Он сегизинчи сан

Мазмуну
Абу Зар ал-Гыфарий тырышчаактык менен
жөнөкөй жашоого аракеттенген. Мал-мүлк
жана байлык жыйноону жек көргөн. Уйгу-туйгу
жашоо таризин тандагандарга эскертип, бул
абалдын аларга жамандыктан башка эч нерсе
алып келбей турганын, бир күнү булардын эсеби
сураларын айткан.
Абу Зар ал-Гыфарий алгачкы мусулман болгон сахабалардын бири. Ал банугы- фар уруусунан болгон. Туулган жылы тууралуу так маалымат жок. Хижранын 31-жылы (651-652-жылдар) Меккеден Мединага кеткен жол- до жайгашкан "ар-Рабаза" деген жерде дүйнөдөн кайткан.
Азирети Абу Зар ал-Гыфарийдин жана атасы- нын ысмы жөнүндө кээ бир булактарда анын аты Жундуб бин Жанадабин Сакан болсо, кээ бирле- ринде Сакан бин Жанада бин Кавс бин Бавваз бин Умар деп жазылган. Кээ бир эмгектерде болсо Жундуб бин Жанада бин Кайс бин Баяз бин Амр деп айтылган. Аталгандардын акыркысы туура бо- луу ыктымалы жогору деп табылган. Анткени, апа- сынын аты Умму Жундуб болгон. Азирети Жундуб бин Жанаданын негизги аты Абу Зар ал-Гыфарий болгон. Бул лакапты ага Мухаммад пайгамбары- быз өзү ыйгарган. Абу Зар ал-Гыфарийдин уруусу жана үй бүлөсү Исламга чейинки караңгылык до- орунда көбүнчө жол тосуп, кербенчилерди тоноп, каракчылык кылышкан.
Абу Зар ал-Гыфарий кайраттуулугу жана тай- манбастыгы менен баарына белгилүү болуп, анын атын уккандар аябай коркушкан. Күндөрдүн би- ринде Абу Зар ал-Гыфарий ыйманга келип, Алла Тааланын туура жолуна түшкөн. Ал "Алла Таала- дан башкага ибадат кылынбайт, буттарга сыйын- багыла, алардан эч нерсе тилебегиле!" деп айта баштаган. Абу Зар ислам дини эч кимге билине элек мезгилде Алла Таалага ишенип, руханий жактан жетилген улуу сахабалардын бири болуп саналат. Абу Зар ал-Гыфарийдин Ислам динин кабыл алуусу өзүнчө бир окуя. Ал төмөндөгүдөй баяндалат: "Бир күнү Гыфар уруусунан бир киши
Меккеден өзүнүн уруусуна кайтып келгенде, түз эле Абу Зар ал-Гыфарийге барат. Ал Абу Зарга Меккеде бир адамдын пайда болгонун, өзүн пай- гамбар деп айтканын, адамдарды жаңы бир дин- ге чакырганын жана Алла Тааланын жалгыздыгы жөнүндө айткандыгын баяндайт. Уруулаш тууга- нынын сөзүн уккан Абу Зар ал-Гыфарий мындай дейт: Алла Таалага ант болсун, ал адам жамандык- тан оолак болууга, жакшылыкка үндөгөндүгү үчүн элге насаат айтыптыр дейт. Бул сүйлөшүүдөн көп өтпөй Абу Зар ал-Гыфарий Мекке шаарына ке- лет. Ал мезгилде Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) Меккедеги абалы оор болгондуктан, сахабалары аны коргоого алып, анын кайда экендиги жөнүндө эч кимге айтышчу эмес эле. Пайгамбардын турганы жайын ар ким- ден сурайт, бирок эч кимден натыйжалуу жооп ала албайт. Айласы кетип Каабага барып, зам-зам суусунан ичип, бир аз эс алат да, кайрадан издеп жөнөйт. Эч кимден так жооп уга албайт. Ошол учурда капысынан Азирети Алиге (Аллах ага ыраазы болсун) жолугуп калат, бирок ал да айт- пайт. Бир канча күн бою издегенин токтотпойт. Акырында Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) анын издеп жүргөнүн айтышат. Алгач ал сахабаларынан Абу Зар ал-Гыфарийдин абалы жөнүндө сурайт. Андан кийин анын зыяны тий- бей турганы белгилүү болгондон кийин Азирети Али аны Пайгамбарыбызга алып барат. Пайгам- барыбыз менен жолугушуп, сүйлөшкөндөн кий- ин күбөлүк келмесин айтып, Ислам динин кабыл алат. Ошол күндөн баштап бардык күч кубаты, сүйүүсү, кайраты менен Ислам динин жайылта баштайт. Абу Зар ал-Гыфарий бир тууганы Уна- стын (же Анис) Исламга кирүүсүнө себеп болот. Өз уруусуна барып Ислам динин таратат. Ал ар- кылуу көптөгөн инсандар динге кирип мусулман болушат. Пайгамбарыбыз Мединага көчкөндөн кийин болгон Бадр, Ухуд, Хандак жана башка со- гуштарга катышат. Төөсүнүн араң жан болгонуна карабастан, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алей- хи васаллам) артынан жөө чуркап келип, Табук жортуулуна катышат. Абу Зар ал-Гыфарий Алла Тааладан корккон, жалгыз жүргөндү жактырган жана дүйнө-мүлккө маани бербеген сахабалардан эле. Ошондуктан Пайгамбарыбыз ага "Масихул Ислам" деген лакапты ыйгарган. Пайгамбарыбыз (саллалаху алейхи васаллам) дүйнөдөн кайткандан кийин Абу Зар ал-Гыфарий жалгыз болууну самай баштайт. Мединанын кооз бакчалары ал үчүн эч кандай мааниге ээ болбой калат. Азирети Абу Ба- кир (Аллах ага ыраазы болсун) да дүйнөдөн кайт- кандан кийин Абу Зар ал-Гыфарий толугу менен элден алыстайт. Жүрөгүндөгү кайгы-капага чыдай албай Мединадан Шамга келип жайгашат.
Абу Зар ал-Гыфарий тырышчаактык менен жөнөкөй жашоого аракеттенген. Мал-мүлк жана байлык жыйноону жек көргөн. Уйгу-туйгу жашоо таризин тандагандарга эскертип, бул абалдын аларга жамандыктан башка эч нерсе алып келбей турганын, бир күнү булардын эсеби сураларын айткан. Азирети Осмон (Аллах ага ыраазы бол- сун) Абу Зар ал-Гыфарийди Медина шаарына ча- кырат. Абу Зар ал-Гыфарий Мединага келгенден кийин Азирети Осмонго: "Менин мал-мүлккө мук- таждыгым жок!" дейт да, Мединада көпкө турбай Рабазага барып отурукташат. Абу Зар ал-Гыфарий Рабазада өтө оор жашоону баштан өткөрөт. Үйү талкаланып, ач-жылаңач калат.
Турмуштун оор азабынан катуу ооруга чалды- гат. Хижранын 31-жылы бир күнү жолдо келаткан кербен көрүнөт. Кербенчилер келип конок болуш- кандан кийин бир аз убакыт өтүп-өтпөй Абу Зар ал-Гыфарий дүйнөдөн кайтат. Ансар уруусунан бир жигит келип, аны кепиндеп, жаназасын оку- шуп Рабазага көмүшөт.
Абу Зар ал-Гыфарий узун бойлуу, кең далылуу адам болгон. Азирети Абу Зар ал-Гыфарий сахаба- лар тарабынан "Илим дарыясы" деген сыпатка ээ болгон. Анткени ал Пайгамбарыбыздан (саллалла- ху алейхи васаллам) илим алган. Ыйман тууралуу, Алла Тааланын буйруктарын, тыюу салынган нерселерин, жакшылык жана жамандык жөнүндө эмне болсо, баарын үйрөнгөн. Каниет кылып, өтө жөнөкөй жашаган. Акыйкатты айтуудан тартын- ган да, коккон да эмес. Абу Зар ал-Гыфарий жаш мезгилинен баштап акыйкатты сүйгөн. Артында аялы менен бир кызы калган. Алла Таала ага ыраазы болсун...