Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

Ыйман сабагы

Ыйман - бул акылдын нуру, аң-сезимдин куту жана жүрөк туюмдарынын көркү. Бул оопасыз дүйнөдөн түбөлүктүү аа-ламга ыймандын жетеги менен гана таалайлуу бо-луп өтүүгө болот.

"Чындап ыйман келтирип, алгылыктуу иш-терди жасагандар жана Жаратканга моюн сун-гандар – бейиш ээлери. Алар бейиште түбөлүк болушат" (Худ сүрөсү, 23-аят).

Пайгамбарлар, Алладан келген китептер жана алар көрсөткөн жолдо ыкластуу жашаган олуялар ыймандуулуктун жолбашчылары. Тарых -тарых болуп башталганы пайгамбарлар, олуялар жана салих пенделер ыймандын жетеги менен гана жа-шап, изгиликтин жандуу үлгүлөрү болуп кели-шет.

Ыйман Кудай Тааланын ыроосу. Сыноо ый-мандын бекемдигин текшерген тараза. Момун мусулмандан күтүлгөн сабыр, моюн сунуучулук жана ыйманды коргоо пенденин Кудайы сыйлык-тарга болгон кайырымы. Ыймандын баа жеткис жакшылык-немат экендигин аңдоо үчүн Жарат-кан бизден кайырым этүүнү каалайт.

"Акыйкатта, Алла Таала момундардан өз жандарын жана мал-мүлкүн бейишке айыр-баштап алган" (Тооба сүрөсү, 111-аят). Бул аят жого-руда айтылган кайырым маселесин кабыргасынан койуп турат.

Ушул себептен ыраазылыгын табуу үчүн талап кылынган аманаттарды (жан, мал-мүлк ж.б.) Анын жолуна сарптоо керек. Кайра эле ушул ыкма ый-манды баралына жеткирүүнүн жолу болуп сана-лат.

Сынактардын бардык машакаттарын сабырдуулук, ыраазылык жана моюн сунуу менен ашып өтүп Алланын буйругу, Азирети Мухаммаддын жолу менен өмүр кечирүү ыймандуулуктун белгиси.

"Чындыгында Алла Тааланын даргөйүндө кабыл болуучу дин – бул Ислам. Китеп бе-рилгендер (жөөттөр жана христиандар) өздөрүнө маалымат келгенден кийин өз ара көралбасытыктын айынан талашып-тартышууга түшүштү. Кимде-ким Алланын аяттарына каршычыкса, албетте, Анын жазасы чукул!" (Аали Имран сүрөсү, 19-аят).

Ар бирмомун мусулман буйрулган ибадаттар-ды орундатуу менен ыйман деген улук нематтын кайырымын Жаратканга кайтарууга милдеттүү. Анткени кайырымы төлөнбөгөн бир нерсеге ээ чыгуу же төлөбөй туруп бир нерселерди талап кы-луу акылга сыйбас жорук.

Момун-мусулмандын ыймандуулуктун туу чокусуна карай көтөрүлүшү Алланын ыраазы-лыгын көздөгөн ниетинин, ибадатынын жана иш-аракетинин тууралыгы менен изгиликтерди жүзөгө ашырышына байланыштуу. Бул изгилик-тердин баарын салих-амал-жарамдуу амалдар де-ген кең алкактуу айлампадан көрүүгө болот. Ант-кени Ыйык Куранда да, куттуу хадисте да ыйман менен салих амал дээрлик чогуу айтылат.

"Аллага ишенгендерге Жана жакшы амал-дарды кылгандарга үзгүлтүксүз сыйлык бар!" (Иншикак сүрөсү, 25-аят).

Ыйман тек гана кургак билим же көзкараштар менен эмес, туюлуп сезилген, жүрөккө ширел-ген, натыйжада жүрүм-турумдан, иш-аракеттен көрүнгөн акыйкаттар менен коштолушу кажет.

Момун-мусулман ааламдагы Кудайы кудуреттин агымына ой жүгүртүп жана ошол эле учурда иба-даттарды буйрулгандай аткаруунун натыйжасын-да ыймандын чыныгы даамын алат, изгилик кош-тогон көп ажайып нерселерге күбө болот.

Ыйман-бардык ибадаттардын эң улугу да, эң бийиги. Анткени ибадаттар ыйман менен гана бар. Ыймансыз ибадаттын кабылданышын элестетүү мүмкүн эмес. Анын үстүнө ибадаттар күндүн, же аптанын, же жылдын белгилүү гана учурларында аткарылат. А ыйманга келе турган болсок, ар дай-ым парз болгондуктан, аны ар убак демдүү, таза кармоо керек. Ушу себептен Куранда да, хадисте да жүрөктү кайдыгерликке сала турган ар кандай жаман тузактардан оолак болуу буйрулган. Арий-не, аскерди жоонун огунан соот же калкан сактайт эмеспи. Анын сыңарындай, салих-амалдар менен ыйманыбызды коргоого алышыбыз зарыл.

Ардактуу Пайгамбарыбыз Мухаммад (сал-лаллаху алейхи васаллам) Аиша энебизге мындай насаат айткан: "Аиша! Маанисиз көрүнгөн кичи-некей күнөөлөрдөн да сактан! Анткени аларды көзөмөлдөп каттап турган Алланын периштеси бар" (Ибн-и Мажа, Зухд, 29; Дарими, Рикак, 17).

Ыйман-момун мусулмандын эң кымбат мүлкү. Шайтандын адампендеге ашынган душман экени Куранда ачык билдирилген (Аараф сүрөсү, 11-аятка караңыз). Шайтан ошол эле маалда Аллага ишен-беген каапырлардын досу (Аараф сүрөсү, 21-аятка караңыз). Ал каргыш ургур ошо Адам Ата жаралган күндөн тарта санмиң түргө кубулган өзүбүздүн эле айланабыздагы ортоктоштору менен оңтойлуу учурду мелжеп, айла-амалга салып олтуруп мо-мундардын жүрөгүндөгү акакка алмашкыс ый-манды уурдаганга талыкпай аракет кылганы кыл-ган. Андай болсо, жарамдуу амалдан урабас чеп куруп ыйманыбызды, ыймандан нур алып турган акылыбызды сактык менен коргоо эң зарыл озуй-пабыз экенин унутпайлы.

Ыйманды күзгү сымал тазалап, ал аркылуу Жараткандын ажайып кудуретин көрүү үчүн "Алланы зикир" кылууга муктаждык бар. "Алла" деген улуу сөздү жүрөкө сүйдүрүп, жүрөккө сай-малап жазмайын, тил менен кайталап дилге жат кылмайын кылынган зикир татыктуу баасын ала албас. Эгер бул нерсеге белсенер болсок, жүрөк бүт нерседен тазаланат, кайдыгерликтин кара тактары өчөт. Башка нерселерге алагдылыктан кутулуп жаны жай ала баштаган жүрөктүн ый-мандын теңдешсиз таттуу даамын татканын көрө бер... Ардактуу Пайгамбарыбыздын береги дуба-сын жадыбыздан чыгарбай кайталап жүргөнүбүз дурус: "Оо, Жараткан Алла Талам! Бизге ыйманды сүйдүр! Жүрөгүбүздү ыйман менен көрккө бөлө! Каапырчылыкты, күнөөнү жана бузукулукту бизге жагымсыз кылып көрсөт! Бизди туура жолду тап-кан пенделериңден кыла көр!" (Ахмад, Ибни Ханбал, Муснад, III, 424).

Мындай рухий баралга жеткен өзгөчө пенде-лердин ыйманынын кубанычы жамы убактылуу жыргалчылык-лаззаттарды ашып өткөн болуп эсеп-телет. Ошол эле учурларда мындай деңгээлди ба-гынткандар үчүн бу дүйнөгө таандык бардык кый-ынчылык каргашалар жана булардын жан кейиткен натыйжалары түккө турбаган нерселерге айланат.

Бул нематты кыяматка чейин жеткирем деп ал-бан күч-кайратты, бир бүтүн өмүрдү сарптаган Алла Элчисинин жана салих момундардын сабырынын бе-кемдигинен, парасатынын кыраакылыгынан, берил-гендигинен жана туруктуулугунан кеп салган санмиң мисалдардын айрымдарына чогуу назар салалы:

***

Азирети Мухаммад он эки жаштагы тестиер бала экен. Бахира аттуу кечил:

"-Ай балам, Лат менен Уззаанын урматы үчүн суроомо жооп берип койчу, бай болгур!" дейт.

Азирти Мухаммад жаш болгонуна карабастан дал ошол жаштарда эле тайманбас чынчыл экенин минтип далилдейт:

"-Лат менен Узаанын урматы үчүн деп менден эч нерсе сураба! Кудайга ант болсун, мен аларды абдан жек көрөм!"

Азирети Мухамад бул жообу менен бутпара-стыктан таптакыр таза, ыймансыздыктан оолак экенин ачыка чыгарган. Ал эми пайгамбарлык кел-генден тарта ыйманды элге жайып сүйдүрүү жана таалим берип үйрөтүү жаатында жетишкен ийгили-ги, кажыбас кайраты жана башка көптөгөн изги иш-аракеттери бардык момун мусулмандарга белгилүү.

***

Муса пайгамбардын доорунда каапырлыкка белчеден баткан Фараон өзүнүн Кудай экендигин жар салган. Бирок өзүнүн эле букаралыгындагы сыйкырчылар анын пикирин жокко чыгарышат. Арданган Фараон жан чыдагыс азапка салат алар-ды. Сыйкырчылар:

"-Сенин азабың будүйнөгө гана таандык, ушул тапта кандай өкүм чыгарба, убактылуу эркинсиң, биз болсо Жаратканга кайта беребиз!" деп ыйман менен таакат көрсөткөн. Ызага буулуккан каардуу фараон араа бычак менен сыйкырчылардын колун кесип, дарака асып салууну буюрат жасоолдоруна. Сыйкырчылар көрпенделик кылып ыйманды ат-тап өтүп кетпейли деген кооптонуу менен алакан жайып минтип жалбарышкан:

"... Оо Жараткан! Бизге сабыр бер, мусулман экенибизде жаныбызды ала көр!" (Аараф сүрөсү, 126-аят). Муса пайгамбардын ажайып мужизасын көрүп аз убакыт мурда мусулман болгон пенде-лер ошентип шейиттиктин шербетине тамшанып Алланын алдына жөнөп кетишкен.

***

Иса пайгамбардын Жаратканга жан дилден ишенген алгачкы үммөттөрү үйрөтүлгөн арстан-дарга зордук менен салынып берилген. Бирок алар да ыйманды коргоп шейит кетишкен. Мусулман-дар арстандын айбатынан да, арсайган тишинин сүрүнөн да айбыкпай, ыймандын даамы таттуу экенин кашкайта тастыктап кетишкен.

***

"Таалайлуулуктун кылымы" эми башталган кезде ыйманын жандан артык сүйгөн Азирети Су-майя "Исламдын алгачкы шейити" деген наамга татыйт. Мурунку мезгилдерде колуна ийне сайы-лып кетсе, жаны чыгып кетчүдөй коркчу экен. Ыймандын теңдешсиз даамын ала баштагандан тарта мушриктер (Алланын жалгыздыгына шек келтирип, бутка сыйынган каапырлар) темирди кызытып денесине басса да эринди кырча тиштеп ыйманынан чегинген эмес. Мындан башка дагы көптөгөн азап-кордуктардын оорлугун, ачуулугун ыйманынын таттуулугу басып турган. Акырында мушриктер эки бутунан эки төөгө байлап жырт- кычтарча эки бөлүнүп жанын алып тынган. Су-майянын абышкасы Ясир дагы улгайып калганына карабастан карамүртөз мушриктердин азабына кылт эткис сабырдуулукту көрсөткөн. Натыйжада Ясир да шейит болгон. Ошентип Ясирдин бүлөсү дин Исламдын алгачкы шейиттери болушат. Ый-мандын кайтарымын аны берилүү менен сүйүп төлөөнүн таасын үлүгөрү ушулар! Булар уламыш эмес, тарыхта болуп өткөн кашкайган чындык. Ан-дыктан ар кимибиз ибарат алышыбыз абз

***

Эми Азирети Билалдын аянычтуу абалына на-зар салалы. Каапыр мушриктер бул күнөөсүз пенде-ни да тынч койгон эмес. Күн кайнап турган маалда кызыган кумга жаткырып үстүнөн таш менен басты-рып, миздүү темир ширетилген балак менен чапкы-лай берип денесин тытып жиберишкен. Килкилде-генэтикөрүнүп,шырылдапканыаккан.Бирдеэстен танып, бирде эсине келе калганда жан соогалабай "Ахад, ахад, ахад -Алла жалгыз, Алла жалгыз, Алла жалгыз.." деп дилине жат болгон ыйманын тили ме-нен кайталай берген. Көшөрүп олтурп акырында мушриктердинкандууколунанаманкутулупкеткен. Эми элестетип көрүңүз, ошончолук кыйноого эмне туруштук бере алышы мүмкүн? Албетте, ыймандын сөзгө сыйгыс таттуу даамы!

***

Мусулманчылыкты эң алгачкылардан болуп кабылдаган дагы нечелен момундар карөзгөй каа-пырлардын жанчыдагыс кордуктарына кабылба-ды! Булардын арасында Амир бин Фухайра, Абу Фукайха, Микдад бин

Амр, Умму Убайс, Лубайна, Нахдия өңдүү Азирети Пайгамбарыбыздын сахаба-лары бар эле. Мушриктер буларды күн так төбөгө келип, аптап кайнап турган кезде жылаңачтап, колу бутун таңып, отун сүйрөгөнсүп көчөлөрдө ары-бери сүйрөп, анан кумдуу чөлгө алып барып, чоң-чоң таштарга бастырып жазалоону эрежеге айландырып алышат. Бул аз келгенсип кекиртек-тен муунтуп, деми чыкпай калгандарды өлдүгө чыгарып басып кетишер эле. Арабстандын ап-табында кызыган кумга бастырылганда акыл-эсин жоготуп, айрым учурларда деми кыстыгып жан бергендер да болгон.

Ардактуу сахабалар ыроолонгон ыйманды коргоп калуу жана бул Теңирий нематты бизге жеткирүү үчүн жогоруда айтылган жана айтыл-бай калган оор кыйноолорду баштан кечирип, мал-мүлкүн, кара жанын каржаган. Ошо доордо жашап турса да, Ислам деген белектин улуулу-гун, ыйыктыгын жана зарылдыгын аңдай алыш-кан. Ошентип бул кайраттан баар таап Жараткан Алланын жакшылыгына бөлөнүшкөн. Аманат өмүрлөрү "Эй ыйман келтиргендер! Алладан астейдил корккула жана мусулман болгон тейде жан бергиле!" (Аали Имран сүрөсү, 102-аят) деген буйруктун негизинде Акыйкат Ээсине арнап са-лып, түбөлүктүүлүккө кадам ташташкан.

***

Ыйман – бул супурасы кургак ой-сезим эмес. Ыйман – момун жүрөгүн байырлаган улуу бай-лык. Ыйман – жүрөктүн тазалыгынын жана дара-жалуулугунун күбөсү. Берилгендик жана ыкла-стуулук ыймандуулуктун белгиси. Ыйман – бул түбөлүктүүлүктүн кенчи. Аны күчтөндүрүп жана коргоп калуу үчүн тээ көөнө тарыхтардан бери не-челеген жан кыйылган, ыйманына сак нечен жандар каапырлардын каарына, азабына туруштук берген. Алланын ыраазылыгы үчүн чен-өлчөмү белгисиз изгилик жана каармандыктар көрсөтүлгөн. Учурда бүт нерседен оболу ыроолонгон ыйманды баштан бери айтып келе жаткандай көлкүгөн ашыгылык жана эңсөө менен коргоп өтүүгө муктаждык бар. Ыйманды ашыгылык менен сүйүп, аруу туткан пенде кайдыгерликтин сазынан чыгып коомчулук-тун абалына, тагдырына өзүн жоопкер сезет. Эгер биз ушу дүйнөдө ыйманыбызды коргоп, баралына жеткирүү үчүн кайрат сарптасак, Алланын алды-на барган чакта акыбетин жакшылыктан табаар-быз буйруса!

Башына