй.
Мейли эми окубасаң иштегин деп,
Уруксаат берди ага да эне түтпөй.
Түнкүсүн желип жортуп, күндүз уктап,
Ичимдик иччү болду аздан ууртап.
Аз-аздан жан-жанына толо берди,
Аракты сүйгөн достор аны куурчап.
Керезге аскер өтөө кезек келди,
Таштады кошкула деп элди, жерди.
-Эне мен келгиче эсен бол! – деп,
Жөнөдү балдар менен өзү теңдүү.
Узатып эне байкуш элге аралап,
Уулумду кудай сага бир аманат.
Эмчеги зыр-зыр этет жүрөк туйлап,
Аман-соо кайрып кел деп кол булгалап.
Күн өтөт, айлар сызып учуп желдей,
Көз ачып жумгучакты токтоп бербей.
А байкуш эне үчүн мүнөт сааттай,
Созулат кылым болуп түк кебелбей.
Мезгилдер өттү арадан куюлушуп,
Турмуштун түйшүгүнө жуурулушуп.
Уулумду аман-эсен көрсөм деген,
Үшкүрүк чыгат жалгыз улутунуп.
Чаалыкса эмгек кылып канча ирет,
Ошончо уулу дагы түшкө кирет.
Кыйналып жүрөбү – же ачкабы деп,
Айлыкты бирин койбой бүт жиберет.
Аскердик мөөнөт бүттү желдей ойноп,
Энеси уулун күттү күндү болжоп.
Кечикти мезгилинен эмнегедир
Жумалап жолду карайт бирок ал жок.
Келишти бирге кеткен айылдаштар,
Айтпады оң жоопту жакындаштар.
Куураган Бермет эне санаа тартат,
Келээр деп сөзгө жоотот акылдаштар.
Ким билет кандай болот курган дүйнө,
Кыйындык басты энени күндөн-күнгө.
Кабарын сураштырып билсе анын,
Камалып жатат дешти ал түрмөдө.
Энеси уулун күтсө азап чегип,
Көңүлдө санааларды далай чегип.
Ал уулда ар-намыс жок, уят жок,
Кармалган айып тартып арак ичип.
Бир күнү көп кечигип келди уулу,
Бирок да арылган жок эне муңу.
Берилип кеткен экен ичкиликке,
Айланып калган белем арак кулу.
Мейли деп сыр билгизбей бек тиштенип,
Сагыныч бар эмеспи башты жеңип.
Керезин тосуп алды Бермет эне,
Бирок да жүрөк турду кейиштенип.
Унутулуп эне бала сагынган күн,
Унутулду күтө күтө өткөргөн түн.
Көрсөт деп жалгызымды аман эсен,
Унутулду тилек кылып айтылган үн.
Өзгөрдү ал сагыныч ошол үмүт,
Алмашты санаа менен кайгы, күйүт.
Жоголбой кайра күчөп алоолонду,
Көңүлгө эссиз бала салды бүлүк.
Карыды, кайгы басты кайран эне,
Тиштенет чымырканат кантмек эле.
-Кой антпе, арак ичпе, - десе кайра,
Уулунан укмуштуудай укту жеме.
Өрттөнөт өткөндөрдүн калбай бири,
Калыңдап ылайлады көңүл кири.
Кой антпе, эстүү бол деп акыл айтса,
Уулунун өкүм-өкүм тийди тили.
Энеке көп санаага батты ченем,
Укпады уулу акыл айткан менен.
А балким токтолоор, ичпей калаар,
Ой келди аял алып берсем деген.
Эне айтат арыз уулга акыл кылып,
Аял ал, турмуш башта оокат жыйып.
Сүйлөшкөн кызың болсо алып кел дейт,
Тирүүмдө той кылайын нике кыйып.
Ушуну уга албаган уулу анда,
Күтө албай эне тойго камынганча.
Ала качты бир кызды коңшу айылдан,
Айла барбы ал окшош арсыздарга.
Кыз отурбай кетүүгө көп жулунду,
Энекелеп буркурап ыйлап турду.
Эне кармап колунан кошо ыйлады,
Боору ооруп көргөндө кыз кургурду.
Жазган экен теңирим оор кайгы,
Алда кызым кантейин айла барбы.
Сенин дагы аппак чач энең бардыр,
Аяайсыңбы мен өңдүү карыларды.
(уландысы кийинки санда)