Он сегизинчи сан

Мазмуну
Имам аль-Хафез, шайх уль-Ислам Абу Абдуррахман
Ахмад ибн Али ибн Али ибн Шуайб ибн Али ибн Сиван ибн Вахб аль-Хорасаний
Имам аль-Хафез, шайх уль-Ислам Абу Абдуррахман Ахмад ибн Али ибн Али ибн Шуайб ибн Али ибн Сиван ибн Вахб аль-Хорасаний Ислам тарыхындагы белгилүү мухаддис деген наамга көзү тирүү ке-зинде эле татыган белгилүү аалым болгон.
Имам Ан-Насаий хижранын 215-жылы Хора-сандын Наса шаарында төрөлгөн. Илимге болгон кызыгуусу, Куранды алгач окуп үйрөнүүсү, жаш кезинен эле туулуп өскөн шаары Насадан баштал-ган. Ал Насадагы белгилүү Ислам аалымдарынан сабак алган. 15 жашынан баштап илимин жогору-латуу жана хадис жыйноо максатында Ислам аала-мын кыдырып Хижазга, Иракка, Шамга (Йеменге), Египетке чейин барып, белгилүү аалымдар менен жолугушуп, алардан илим алган.
Имам ан-Насаий белгилүү даражада билим алгандан кийин устаттары сыяктуу өзү да ки-теп жыйнактарын жазганга жетишкен. Алардын белгилүүлөрү:
- “Ас-Сунан аль-Кубра”,
- “Ас-Сунан ас-Сугра” же “Аль-мужтабо”,
- “Аль-Хасаис”,
- “Фадаиль ас-Сахаба”,
- “Аль-Манасик”.
Имам ан-Насаий “Ас-Сунан аль-Кубра” аттуу китебин жазып бүткөндөн кийин Рамла шаары-нын (Палестинада) эмирине белек кылган. Эмир-дин суранычы менен Имам ан-Насаийдин экинчи китеби “Ас-Сунан ас-Сугра” жазылып, бул китеп аалымдар тарабынан жогору бааланган.
Көптөгөн жыл Исламга кызмат кылган Имам ан-Насаийдин кайсы жерде көз жумгандыгы туу-ралуу ар түрдүү божомолдор айтылган. Мисалы: Белгилүү аалым Дар Кутнинин айтымында Имам ан-Насаий Ислам жыл анагы боюнча 303-жылы дүйнө салып, Меккеде ас-Сафа жана аль-Марва дөңсөөлөрүнүн ортосуна коюлгандыгын айткан. Дагы бир белгилүү аалым аз-Захабиинин айты-мында, Имам ан-Насаий Палестинада “ар Рамла-да” көз жумуп, Иерусалимде коюлгандыгын белги-леген. Дагы бир божомол боюнча, Имам ан-Насаи Египеттен келип, карыган мезгилинде Дамаскта көз жумгандыгы айтылат.
Имам ан-Насаи өз доорунун акылман, улуу насаатчысы жана белгилүү аалымдардан болгон. Анын чыгармалары Ислам дүйнөсүндө эле эмес бардык жерде бааланган. Бүгүнкү күнү да имам ан-Насаий сыяктуу улуу аалымдардын чыгарма-лары динибиз Исламга опол тоодой кызматын өтөп келет. Имам ан-Насаийдин чыгармаларына карата да көптөгөн түшүндүрмө эмгектер жазыл-ган. Маселен, Аль-Хафез Жалалуддин ас-Сийути (Ө. Х. 911-ж.) тарабынан “Захрур-Рубо ала аль-Мухтабо” аттуу жана Шайх буль Хасан Мухам-мад ибн Абдул Хади аль-Ханафий (Ө.Х. 1138-ж.), ошондой эле Шайх Сиражуддин Умар ибн Али ибн аль-Муллакин аш-Шафкий (Ө.Х. 804-ж) тара-бынан жазылган түшүндүрмө китептерди мисал келтирүүгө болот.