Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

Дин өзөгү

Ахли сүннөт вал-жамаат Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын сүннөтүн, анын сахабаларын өрнөк алышкан жана алардын жолун, методун кабылдагандар болуп эсептелет. Бул Куран жана сүннөттү түшүнүүдө бирдей көз карашка ээ болгон, көз караш жана ой–пикир маселесинде ар кандай бөлүнүп жарылуудан алыс болгон, динде талаш-тартышты туудуруучу жагдайларда курулай акылды гана эмес, аят-хадистерди негиз катары кабылдаган жамаат болуп эсептелет

Учурда кыргыз элинин диний жашоо-сунда маанилүү бир жагдай бар. Ал карапайым калкыбыздын көпчүлүгү ишеним багытындагы тутунган жолубузду билбестигибиз. Тагыраак айтканда, ишеним жагынан кайсыл мазхабка кирээрибизди биле бербейбиз. Анткени фикх-амалдык жагынан Имам Азамдын мазхабында экендигибизди аздыр көптүр билгенибиз менен, ишеним бо-юнча кайсыл мазхаб, кайсы имамдын жолунда экендигибизди анчалык түшүнө бербейбиз. Айрыкча бул маселеге байланыштуу кулагы-бызга көп чалдыгып жүрчү "ахли сүннөт вал-жамаат" түшүнүгү өтө маанилүү. Ошондуктан бул макалабызда окурмандарыбызга пайдалуу болоор деген ой-тилек менен "ахли сүннөт вал-жамаат" түшүнүгү жөнүндө азыноолак маалы-мат берүүнү эп көрдүк.

Ахли сүннөт вал-жамаат Азирети Мухам-мад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамба-рыбыздын сүннөтүн, анын сахабаларын өрнөк алышкан жана алардын жолун, методун ка-былдагандар болуп эсептелет. Бул Куран жана сүннөттү түшүнүүдө бирдей көз карашка ээ болгон, көз караш жана ой–пикир маселесинде ар кандай бөлүнүп жарылуудан алыс болгон, динде талаш-тартышты туудуруучу жагдайлар-да курулай акылды гана эмес, аят-хадистерди не-гиз катары кабылдаган жамаат болуп эсептелет. Ахли сүннөт вал-жамааттын башкалардан ай-ырмаланып туруучу эки маанилүү өзгөчөлүгү бар. Бул эки өзгөчөлүк сүннөттүн жана жама- аттын жолунан ээрчип кетүү. Сүннөт – бул Ази-рети Пайгамбарыбыздын сөздөрү, иш-аракеттери, тастыктоолору жана ахлактык, инсандык жүрүм-турумдары. Ал эми жамаат дегенде Пайгамбары-быздын жолунан ээрчиген сахабалар жана табий-индерди түшүнөбүз.

Ислам динин өкүм-жоболорун камсыздап туруучу негизги булактар – Куран менен Азире-ти Пайгамбарыбыздын сүннөтү болуп эсептелет. Алла Таала, Куран менен кошо Азирети Мухам-мадды (саллаллаху алейхи васаллам) ээрчүүнүн жана ага моюн сунуунун зарылдыгын белгилеген: "Айткын: "Аллага жана Пайгамбарга моюн сун-гула!... Эгер ага моюн сунсаңар туура жолду табасыңар" (Нур сүрөсү, 54-аят).

Ошондой эле Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өз хадисинде: "Силерге берген буйруктарымды аткаргыла! Мен тыюу салган нер-селерди таштагыла!" деп буюрган (Муслим, 412). Сүннөткө моюн сунуу жана баш ийүү өзүн му-сулманмын деп эсептегендердин диний милдети. Куран бизге жетиштүү деген ой менен сүннөткө маани бербөөчүлүк чоң жаңылыш жана жашыру-ун бир кыянат. Ислам жолбашчысы (саллаллаху алейхи васаллам) бул абалдын келечекте ортого чыгарын алдын ала кабарлоо менен, дин жөнүндө эч бир кайгысы болбогон мындай инсандардан этият болуубузду эскерткен: "Силерге: "Куран жетиштүү, Куран эмнени адал десе аны адал деп билгиле, эмнени арам десе аны арам деп билгиле" деп айтчу карыны ток, кайгысы жок адамдардын чыкчу күн узак эмес.

Мындай адамдардан этият болгула! Мага Куран менен кошо (өкүм берүү жа-гынан) анын окшошу сүннөт берилген" (Ахмад б. Ханбал, IV, 131). Имран бин Хусайн (Алла ага ыраазы болсун), бизге Курандын өзү жетиштүү, сүннөткө зарылдык жок деген бир адамга мындай деп жооп берген: "Акмак келесоо! Сен Курандан бешим на-мазынын (парзынын) төрт ирекет болгондугу, кыраатынын ичтен окула тургандыгы жөнүндөгү өкүмдөрдү таба аласыңбы? Куран бизге көп нер-сени өзөк жана туюк түрдө берген, ал эми сүннөт болсо аларды ачыктаган". Ошондой эле Абдуллах бин Масьуд (Алла ага ыраазы болсун): "Өз жара-тылышын, табиятын өзгөрткөндөргө Алла Таала наалат кылгандыгын" кабар берип жаткан учурда бир аял: "– Бул нерселер Куранда барбы?" деп су-райт. Абдуллах бин Масьуд мындай дейт: "– Ооба, албетте бар. Сен бул аятты окуган эмес белең?: "...

Алланын Элчиси сизге эмнени буюрган болсо аны аткаргыла, эмнени тыюу салган болсо ан-дан алыс болгула!..." (Хашр сүрөсү, 7-аят).

Азирети Пайгамбар (саллаллаху алейхи ва-саллам) өзүнүн сүннөтүнө баш ийүүбүздү буй-уу менен сахабалардын жолунан айрылбоону да буйурган. Ал өзүнүн сахабаларын инсандарды туура жолго багыттоочу көктөгү жылдыздарга салыштырган. Ал эми Курани Карим сахабалар туурасында мындай деп кабарлайт: "Мухаажир жана ансарлардын алдыңкыларына (саха-балардан) жана аларды жакшылык иштери менен ээрчигендерге (табийиндерден) Алла ыраазы болду. Алар да Алладан ыраазы бо-лушту. Алла Таала алар үчүн астынан дайра-лар агып турган, түбөлүк кала турган бейиш-терди даярдап койду. Мына ушул улуу бакыт!" (Тообо сүрөсү, 100-аят).

Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васал-лам): "Үммөтүм жетимиш үч топко бөлүнөт. Бу-лардын ичинен бир жамааттан башкасы тозок жолунда" деп айткан. Ал бир жамааттын кимдер болгондугун сураганда "Менин жана сахабаларым-дын жолунда болгондор" деп жооп берген.

Сахабалар жана алардан кийин муун деп эсеп-телген табийиндер, андан кийинки доорлордо эң сонун амалдарды аткарган аалымдар биз сөз кы-лып жаткан "ЖАМААТтын" чыныгы өкүлү болуп эсептелет. Тарыхтын ойку-кайкы чыйырында ар кандай деңгээлдеги, түрдүү түшүнүктөргө ки-шенделген пенделер дин Исламды түрдүүчө чеч-мелегенге аракет жасашкан. Мунун натыйжасында Куран менен сүннөткө сыйбаган айрым агымдар пайда боло баштаган. Каргашалар жүз берип мусулмандар топ-топ болуп майда бөлүктөргө бөлүнө баштаганда Ардактуу Пайгамбарыбыздан таалим алган сахабалардын жолун кабылдаган көпчүлүк жамаат, өздөрүн башка бузуку майда топтордон (бидатчы фыркалардан) айырмалоо үчүн "ахли-сунна, ахлул-хакк жана ахлу-сунна вал-жамаа" деген ысымдар менен атай башташкан. Кийинчерээк бул ысымдардын ичинен бардык ысымдардын орток өзгөчөлүктөрүн камтыганды-гы үчүн "ахли сүннөт вал-жамаат" ысмы көбүрөөк жайылып кабылданган. Бул жамаат Куранды жана Азирети Пайгамбарыбыздын сүннөтүн бузуку пи-кирлерден, таңууланган терс көз караштардан кор-гоо жана үмөттүн биримдигин сактоо максатында куралган. Мына ошол себептен Ислам дини нечен кылымдардан бери өзүнүн түпкү нукуралыгынан тайбай келе жатат.

Орто Азия элдери, анын ичинен кыргыз эли бактыга жараша ишеним өңүтүнөн "ахли сүннөт вал-жамаат" багытында. Бүгүнкү күндө Исламдын өзөгүн, нукуралуулугун туу туткан бул жамааттын курамында Салафилер, Ашарилер жана Матури-дилер бар. Бул жерде белгилей кетчү нерсе, Ку-ран жана сүннөттө орун албаган, сахабалар жана алардан кийин келген табийиндер да ал жагдай туурасында өздөрүнүн көз караштарын жана пи-кирлерин билдирбеген маселелерге кирбестен аят-хадистердин түз жана тике мааниси кандай болсо, дал ошондой кабылдагандарга "ахли сүннөт-и хаасса", "ахли тавхид" же "салафи" деп аталат. Ал эми аят-хадис, сахаба жана табийиндердин көз караш, ой пикирлери болбогон кээбир итикадий (ишеним) маселелерди да жаңы бир илимий усул менен изилдеп иликтеп, керектүү учурда акыл менен чечмелеген жана жорумолдогондорго ахли сүннөт-и аамма деп айтылат.

Ахли сүннөт аалымдарынын ичинен Имам Ашари, Имам Матуриди, Имам Газзаали, Фахруд-дин ар-Раази, Саададдин Тафтазани, Саййид Али ал-Журжани сыяктуу улуу аалымдар бул жамааттын акыйдасын аят-хадис жана акылий далилдер менен бекемдеген. Айрыкча бул аалымдар башка бидат-чы мазхабтардын, майда, бузуку топтордун терс ой-пикирлери менен катуу күрөшкөн жана алардын Куран жана сүннөткө багытталган карама каршы көз караштарын жокко чыгарышкан. Ошондой эле Абу Ханифа, Имам Малик, Имам Шаафи, Ахмад бин Ханбал, Абу Бакр ал-Бакиллани, Абдулкадир ал-Багдади, Имамул-Харамайн ал-Жувайни, Насруд-дин ал-Байзави сыяктуу белгилүү аалымдар да ахли сүннөттүн алдыңкы өкүлдөрү болуп эсептелет.

Белгилей кетчү бир жагдай мазхабдар амал-дык жана итикаддык болуп бир катар маселеде бир-бирлери менен байланышып турат. Ахли сүннөт мазхабынын ичинде ал байланыштарды белгилей кетүү керек. Мисалы; фикх-амалдык жагынан Сүннилердин көпчүлүк бөлүгү Хана-фи мазхабында. Ал эми Ханафилердин көпчүлүк бөлүгү итикад-ишеним жагынан Матуриди маз- хабында. Фиких-амалдык жагынан Шаафи жана Маалики мазхабында болгондордун көпчүлүгү итикад-ишеним жагынан Ашари мазхабында. Ал эми фиких-амалдык жагынан Ханбали мазхабын-дагылар болсо итикад-ишеним жагынан Салафи мазхабында. Бирок ислам ааламынын көпчүлүк бөлүгү Ашари же Матуриди катары таанылган ахли сүннөт-и аамма багытында. Ибн Таймиййа менен Ибнул-Каййум ал-Жавзиййа сыяктуу салаф багытын тандаган кээбир аалымдар соңку кылым-дарда Салафи катары таанылган ахли сүннөт-и хаасса багытын жандандырууга жана жайылтууга аракет жасашкан. Ислам дүйнөсүнүн көпчүлүгүн түзүп турган сүннилик жөн гана бир ысым, сыпат же мазхаб бо-луп эсептелбестен, ал толук түрдө жашоо таризи. Мындайча айтканда Куран жана сүннөткө ылай-ык исламдын күндөлүк жашообузда иш жүзүнө ашышы. Итикад-ишенимде орто жол -ахли сүннөт жолу. Аз. Мухаммед (с.а.в.) дин үммөтүнүн эң не-гизги башкы өзгөчөлүгү бардык нерседе тең салмак-туулукту сактоо менен орто жолду тутунуу. Алла Таала Куранда бул жагдайды мындайча белгилейт: "Биз силерди орто жолду тутунган, адилеттүү бир үммөт-жамаат кылдык..." (Бакара, 2/143). Эми сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, кара-пайым окурмандарыбызга жеңил жана кыска түшүнүк берүү максатында макалабыздын өзөгүн төмөнкүчө корутундуласак болот.

Ислам дининин өкүм-жоболору негизинен үч бөлүккө бөлүнөт:

1) Итикад-ишеним өкүм-жоболору. Мисалы; Аллага, пайгамбарларга, китептерге... ишенүү, ыйман келтирүү.

2) Фикх-амалдык өкүм-жоболор. Мисалы: на-маз окуу, орозо тутуу, зекет берүү...

3) Адеп-ахлак өкүм-жоболору. Мисалы; ата-энеге урмат-сый көрсөтүү, коңшулар менен жак-шы мамиледе болуу... сыяктуу.

Динибиздин бул өкүм-жоболору Куран ме-нен сүннөттөн сүзүлүп алынган. Ислам дини-нин өкүм-жоболорунун биринчисинде тагыраак айтканда, итикад-ишенимдик өкүм-жоболордо Матуриди, Ашари жана Салафи мазхабтары бар. Ал эми экинчиси болгон фикх-амалдык өкүм-жоболордо Ханафи (Имам Азам), Маали-ки, Шаафи жана Ханбали мазхабтары бар. Бул мазхабтардан сырткары да бир канчалаган маз-хабтар бар болсо да, биз карапайым элибиз үчүн ахли сүннөт вал-жамаат чегиндеги жогорудагы жети мазхабты гана берип кеттик. Мына ушул мазхабтардын ичинен биз итикад-ишенимдик өкүм-жоболорунда Имам Матуриди мазхабын-да ал эми, фикх-амалдык өкүм-жоболордо Имам Азамдын (Ханафи) мазхабындабыз.

Башына