Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

Учур көйгөйү

"Ыйман адамды адам кылат, балким хан кылат. Ал эми
каапырлык адамды айбанга
айлантат"

"Ыйман адамды адам кылат, балким хан кылат. Ал эми каапырлык адамды айбанга ай- лантат"

Адам баласынын түзүлүшүн, табигый өзгөчөлүктөрүн Жараткан Кудурет гана таасын билет. Алла Таала кайсы гана доордо болбосун пенделерине акыйкат дин жана рухий муктаж- дыгына керектүү азыкты Өз элчилери аркылуу берип, маалымдап турган. Адам баласы акыйкат дин менен жуурулуша жашаган чакта гана негиз- ги максатына ылайык өмүр сүрүп, Жараткандын чексиз ыраакымына бөлөнөөрү көптөгөн Куран аяттарында баса белгиленет.

Адамга эмне үчүн ыйман керек?

Адам баласы тынч, бейпил, коопсуз жана ын- тымактуу коомдо жашагысы келет.

Ал эми адилетсиздик, талап-тоноочулук, абийирсиздик, баңгилик, кумарпоздук, сойкулук, сүткорлук, кызыл кулактык, жакырчылык, ууру- лук, душмандык, кылмыш, зорду-зомбулук сыяк- туу баш аламандыктар өкүм сүргөн коомдо акыл- эси соо эч бир адам жашагысы келбейт.

Адам баласы кыялданган ошол бейпил, ынты- мактуу, ошол адилеттүү жана ыймандуу коом жалгыз Алла Таалага ыйман келтирилип, ыйык Курандын көөнөрбөс жана өзгөрбөс өкүмдөрү жүзөгө ашырылган чакта гана жаралат. Ырас, динсиздик, Аллага ишенбөөчүлүк же туура эмес калпыс ишеним жалпы коомчулук- ка, анын ичинде жеке адамга олуттуу мүнөздө терс таасирлерин тийгизбей койбойт. Мына ошол терс таасирлерден негизгилерин төмөнкүчө тизмелөөгө болот:

1. Стресс жана депрессия:

Оорулардын 50 пайызы психологиялык жа- быркоолордон улам келип чыккандыгы медици- налык иликтөөлөрдүн натыйжасында белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө "доордун дарты" делген психологиялык эки оор дарт бар. Алар – стресс жана депрессия. Аталган бул эки оору адамга пси- хологиялык жактан гана зыян алып келбестен, фи- зиологиялык жактан да коркунучтуу оорууларга чалдыгышына себеп болот.

Ислам динин кабылдабаган адамдардын жал- гыз Аллага ишенбеши жана Анын адал жолунда жүрбөшү турган иш. Дал ушул себептен улам бул адамдар арылбас санаага батып, руханий жактан сыгылууга, стресс менен өмүр кечирүүгө арга- сыз болушат. Ошондуктан алар психологиялык жабыркоолордун негизинен ар кандай физиоло- гиялык ооруларга чалдыгышат, дене-турпаты бат "шалдырап", эрте улгайышат.

Куранга негизделген жашоо ыңгайы Алланын жазмышына кайыл болууга тарбиялагандыктан момун-мусулман адам өзүн жеңил сезип, кандай гана жакшы-жаман жагдай болбосун Алла Таа- лага таянат, Ага гана баш калкалайт. Турмуштун өйдө-ылдыйында Жараткан Аллага жага турган иш-аракеттерди гана жасоого умтулат. Кудай Таа- ланын ырайымынан жана жакшылыктардан үмүт үзүү деген нерсе чыныгы мусулманда болбогон- дуктан, ал жашоодогу өйдө-төмөн окуяларды оор басырыктуулук менен кабылдап, анын сыноо бол- гондугун жакшы түшүнүп стресске алдырбайт. Ошол себептен анын жандүйнөсү да, дене-турпаты да олуттуу мүнөздө чукул жабыркоолорго дуушар болбойт, кадыресе нукта улана берет. Жалгыз Ал- лага ишенгендер менен ишенбегендердин орто- сундагы кашкайган айырмалардын бири мына ушул жерде жатат.

2. Руханий жакырлык

Жалгыз Аллага, акыреттик жашоого толук ишенген адамдар жасаган иш-аракеттеринин эсе- би эртеңки күнү суралаарын жакшы билишкен- диктен таштаган ар бир кадамына кылдат мамиле жасашат. Алла Таала тыйуу салган иштерден оо- лак болууга умтулушат. Мына ушундай адамдык сапаты бийик адамдардан куралган ыймандуу ко- омдо ар кандай социалдык көйгөйлөр өзүнөн өзү чечилет.

Ал эми Кудайга ишенбеген, же ишенсе да ише- ними тайкы, же дин Исламдын аруулугун аңдай албай, андан насип алалбаган алабарман адамдар жогоруда айтылган "акыреттеги сурак" маселесине кол шилтеп кайдыгер мамиле жасашат. Айрым- дар эл көзүнө принципиалдуу, ак көрүнгөнү ме- нен ар кандай жаман иштерди бөтөн көз жок жер- де, ыңгайлуу шарт боло калганда коркпой-үркпөй жасап койот. Мындай адамдардын кээ бири диний баалуулуктарды четке кагуу менен анын жоопкер- чиликтерин моюндоодон качып, динсиз болгон- дугун ачык айтса, кээ бири такай өзүн актап "мен ак жүрөкмүн, бир нуктан тайбаган таза адаммын" деген сыяктуу сөздөр менен Аллага ишенбеген- дигин жаап-жашырууга аракет кылат. Бирок кан- дай болгон күндө да береги адамдар көкүрөгүнүн түпкүрүндө Улуу Күчкө баш калкалоо сезиминин уюткусу уялагандыктан, Кудай Таала талап кылган таризде жашабай жүргөндүгүн астыртан били- шет. Көкүрөктүн дал ушул чакырыгына оң жооп бере албай терс жолдо жүргөндүгү үчүн көзү тирүү кездеринде эле жандүйнө азабын тартып, руханий жактан жабыркай башташат.

Аллага ишенбөөчүлүк кеңири кулач жайган коомдордо өкүм сүргөн рухий кризиситердин, психологиялык көйгөйлөрдүн негизги себеби жандүйнөнүн жакырлыгында жатат. Адампенде жогоруда айтылган чолок пикиринен кайтып, кал- пыс ишенимдерге негизделген жашоо ыңгайын өзгөртмөйүн руханий азаптан эгерим кутулбайт. Аргасы түгөнгөндө ыйман чакырыгын уккусу кел- бей, өзүн кыйнап жаткан азаптуу ойлордон ары- луу үчүн ичимдик, баңгилик сыяктуу ар түрдүү бузуку жолдорго кирип кетет.

3. Уурулук, сүткорлук, паракорлук жана арам киреше табуу жолдору

Жараткан Кудай Тааланын барлыгына, Анын жалгыздыгына жана андан келген бар- дык буйруктардын жана өкүмдөрдүн чындык экендигине ишенген адам эч убакта бирөөнүн акысын жеп, адилетсиздикке барбайт. Анткени момун-мусулман байлык менен жакырлыктын Жараткандын бөлгөн үлүшү экенине чын дил- ден ишенет, ошол себептен башкалардын мал- мүлкүнө көз артпайт. Мындай коомдо уурулук деген болбойт.

Момун-мусулман мээнет кылып, маңдай тер төгүүнүн сооптуу иш экенин билет. Ошондуктан алакан жоорутуп ырыскы табат. Бул улуу ишеним ак иштеп, адал ырыскы тапкан, жетимдерге, ко- лунда жокторго жана муктаждарга кайрымдуулук кылган, тилемчиликке жол бербеген жарандардан турган коомду жаратат.

4. Ичимдик жана кумар

Адамдардын ичимдикке жана кумарга бе- рилип кетиши динге кош көңүл мамиле кы- лып, ыймансыз жашаган коомдун көзгө урунган өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Алла Таалага, таг- дырга жана башка ишеним негиздерине ишен- бегендиги себептүү, тобокелдин, сабырдуу- луктун, үмүт кылуунун эмне экенин билбеген мындай адамдар кандайдыр бир кыйынчылыкка дуушар болгон учурда эң алгач ичимдикке алды- рып, кумарга кирип кетишет. Же тескерисинче ийгилик жаралып, сүйүнүчү койнуна батпай бапыраңдап турган чакта шүгүр келтирүүнүн ордуна кубанычты ичимдик менен тең бөлүшөт. Чындыгында ичимдик менен кумар эң оболу адамдын өзүнө, үй-бүлөсүнө, анан калса чөйрөгө зыян алып келет. Ичимдиктин, анын курамында- гы алкоголдун курамы көбөйгөн сайын адамдын аң-сезими түнөрүп, акыл алсырайт, эрк күчүн жоготот. Коомдогу жосунсуз жоруктар, кылы- мыштар жана кырсыктардын көбү ичимдиктин айынан келип чыкканы жалпыга маалым. Мунун да негизги түйүнү Аллага ишенимдин жоктугун- да же ыймандын алсыздыгында жатат.

5. Баңгилик

Адам баласы Улуу Алла Тааланы тааныбаса, Ага ишенип, Ага таяна албаса, демек ал адамдын тиреги жок. Ыймандан куру калган мындай терса- яктар жашоодо ар дайым өзүн алсыз сезет. Ошол себептен эскинин баарын эстен чыгарууну, эстен танып жападан жалгыз жол катары эсептеген- диктен наашанын түрүн чегип же сайынып өзүн алаксыта баштайт. Күн өткөн сайын наашанын көлөмүн (дозасын) көбөйтүп олтуруп өзүн өлүмгө түртөт.

Көпчүлүк адамдар өлүмдөн кийинки акы- рет жашоонун барлыгына ишенбегендиктен бул дүйнөдө лаззаттын ичинде жашоону, напси каа- лаган жыргалчылыктын баарына жетүүнү максат кылышат. Тилекке каршы, канчалык жыргалдай сезилгени менен акыр-аягында жандүйнө азабы жанды кыйнап, адамды туңгуюкка кептейт. Алла- нын каарына калгандар үрөй учурган айыкпас оор илдеттерге чалдыгат. Бүгүнкү күндө андай аты жа- ман илдетке чалдыккандар көбөйгөндөн көбөйүп жатат. Бул кырдаал адамзаттын трагедиясы десек жаңылышпайбыз.

6. Сойкулук, үй-бүлөнүн ыдырашы жана ажырашуунун көбөйүшү

Коомдун ахлактык жактан да, саламаттык жактан да бузулушунда сойкулуктун орду чоң. Анткени сойкулук көбүнесе үй-бүлөгө оңбогондой зыян келтирет. Ошол себептен Алла Таала момун- мусулмандарга сойкулук кылуу мындай турсун, ага жакындаганга катуу тыю салган. Сойкулардын айрымдары Кудайга ишенбейт, айрымдары болсо, анын арам экендигин билгендиктен байкоосуздан жандүйнө азабын чегишет, башкача атканда, алар- дын жүрөктөрү эч убакта жай таппайт.

Атайын жайлардын уюштурулушу сойкулук- тун коомго тийгизген дагы бир оор залакасы болуп эсептелет. Ыймансыздыкты ээрчий келген ахлак- сыздыктын натыйжасында жаман жайлар көбөйөт, уятсыздык, абийирсиздик коомдун ахлактык жак- тан чөгүшүн талап кылат. Али балакаттан эми гана чыккан улан-кыздардын сойку каналарды тейлеп жүрүшү миллиондогон үй-бүлөлөрдүн ынтымагын ыдыратып, дагы далайын бүлүндүрүп жатканы жа- шыруун эмес. Мындай шартта жубайлардын орто- сунан ишенич кетет, сүйүү муздайт, мунун азабын балдары тартып, тууган уруктарды жер каратат.

Бүгүнкү күндө сойкулуктун кесепетинен өтө көп адам ариетти аяк асты кылып, өзүнө болгон сый-урматты, ишенимди жана ден-соолукту жо- готуп, айбандан төмөн жашоо ыңгайын тандап алышкан. Мунун негизги себеби кайра эле ыйман- сыздыкка, көңүл тирегинин жоктугуна барып така- лат. Болбосо, Алла Таала көрсөткөн жолго түшүп, адал жашоону тандап алганда, сойкулукка, зина- га баргандар психологиялык жактан жабыркамак эмес, ишеним, үй-бүлөнүн бүтүндүгү сакталмак, сүйүү оожалмак, коом моралдык жактан да, мате- риалдык жактан да өркүндөп өсмөк.

Ооба! Сойкулук менен зинакорлукка тыю салы- нышында жана буйруктун түпкүлүгүндө жаткан даанышмандык Алла Таалага ыйман келтирүүнү каалагандар үчүн чоң себеп.

7. Ыймансыздык кылмышка ийкемдүү адам- дарды тарбиялайт

Ыймандуу, ынсаптуу коомдо адамдар Алла Таа- ланын каарынан корккондуктан уурулук, жалганчы- лык, зорду-зомбулук, паракорлук, талап-тоноочулук жана башка кылмыштар дээрлик жокко эсе.

Ислам дининин ордуна бузуку ишенимдерди тутунган, ыймандуулукка умтулбаган көрпенделер эрктин тизгинин напсиге алдырып койгондуктан такай өз кызыкчылыктарын гана көздөшөт. Мын- дайлар өзүнүн жакыр ой-жорумуна жараша "эч кимге милдеттүү эмесмин, кылган ишим үчүн эч кандай сурак бербейм, жазаны мага эч ким бере ал- байт, өлгөнгө чейин жыргап-куунап алыш керек!" деген түшүнүккө бекем байланып алышкан. Ыйык

Куранда булар тууралуу мындайча маалымдалат:

"Акыретти жокко чыгарган каапырлар мындай де- шет: "Өмүр болгону ушул жалгандагы жашоо менен бүтөт. Жашайбыз, өлөбүз. Бизди болго- ну убакыттын агымы гана жок кыла алат". Чын- дыгында бул айтылгандарга тиешелүү негиздүү маалыматтары жок. Алар ой-жорумун гана ай- тып жатышат" (Жасия сүрөсү, 24-аят).

Кыскасы, адамдар акыйкат Ислам дининин жетегисиз жекелик болсун, коомдук болсун, ай- тоор, эч бир көйгөйүн канаатттандыраарлык чече алган эмес жана чече да албайт. Адам баласы Алла

Тааладан жана Анын акыйкат Ислам дининен жүз үйрүгөн чакта коомдо бузукулуктун түрү көбөйүп, башаламандык күч алат. Бул ыймансыздыктын, Аллага ишенбөөчүлүктүн бул дүйнөдөгү акыбети болуп эсептелет. Ал эми акыреттеги акыбети мын- дан да оор жана туруктуу азап болот. Өткөн кы- лымдын улуу Ислам аалымдарынан Саид Нурсий айткандай: "Ыйман адамды адам кылат, балким хан кылат. Ал эми каапырлык адамды айбанга айлантат"

Башына