Он сегизинчи сан

Журналдын он сегизинчи саны

Мазмуну

Ой чабыт

"Айткын: Алла Жалгыз!
Алла эч кимге муктаж эмес. Ал төрөгөн да,
төрөлгөн да эмес! Ага эч
ким теңдеш эмес!"
(Ихлас сүрөсү, 1-4-аяттар)

Алла Тааланын барлыгы багытындагы тематика диндердин да, философия-нын да жана так илимдердин да тема- тикасы. Диндер Алла Тааланын барлыгы боюнча маселени ар бири өзүнүн ишеним негиздеринин алкагында карап, аны эң иридеги түркүк катары кабылдоо менен ишенгендерден Ага шек-күмөнсүз ишенүүлөрүн талап кылат. Философия бул масе- леге көбүнесе акыл, ой-жүгүртүү менен кайрылат. Ал эми так илимдер болсо, белгилүү тажрыйба эрежелеринин негизинде иликтөөгө аракет кылат. Алла Тааланын барлыгы жөнүндөгү маселе кы- лымдардан бери талкууланып келе жаткан темати- ка. Ар бир илим тармагы Анын барлыгын өзүнүн көз карашы менен иликтөөгө аракет жасаган. Бул иликтөөлөрдүн жыйынтыгында кээ бирлери Алла Тааланын барлыгы кыпындай дагы шек-күмөнсүз, ачык-айкын болгондугун далилдешсе, айрымдары бул багытта айрым бир күмөн жараткан жагдай- ларды айтып, маселени талаш-тартыш майданына таштаган. Албетте, аз болсо да, учурунда Алланын барлыгын четке каккан же Анын ордуна башка зат- тарды кудайлаштыргандар да чыккан.

Куран адам баласынан акылын колдонуп, ло-гикалык жактан ой толгоп, белгилүү далилдердин негизинде Алла Таалага ишенүү зарылчылыгын талап кылган. Ошондуктан анда адам баласынын ойунда бул багытта жарала турган суроолорго ба- сым жасалып, адамды толук кандуу канааттанды-ра турган жооптору кошо берилген.

Куран адам баласын жалгыз Аллага гана ишенүүгө чакырган. Бул жерде ал ата-энеси, айлана-чөйрөсүндөгүлөр ишенгендиги үчүн эмес, дал өзү акылын колдонуп, терең ой жүгүртүүнүн натыйжасында Алланын барлыгын акылы, жүрөгү менен туюп ишенүү керектигине басым жасалат. Ошондуктан Куран аяттарында Алла Тааланын барлыгына карата далилдер келти- рилген соң "акылыңарды колдонбойсуңарбы?", "ойлонбойсуңарбы?", "ой жүгүртпөйсүңөрбү?" деген суроолор менен адам баласы бул багытта ой жүгүртүүгө чакырылган.

Биз бул макалабызда Курандын дал ушул ча- кырыгына баш ийип, Алла Тааланын барлыгына карата бир катар далилдерди келтирүүгө аракет кылмакчыбыз.

Анда эмесе, ойлонуп көрөлүчү: Алла Таала барбы же жокпу? Алгач жок болгондугун элестете- ли. Бул учурда өзүбүз кошо айлана-чөйрөбүздөгү жандуу-жансыздардын бардыгы кантип жаралып калгандыгына жооп табышыбыз керек. Бүгүнкү күнгө чейин Алла Тааланын жоктугун жактап келген бир катар материалисттик көз караштагы адамдар ааламдын кантип жаралгандыгы, дүйнөдөгү сан миң жандуу-жансыздын кантип пайда болгондугу, аалам-дагы өтө жогорку чеберчилик менен түзүлгөн тар- типтин кандайча түзүлгөндүгү, көк асмандагы жүз миңдеген жылдыздардын, планеталардын ар бири өз огунан чыгып кетпей кантип айланып жүргөндүгү жана башка ушул сыяктуу темаларда өздөрүнүн түшүндүрмөлөрүн берүүгө аракет кылышкан. Бирок бул түшүндүрмөлөр өздөрүн да, көпчүлүктү да кана-аттандыра алган эмес. Себеби булардын өзгөчө басым жасаган маселеси – мынабул алп аалам баш болгон бүт нерсе, жандуу-жансыздын баары өзүнөн-өзү пай-да болгондугу. Тагыраак айтканда, булардын пики-ри боюнча, асман-жер жана андагы бардык жандуу-жансыз өзүнөн-өзү жаралган.

Ойлонуп көрөлү, көк асманда адам баласын аң-таң калтыра тургандай эң мыкты деңгээлде түзүлгөн тартиптин негизинен бир сантиметр дагы чыгып кетпей өз огунда айланып жүргөн жүз миңдеген планеталар, галлактикалар өзүнөн-өзү жаралган! Башка жандууларды мындай койо тура- лы да, алгач өзүбүздүн денебиздеги ажайып чебер-чилик, ар бири эң жогорку деңгээлде өз кызматын аткарган миллиондогон клеткалар, кан айлануу, нерв системалары, жүрөк, боор, ичеги-карын, өпкө органдары... жана булардын бири-бирине арка- жөлөк болуп, бири-бирине айкалыша өз кызмат-тарын аткарышы... айтоор, мына ушунун баары өзүнөн-өзү жаралып калган! Айлана-чөйрөбүздө күн сайын көрүп жүргөн нерселердин бардыгы өзүнөн-өзү пайда болгон!

Сиз буга ишенесизби? Ишенсеңиз, атактуу Чын-гыз Айтматов баш болгон миңдеген жазуучулар- дын, акындардын эмгектериндеги ариптердин дагы өзүнөн-өзү чогулуп олтуруп сөз болуп, андан соң китеп абалына келгендигин кабылдашыңыз кажет. Атагы алыска кеткен сүрөтчү Пикассо жана баш- ка миллиондогон сүрөтчүлөрдүн миллиондогон сүрөттөрүнүн өзүнөн-өзү тартылып калгандыгын да кабыл алышыңыз керек. Ак үйдүн пайдубалы, мармар таштары, кыштары, жыгачтары, мыктары, темирлери... айтоор, мына ушул курулуш каражат-тардын баары өзүнөн-өзү эле келип ак үйдүн имара- тын тургузгандыгын да кабылдоо зарылчылыгы туу- лат. Андай болсо, Бета Сторес, Рамстор, Народный жана башка ушул сыяктуу дүкөндөрдөгү тамак-аш азыктарынын, буюм-тайымдардын өзүнөн-өзү эле келип ошол текчелерге тизилип калгандыгына да ишенүүңүз зарыл...

Буга канчалык деңгээлде ишенүү мүмкүн эмес болсо, дал ошондой ааламдын, жаратылыштагы бак-дарактардын, өсүмдүктөрдүн, гүлдөрдүн, суу-лардын, жан-жаныбарлардын жана адамдардын да өзүнөн-өзү жаралып калгандыгына ишенүү ошончолук мүмкүн эмес!

Демек, Алла Тааланын жок болгондугуна ишенүү адам баласын чечилбес көйгөйлөргө, суроо-лорго дуушар кылат. Ал эми Алла Таалага ишенүү бизге мына ушул суроолордун бардыгына оң жооп берүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берет. Китептин авто- ру, сүрөттүн ээси, имараттын устасы болгондой эле, айлана-чөйрөбүздөгү бардык жандуу-жансыздын да Жаратуучусу бар, ал – Алла Таала!

Бул багытта Куран аяттарында Ибрахим пай- гамбардын окуясы мисал келтирилет. Ибрахим бала кезинде айлана-чөйрөсүнөн көргөн нерселер- дин ээси ким болгондугу жөнүндө ойлонуп, мунун жообун издей баштайт. Бул окуя Куран аяттарын- да төмөнкүчө баяндалат:

"Түн кирген кезде ал жаркылдаган жылдызды көрдү да: "Бул – менин кудайым" – деди. Ал (жыл- дыз) батып кеткенде, ал: "Өзгөрүп кетүүчүлөрдү сүйбөйм" – деди.

Айды көргөн кезде: "Менин кудайым ушул" –деди. Ал да батып кеткенде: "Эгерде Эгем мени Туура Жолго салбаса, мен анда адашкан коомдун катарында боломун" – деп айтты.

Чыгып келаткан Күндү көргөн кезде: "Менин кудайым ушул, Ал (баарынан) чоң" – деди. Ал да батып кеткенде: "О, эл-журт! Силер шерик кел- тирип жаткан нерселерден мен алысмын. Мен жүзүмдү асман-жерди жараткан Кудуретке бурдум. Мен Ага шерик келтирбейм" – деди" (Анаам сүрөсү, 76-79-аяттар).

Ибрахим пайгамбардын бул окуясы бүт нерсе- нин ээси болгондугуна, ошондой эле адам баласы акылы менен жаамы жандуу-жансыздын жаратуу- чусун, б.а., Алла Тааланы таба алышына жана жал- гыз Жараткан Алладан башка эч бир нерсе кудай боло албашына эң сонун мисал.

Адам баласы айлана-чөйрөсүндөгү нерсе- лер жөнүндө, ошондой эле жашоо, өмүр, өлүм, жок болуу сыяктуу нерселер тууралуу терең ойго чөмүлсө, дароо эле мына ушунун баарын жарат- кан Кудай Тааланы таба алат.

Көк асман, адамдын дене турпаты, өсүмдүктөр дүйнөсү, жан-жаныбарлар дүйнөсү, айтоор, эң кичинесинен эң алпына чейинки жандуу- жансыздар жөнүндө иликтөө жүргүзгөн эчендеген илимдүүлөр эң жогорку чеберчиликтин алдында Жалгыз Жаратканга ишенүүгө аргасыз болушкан.

Бул жерде дагы бир орчундуу маселеге кайры- ла кетсек; балким Кудай Таала жалгыз эместир. Ан- дай болсо бирден көп кудай болушу мүмкүнбү?

Куран байыркы перс диндери сыяктуу көптөгөн ишенимдердеги эки же андан көп ку- дайга ишенгендерге төмөнкүчө кайрылат: "Эгер- де асман-жерде Алладан башка кудайлар бол- гондо, анда баш аламандык чыкмак" (Анбия сүрөсү, 22-аят). Себеби ар бир кудай өз алдынча башкарууну каалап, бири экинчисине баш ийбей, ортолорунда жаңжал, согуш чыгаар эле. Мунун мисалдарын көп кудайга ишенген грек мифоло- гиясынан ачык-айкын көрсөк болот. Грек мифо- логиясында ар бир кудай өз алдынча иш жасоого умтулуп, кудайлардын ортосунда ар дайым со- гуш болуп турат. Асыресе, бир өлкөдө бирден көп башкаруучу, ажо же хан болсо, ал жерде сөзсүз түрдө баш аламандык чыкпай койбойт. Бул ба- гытта кыргыздын "эки кочкордун башы бир ка- занда кайнабайт" деген макалы да төгүн жерден айтылган эмес.

Эми бул маселени тастыктоочу, б.а., Алла Таа- ланын жалгыздыгын далилдеген ааламдагы окшош өзгөчөлүктөрдөн мисал келтирели. Маселен, адам баласына назар салсак, жөн учурларда ал абдан кичи пейил, сылык, ак көңүл, ал эми ачуулуу кезинде ан- дан өткөн зыянкеч, зөөкүр, наадан, заалым жок бо- луп калат. Ал жөн учурда жакшы иштерди жасап, үй-бүлөсүнө, айлана-чөйрөсүнө, эл-журтка пай- далуу болот. Ал эми ачуулуу адамдын эмне кылып жиберээри белгисиз. Балким, бирөөнүн өмүрүнө кол салаар, а балким өз жанын өзү кыйаар. Бир жа- ныбарды элестетели, мисалы жылкы.

Ал дагы жөн учурларда адамдардын ар кандай күнүмдүк оокат- тарын бүтүрүп алышына абдан пайдалуу, ал эми ачуусу чыгып, азоолонуп турган кезде, адамга кол салып, ага оор жаракат бериши мүмкүн. А балким анын өлүмүнө себепкер болоор. Эми аба ырайы- на назар салалы, аба ырайы ачык кезде айлана- чөйрөгө жылуулук чачып, жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн ирденип өнүгүп-өсүшүнө дем берүү менен өзүнчө кубаныч тартуулайт. Ал эми аба ырайы "ачууланган" кезде, тагырак айтканда, аба ырайы бузулуп, бороон-чапкын болгон кезде бак- дарактарды жыгып, үйлөрдүн чатырларын оодарып айлана-чөйрөгө чоң зыян алып келет. Ал эми суучу? Деңиз-көлдөр тынч болуп турган кезде кандай гана сонун! Жайкысын сууда сүзүп эс алууга, кайырмак салып балык кармоого, узун жолду кыскартып ар түрлүү оор жүктөрдү кеме менен алып өтүүгө жана башка ушул сыяктуу көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. А эгер деңиз "ачууланган" кезде үйдөй болгон алп толкундары менен жээкке жакын эмне болсо ошонун баарын оп тартып кетет. Ал эми топурак-жер мындан өзгөчөбү? Жок, анда да дал ушул өзгөчөлүктөр үстөм. Жөн учурларда жерге

Алла Таа-ы окшош лен, адам бдан кичи ан-жок бо-ди жасап, пай-не кылып өмүрүнө Бир жа-дагы жөн оокат-у, ал эми дамга кол А балким ырайы-айлана-арлардын, үнө дем . Ал эми канда, аба кезде бак-оодарып ми суучу? ндай гана кайырмак артып ар үүгө жана лүктөрдү зде үйдөй кын эмне . Ал эми да да дал да жерге эгин сээп, бак-дарактарды, ар кандай жашылча-өсүмдүктөрдү өстүрүп, анын түшүмүн алабыз. Жер "ачуусу келгенде" т.а., жер титиресе же көчкү жүрсө, үстүндө эмне болсо, жер менен жексен кылып, чоң апаат алып келет. От тынч күйгөн кезде бизге жылу-улук берип, аны менен тамак-ашыбызды бышырып, андан пайдаланабыз. Ал эми албырттап чоң жалын чыкса, айланасында эмне болсо ошонун баарын өрттөп, күлгө айлантат... Береги мисалдан байкалгандай, адамдын да, жан-жаныбарлардын да, суунун да, топурак-жердин да, от-жалындын да өзгөчөлүктөрү бирдей; жөн, тынч учурларында пайдалуу, ал эми "ачууланган" кездеринде пайдасыз, зыянкеч. Та-гыраак айтканда, бардык жандуу-жансыз бирдей өзгөчөлүктөр ме-нен жаратылган. Мына ушунун өзү алардын баарысын жалгыз Кудурет Күч жараткандыгын айгинелейт. Демек, адам баласын жарат-кан Кудурет жаныбарларды да, жаратылышты да, сууну да, то-пуракты да, отту да жараткан. Андан башка Жаратуучу жок. Ал жалгыз Кудурет.

Бул багытта Куранда төмөнкүчө буюрулат: "Айткын: Алла Жалгыз! Алла эч кимге муктаж эмес. Ал төрөгөн да, төрөлгөн да эмес! Ага эч ким теңдеш эмес!" (Их-лас сүрөсү, 1-4-аяттар).Жаамы жандуу-жансызды мына ушундай теңдешсиз чеберчилик менен жараткан Улуу Алла Таала кандай гана чексиз Кудурет! Январь - Февраль 2009 akbashat@yahoo.com

Башына